ОКШОШТУКПУ ЖЕ КОКУСТУКПУ…

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Жылдыздар турмушунан

«Супер-Инфонун» сүрөт-казынасы чоң экенин айтпасак да белгилүү болсо керек. Ошол архивде жылдыздардын бири-бирине окшош сүрөттөрү көп. Айрымдары чындап окшош болушса, кээ бирлери макияждын, чач жасалганын, балким, бир стилисттин айынан окшошуп калган сыяктуу.

Клара Алибекова менен Айжан Газиева окшош болушу толук мүмкүн эмес. Бирок экөөнү окшош деп айтууга кетирекей мурундары, чач жасалгалары түрткү болгон шекилдүү.

Тааныбаган адамдарга Айчүрөк Иманалиева менен Айгүл Чалованын бул сүрөттөрү бир тууган эже-сиңдидей эле ой калтырат. Тегерек беттерине, бакырайган көздөрүнө, үч бурчтук формасында терилген каштарына кошумча, макияж дагы себеп болгон сыяктуу.

«Тунгуч» театры менен таанылган Асылбек Өзүбеков менен Эгемберди Чалабаев өң-келбет жагынан гана эмес, көп жагынан окшош. Мисалы, экөө тең «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү. Баскан-тургандары, сүйлөгөндөрү да эгиздердей десек аша чаппайбыз. Жадакалса экөөнү айырмалай албаган күйөрмандары «бул Асылбек, жок, бул Эгемберди» деп чоң акчага мелдешкендерин да билебиз.

Колунан комузу, үстүнөн улуттук кийими түшпөгөн Аскат Мусабековдун турган турпаты кудум Сыймык Бейшекеев. Баралына келгенде Аскат азыркы Сыймык мырза болуп каларын айтпасам да сүрөттөн көрүп турасыз.

Ал эми “Дем” театрынын актёру Данияр Жанжигитов менен “Уурунун махабаты” тасмасында бандит жигиттин ролун аткарган Мирлан Абдуллаевдин окшош экендери чындык. Ал гана эмес, экөөнү айырмалай албагандар да бар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
26.11.2010. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок менен Айгул,
Данияр менен Дамир чынында окшош экен.
27.11.2010. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniyar menen Damir ekoo aiabai ele okshosh eken.
27.11.2010. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буга чейин байкаган эмес экенмин чындап эле окшош экен
27.11.2010. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгемберди Чалабаев менен Асылбек Озубеков аябай окшош экен,Асылбек агай кичине толугураак эле болбосо.
29.11.2010. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Эгемберди Чалабаев менен Асылбек Озубеков аябай окшош экен,дегеле баар эле бири-бирине окшошот.
29.11.2010. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men murun ele Asylbek baike m-n Egemberdi baikeni almashtyra ber4umun.
30.11.2010. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек байке менен Эгемберди байкенин окшоштугун коро алган жокмун.
03.12.2010. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлзинат Суранчиева менен Кубик кызы Айпери да түспөлдөшүп кетишет эээээ???
28.12.2010. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
данияр менен мирланды бир адам деп ойлочумун,эми билдим башка экенин:))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо