№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.
Бишкекте 1 тонна көмүрдүн баасы 3 миң сомго түштү. “Кыргыз көмүр” ишканасы 16-ноябрда тараткан маалыматка таянсак, Мурманская көчөсү, 1Б/1 дарегиндеги көмүр базасында көмүр аталган баада сатылып баштады. Бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана көмүр сатылары, бул чектөө 1-декабрдан кийин алынары айтылды. Башка аймактарда да көмүрдүн баасы жакын арада 3 миң сомго түшөрү белгиленет маалыматта. 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашоочулар менен жолугуп, анда көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшөт деп билдирген. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев көмүрдү ташып келүүгө министрлик өкмөттөн унааларды сураганын, буга байланыштуу бааны 3 миң сомго түшүрүү реалдуу экенин айткан эле. Көмүр жетиштүү экенин, аны ташып келүү көйгөй жаратып жатканын айтат Бекмурзаев.
Аталган даректе кардарлардын узун кезеги пайда болду (16-ноябрга карата). Бир адамга 1,5 тоннадан гана көмүр сатылууда.
Көмүрдү 3 миң сомдон сатуу реалдуу болсо, анда буга чейин бааны негизсиз кымбаттатып элди эзип келген деп кимдир бирөөлөр жазага тартылышы керекпи? Президент өзү айткан “көмүр мафиясы” жоопкерчилик тартабы?
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |