№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.
Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 4 кызматкери кылмышка шектелип жатат. УКМКнын маалыматына таянсак, аларга карата козголгон кылмыш иши учурда тергелүүдө.Кармалгандар жарандардын бирин кыйноого алган деп айыпталышууда. “Кыйноо фактысы далилденди” деп айтылат маалыматта.
12-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы жана 3 опер кызматкерине алардын кылмышка шектелип жатканы боюнча кабарлама жиберилди. Аларды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 мекемесине камакка алуу чечими чыккан. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |