№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.
Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев кезектеги беттешин Titan FC Лигасынын алкагында өткөрөт. Ал жеңил салмак ченинде тажикстандык Мухаммад Наимов менен кездешет. Titan FC 73 турнири 17-декабрда АКШнын Майами штатында орун алат. Спортчунун менеджери Асан Султанов эгер кыргыз мушкери бул кармашта жеңсе, UFC уюмуна жол ачылары мүмкүн экенин билдирген.
Кыргызстандык мушкер ушул жылдын 3-сентябрында Москва шаарында өткөн EMIR FC Global – 007 мелдешинин башкы беттешинде орусиялык Асланбек Каровду утуп, чемпиондук кур тагынган. Сатыбалдиев жалпысынан ММА спортунда 20 беттешке чыгып, 16 жеңишти камсыздаган.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |