Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САКАЛ-МУРУТ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.

Сакал-мурут өстүрүүнү – погонотрофия, аны изилдөөчү адамды – погонологист десе, сакал өстүрүүдөн коркууну – погонофобия деп аташат.

  • Көпчүлүк эркектер сакал-мурутту аялзатына өзүнүн жетилгенин жана күчүн көрсөтүү үчүн өстүрөрү далилденген.
  • Эң узун сакал Вашингтондун тарых музейинде сакталган. Анын узундугу 5,3 метр, ал норвегиялык Ханс Лангсетке таандык. Бул рекорд 1927-жылы катталган.
  • Сакал-мурут суукта жылуулук бере алат. Кытай окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, сакал-мурут бар жердеги температура ал жок жерге караганда жогору болору далилденген.
  • Сакал-мурут аллергиядан, бетке ар кандай так түшүүдөн сактайт. Анткени сакал-мурут мурун-ооз аркылуу кирип аллергияны чакыруучу чаңчаларды тосуп, терини күндүн ультра-кызгылт нурларынан коргойт.
  • Башка мезгилдерге караганда жайкысын сакал-мурут бат өсөт, анткени бул убакта организмде кан айлануу тездейт.
  • АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн өлкө башына келгиче сакал койгон эмес. Ал президенттикке талапкерлигин койгон учурда 12 жаштагы кыздан кат алган. Катта кыз сакал Линкольнду аялдардын алдында жагымдуураак көрсөтөрүн, алар ушундан улам добуш берүүгө жакындарын да үгүттөшү мүмкүн экенин кеңеш катары жазган. Чынында эле Линкольн жеңишке жетип, ошол учурдан тартып сакал коюп калгандыгы көпчүлүк маалымат булактарында жазылган.
  • Социологиялык сурамжылоо боюнча, сакал-муруттуу адамды көпчүлүк даражалуу, олуттуу адам деп элестетишет. Бирок “Форбстун” тизмесине катталган эң бай адамдардын 90 пайызы сакал-мурутсуз.
  • Сакал-муруттагы түктүн саны 30 миңге чейин жетип, айына 1-1,2 сантиметрге чейин өсөт. Эгер адам 70-80 жашка чейин жашап, өмүрүнүн аягына чейин кырбаса 7-8 метрге чейин өсүшү мүмкүн.
  • Байыркы Египетте фараондор жана алардын жардамчылары гана сакал өстүрүп жүрүшкөн. Бул алардын даражасы бийик экенинен кабар берген.
  • 17-кылымда Пётр I орус улутундагы эркектердин сакал-мурутун алып европалыктардай жүрүшүн каалап, сакал өстүргөндөргө 60 рублдан 600 рублга чейин салык киргизген.
  • Эркектерде эле эмес, кээ бир аялдарга да сакал-мурут өсөт. Алсак, америкалык аял Вивиан Уилердин сакалынын узундугу 28 сантиметрге жетип, Гиннесстин рекорддор китебине катталган.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
22.11.2021. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Илимпоздордун Изилдегени бир тыйын. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам мурун эле сакалдын пайдаларын айтып койгон
22.11.2021. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рублдан дейт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо