ПОПУЛЯРДУУ САЙТТАР

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Интернет – маалымат булагы. Космостон тартып жердин түпкүрүнө чейинки бардык тармак боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген көп сайттар бар. Биз популярдуу сайттар тууралуу кеп курмакчыбыз.

Google.com
Сайттын дарегиwww.google.com
Иштей баштаган убактысы – 1997-жыл, 15-сентябрь
Негиздөөчүлөрү –
Сергей Брин, Лэрри Пейж
Тиби
– маалымат издөөчү система
Маалымат берет – 191 тилде (2009-жылдын 15-октябрындагы көрсөткүч)

1996-жылы АКШдагы Стэнфорд университети­нин студенттери Сергей Брин менен Лэрри Пейж окууну жеңилдетүү максатында маалымат издөө системасын ойлоп табышып, аны «BackRub» деп аташат.Алар өздөрү жашаган жатакананын бөлмөсүн кеңсеге айландырып, ойлоп табуусун өнүктүрүү үчүн катуу ишке киришишет. Буга тажрыйбасы бар белгилүү «Yahoo!» издөө системасынын негиздөөчүсү Дэвид Фило жардам берет. Ошентип, 1998-жылы түптөлгөн издөө системасын «Google» деп аташат.
Эмне үчүн «google» (гуугл) дейсизби? «Google» деген сөз англис тилинен которгондо «10дун артынан ээрчиген 100 нөлү бар сан»дегенди билдирет. Минтип атоо маалыматты ошондой кенен масштабда табууга мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Учурда «Google» – дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу маалымат издөө системасы. Айына 40 миллиарддан ашуун адам өздөрү издеген суроолорго жооп ала алышат.
Учурда «Google Inc» корпорациясында 20 миңден ашуун кызматкер иштейт. Корпорация иштөөгө ыңгайлуу бардык шартты түзүп берген. Мисалы, кеңсенин ичинде кызматкерлер убакытты үнөмдөө үчүн ролик тээп жүрүшөт. Баса, негиздөөчү Брин дагы ушул күнгө чейин жумушка ролик тээп жүрөт. Кеңседе кызматкерлер үчүн бильярд, шахмат, үстөл үстүндө ойнолуучу хоккей да бар. Чарчап турган кызматкер атайын бөлмөгө барып уктап алса да болот. Алтургай кызматкерлерге жумушка үй жаныбарын алып келүүгө да уруксат. Жетекчилик «баланчанын итин көрсөң, демек, ээси жумушта экен деп сүйүнүп каласың» деп тамашалап калышат. Жетекчилик демекчи, негиздөөчүлөр Сергей Брин жана Лэрри Пейж дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында. «Форбс» журналынын акыркы маалыматы боюнча, негиздөөчүлөрдүн байлыгы 18,5 миллиард долларды түзөт.

НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨР ТУУРАЛУУ
Сергей Михайлович Брин 1973-жылы 21-августта, Москва шаарында төрөлгөн. Улуту – еврей. Сергей 6 жашка толгондо окумуштуу ата-энеси АКШга көчүп келишет. Ошондон тарта Американын жараны болуп калган. Учурда үй-бүлөлүү. Миллиардер 2007-жылы Анна аттуу селкиге үйлөнүп, 2008-жылы Бенжи аттуу уулдуу болгон.
Лэрри Пейж 1973-жылы 26-мартта, АКШнын Мичиган штатына караштуу Лансинг шаарында туулган.


Mail.ru
Сайттын дарегиwww.mail.ru
Иштей баштаган убактысы – 2001-жыл, 15-октябрь
Кожоюну
– “Mail.ru Group” компаниясы
Генералдык директору
– Дмитрий Гришин
Тиби – социалдык түйүн

«Mail.ru» жарык дүйнөгө эксперимент катары жаралган. 1998-жылы Питердеги «DataArt» америкалык программалар менен камсыз кылуучу компаниянын кызматкерлери белгилүү бир компанияга жаңы программа менен жабдылган веб-сервер ачып берүү сунушу менен кайрылышат. Ал даяр болгондо сынактан өткөрүү үчүн орусиялык колдонуучуларга сунушташат. Веб-серверди түзүүчүлөр аз убакыт ичинде популярдуу болуп чыга келген сайтка ээлик кылуу укугун заказ кылгандарга бербей коюшат.
Ал кезде «Mail.гu» эмес, «Port.ru» деп аталчу. 2001-жылдын 15-октябрында «Port.ru» жана «netBridge» орусиялык белгилүү интернет бренддер биригип, «Mail.ru» деген ат менен иштөөнү чечишкен.
2002-жылдын жаз мезгилинде «Mail.ru» сайтынын почта кызматында домен көбөйүп кеткенде катталууга жеңил болуш үчүн mail.ru дарегинен тышкары inbox.ru, bk.ru, list.ru. электрондук даректери киргизилген.
Учурда сөз болуп жаткан сайттын көп колдонуучулары үчүн «Mail.ru агент» (2003-жылы ачылган), «Менин дүйнөм» («Мой мир», 2007-жылы иш­тей баштаган) сыяктуу бө­лүм­дөр киргизилген. Аталган социал­дык түйүн, негизинен, атуул­дарга жакындарын, классташтарын, курсташтарын, тууган-туушкандарын, досторун табууга, алар менен тыгыз байланышууга шарт түзүп берет. Ал эми «Таанышуу» бөлүмү жалгыз бойлорго түгөй табууга көмөкчү болот.
«Менин дүйнөмдө» учурда 40 миллиондон ашык колдо-нуучу катталган. Бир күндө жок дегенде 300 миңге жакын адам сайттан колдонот.

СТАТИСТИКАДАН

  • «Менин дүйнөмдөн» 1 айда 32,5 миллион адам жаңы дос табат.
  • Бир күндө «Mail.ru» сайтына 15,6 миллионго жакын колдонуучу кирет. Анын 11,6 миллиондон ашыгы агент кызматын колдонот.
  • 2000-жылдын февралында «Mail.ru» сайтына катталгандардын саны миллионго жетип, сайт «Гиннес рекорддор китебине» кирген.
  • 2005-жылы колдонуучулардын саны 30 миллиондон ашкан.
  • 2008-жылдагы маалыматка караганда, компанияга 74,6 миллион доллар түшүп, таза кирешеси 34,3 миллион доллар болгон.


Yandex.ru
Сайттын дарегиwww.yandex.ru
Иштей баштаган убактысы – 1997-жыл, 23-сентябрь
Жетекчиси
– Аркадий Волож
Тиби
– маалымат издөөчү система
Маалымат берет – 6 тилде: орус, англис, белорус, татар, украин, казак

«Яндекс» – дүйнө жүзүндөгү эң чоң маалымат издөөчү сайттардын жетинчиси деп саналат. Башкы кеңсеси Москва шаарында орун алган. Мындан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Одесса, Симферополь жана Киев шаарларында атайын кеңселери бар. 2008-жылы АКШ­нын Калифорния штатына «Yandex Labs» деген аталышта филиал ачышкан. Сайтты ачуу идеясы башкы директор Аркадий Воложго таандык. Идея 1993-жылы жаралган. Бирок материалдык жактан аксап, ишке ашыра албай келген. 1997-жылы пул табылган көрүнөт, айтор, долбоорун кылдаттык менен иштеп чыгып, расмий түрдө ачык деп жарыялаган. Сайттын негизги өзгөчөлүгү – андагы маалыматтар изилденип, тастыкталып, анан киргизилгени.
«Яндекс» деген аталышка ар кандай түшүндүрмө берсе болот. Мисалы, «Yet another indexer» («Дагы бир индексатор») же «Языковой iNDEX» («Тил индекси»).
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча, компания 278 миллион доллар таза киреше ала алган. Бир жылдан бери сайт 30 түрдүү тейлөө кызматын сунуштап келет. Алардын эң популярдуусу делип, «Сүрөттөр», «Почта», «Аба ырайы», «Жаңылыктар» бөлүмдөрү саналат.
Учурда «Яндекс» компаниясынын 2000ден ашуун кызматкери «Баары табылат!» («Найдётся всё!») деген ураан менен эмгектенишет.

НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ
Аркадий Юрьевич Волож 1964-жылы 11-февралда, Казакстандын Атырау шаарында туулган. Кесиби боюнча математика мугалими. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.


Yahoo.com
Сайттын дарегиwww.yahoo.com
Иштей баштаган убактысы – 1995-жыл
Орун алган жери
– АКШ, Калифорния штаты, Саннивейл шаары
Негиздөөчүлөрү
– Дэвид Файло, Жерри Янг
Тиби – коомдук компания

«Yahoo!» – маалымат издөө системасы дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу сайттардын бири. АКШдагы Стэнфорд университетинин аспиранттары Дэвид Файло жана Жерри Янг веб-сайт түзүүнү туура көрүп, анын үстүндө иш жүргүзүшөт.
1994-жылы январь айында иштеринин өтөсүнө чыгып, «Жол көрсөтүүчү» деп аталган веб-сайт ачышат. Бирок аталыш негиздөөчүлөргө жага бербей, «Yahoo!» деп өзгөртүшөт. Бул сөздүн бир нече түшүндүрмөсү бар:
Биринчиси «Жонатан Свифтин «Гулливердин саякаты» аттуу китебиндеги «йеху, йеху!» деген сөздөн алынып, «тарбия көрбөгөн» деген маанини берет.
Экинчи түшүндүрмөсүндө «Yahoo!» аталышы япон тилинен алынганы айтылат. Которулганда «салам» дегенди түшүндүрөт.
XX кылымдын 90-жылдарынан тарта «MSN», «Lycos», «Excite» жана «Yahoo!» аттуу маалымат сайттары бирдей деңгээлде өсүп бараткандыгы байкалат. Ошондо «Yahoo!» сайтынын ээлери кандайдыр бир өзгөчөлүк киргизип, алдыга озуп чыгууну көздөшөт. Ошентип, 1997-жылдын 8-мартында «RocketMail» деп аталган бекер почталык тейлөө ойлоп табышат. Ошондон улам учурдагы «Yahoo! Mail» тейлөөсү пайда болгон. Андан кийин «Yahoo! Games» деп аталган түрдүү оюндар бөлүмү жаралат. Булардын баары жаңычылдык болгондуктан, колдонуучулар көбөйүп, рейтинги өсөт.
Сайт англис тилинде кызмат кылганына карабастан, башка улуттун англис тилин билгендеринин баары ушул сайтты көп колдонушат. Анткени анын базасында көптөгөн маалымат камтылган. Мисалы, белгилүү бир инсандын сүрөтүн издеген болсоң, башка сайттарга салыштырмалуу жаңыларын тез арада табуу мүмкүн. Бул, албетте, оперативдүү иштеп жаткан кызматкерлердин эмгеги. Кызматкерлер демекчи, аталган компанияда 15 миңден ашуун адам эмгектенет.
Компаниянын 2010-жылга карата кирешеси 1,575 миллиард долларды түздү.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
26.11.2010. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен google.ru анан mail.ru эн коп колдон сайттым. Google.ruдан каалаган маалыматынды табасын жана ала аласын.Ал эми Видео коруу учун you tubе сайтын колдоном .
26.11.2010. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да google.ru сайтын абдан коп колдоном , и конечно mail.ru а как же без этого бул жашообуздун бир болугу болуп калды окшойт.
26.11.2010. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da google jagat. baardyk maamylatty alsa bolot. byl menin okuuma choon jardam berip jatat. oshondyktan kitepkanaga bargan okuuchylardyn sany azaiyp jatsa kerek
26.11.2010. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da bez googla ne kuda, no k sojaleniyu vse informasii ne dostovernie
27.11.2010. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа... мен дагы кобунчо mail.ru колдоном себеби ынгайлуу...иногда фейсбук..мсн ди колдоном...
27.11.2010. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир күндө «Mail.ru» сайтына 11,6 миллионго жакын колдонуучу кирет. Анын 15,6 миллиондон ашыгы агент кызматын колдонот.
Toobo, bul emne degen statistika? 4 mln adam agentke kayaktan kirip jatat?
27.11.2010. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Duino juzundo en populyarduu saittar facebook.com, youtube.com, wikipedia.org
27.11.2010. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ay kaydagi Yandex/// En populyarduu site buL FACEBOOK... 1 ele Lady Gaganin suyuuchuloru bul site ta 13 million bolup jatsa.. elelstete bergile kancha kishi koldonot FACEBOOKTU...
27.11.2010. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jerde Kyrgyztan jana orus tilduu olkolorgo kop bailanyshtuu bolgon statistika berilgen.Facebook jonundo film chykpadyby jakynda "Social Network" degen...
27.11.2010. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vkontakte.ru bul en jakshy socialdyk sait
27.11.2010. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FACEBOOK ал социальный сайт. Рейтинг боюнча GOOGLE турат биринчиде! FACEBOOK 6-чы местада. vkontake.ru алар дагы жаны сайттар... Бирок колдонуучулары коп.. ал туура. FACEBOOK деле ошондой. facebook менен vkontakteни билбегендер толтура! GOOGLE менен mail.ru жаны томондогу сайттардын кобун элдер билет.
27.11.2010. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Если тебя нету в GOOGLE то тебя нету вообще" деген соз бар эмеспи =)
28.11.2010. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
googledun kyrgyz4asyn bashky betke koysonor bolmok,orus4asyn koyboy.
29.11.2010. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul infomaciyany kaydan kotorup algansynar????
birinchi orunda azyrky uchurda WWW.FACEBOOK.COM bolup sanalat.
29.11.2010. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BlackandWhite, маалымат такталды.
29.11.2010. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык сайттар эн мыкты эмнени болсо да издеп табасын рахмат ушул нерсени ойлоп иштеп таап чыккан адамдар малодец
29.11.2010. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mail.ru, google самые лучшие
29.11.2010. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jatka facebooktu onutup koyuptursunar
30.11.2010. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a Facebook kayda kaldy?
25.07.2011. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin super.kg saitun unutup koydunarbu! En,g jakshu sayt super,kg alga kyrgyzstan!Bizdin super.kg saitun unutup koydunarbu! En,g jakshu sayt super,kg alga kyrgyzstan!
08.06.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
08.06.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты сайттар негизинен эле
08.06.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бири биринен отот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо