Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭРКЕКТЕГИ 7 ТИП

№990 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.

Дээрлик бардык аялзаты татыктуу мырза менен гармониялуу мамиледе болууну каалайт. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, алардын көбү андай мамилеге даяр эмес, бул алардын негизги катасы дешет психологдор. Эгерде сизге дайыма гүл бербеген, кам көрбөгөн жана баатырлардай коргобогон эркектер туш келип жатса анда “мен эмнеден жаздым?” деп ойлонушуңуз керек. Анткени сиз мырзаңыздагы керектүү ролду ойготконду билбей жатасыз. Эмне үчүн каалагандай мамиле кура албай жатканыңызды түшүнүү үчүн эркектин ичиндеги 7 типти билип алууңуз керек.

Орангутан

Мындай типтеги эркекке тиешелүү образды 4 сөз менен сыпаттаса болот: тамактануу, уктоо, жыныстык катнашта болуу жана коргонуу. Эркектин кесиби агрессивдүү болсо, мисалы, милицияда иштесе, организминде тестостерону көп болсо, анда "орангутан" жүзү көп байкалат. Анын жашоосунун көп бөлүгүн кыздар, ичимдик түзөт, мушташууга жакын болушат. Диванда сыра ичип, футбол же сериал көргөндү жактырышат.

Күлкүчү

Экинчи тиби – тентек, шок бала. Ал шапар тээп, көңүл ачууну каалайт. “Күлкүчү” кубаныч жана жагымдуу эмоцияларды тартуулайт. Жаш баладай чуркап, секирип ойногонду, саякаттаганды самайт. Аялдарды шылдыңдап, каткырганды жакшы көрүшөт. Эгер мырза шакабага алып, шылдыңдап баштаса эркек “күлкүчү” типке кирерин билсеңиз болот.

Асан кайгы

Бул типтеги мырзалар наалыган чалдарга окшош болушат. Алар үчүн өкмөт жаман, жаштар кепке келбейт, айлык аз. Мындай эркектер сиз менен кайгырып, чын жүрөктөн сүйлөшө алат. Бирок бир нерсе кылышы күмөн, бул үчүн күчтүү "орангутанды" ойготуш керек.

Романтик же баатыр

Бул көпчүлүк аялдар каалаган тип. Алар романтик, активдүү, кызыктуу, бир аз жоопкерчиликсиз жана тобокелчил болушат. Баатыр сизди сүйүп калса ажыдаар менен күрөшүүгө даяр.

Бойго жеткен

“Бойго жеткен” мырза акыл-эстүү, тыкан, токтоо, чечимдерди таразалап кабыл алат. Ал “бул атыр кымбат экен, бул ысырапкорчулук” десе, “ата” болсо “бул атырды кааласаң сатып берем” дейт. Бирок “бойго жеткен” эркек сараң эмес, эсепчил, үнөмчүл. Ал сени укканды билет, бирок “асан кайгы” сыяктуу чогуу кайгыруу үчүн эмес, чыр-чатакты чечүү үчүн. Ал мамилени туура куруунун үстүндө иштейт.

“Бойго жеткени” – бул сахнадагы режиссёр, калгандары актёрлор. Алардын баары сахнага чыгууну каалашат, бирок режиссёр азыр кайсы актёр чыгыш керектигин чечет.

Мисалы, сүйүктүүсү “мен чарчадым, жумуш көп” десе актёрлордун баары сахнага шашышат. “Асан кайгы” “азыр ага мен керекмин, кошо ыйлап, кайгыра алам” дейт. “Күлкүчү” “бул болбогон эле нерсе, ага ыйлабаш керек. Андан көрө киного барып көңүл ачсак жакшы болмок” десе, “жинди чалыш” да сахнага чыккысы келип “бул эмне көз жашын төгүп жатат? Иштебейби!” дейт. Ал эми “орангутан” эмне болуп жатканын такыр түшүнбөй, “эмне үчүн эч нерсе кылбай отурат? Тамак бербейби” дейт. “Бойго жеткени” көбүрөөк активдүү болсо “баарыңар күтө тургула, азыр ага “баатыр” же “ата” керек. Калганыңар тынч отургула!” деп сахнага ашыккан актёрлорду тыйып коёт. Ошондо “ата” чыгып “сүйүктүүм, кыйналдыңбы? Келчи, кучактайын! Эмне каалайсың? Балмуздак же пицца? Сериал көрөлүбү? Чай алып келейинби?” деп соорото алат.

Ата

Аялдар эркектин бул тибин жакшы көрүшөт. Сабырдуу, камкор, кунт коюп угат, күчтүү, дайыма акчасы бар. Ханбийкесин бөпөлөп, дайыма байланышып турат. Ал “кичинекейим, сени сагындым. Даамдуу тамак ала барайынбы? Шуба сатып берейинби?” дейт. Ушундай эркектерди жактырган аялдар атанын мээримин каалагандар. Андай кыздар бала кезинде атасынан албай калган мээримдин ордун толтурууну көздөшөт.

Жинди чалыш

Булар ачуулуу, гипер-жоопкерчиликтүү, сынчыл, башкарууга жана манипуляцияга жакын болушат. Сизге “өзүңдү колуңа ал! Мен сага эмне дедим? Кайсы акмак психологдорду окуп жатасың? Мени гана ук, мен баарын билем! Ашканада отур, балдарды тарбияла!” деген сөздөрдү айтуусу мүмкүн. Бирок иш жүзүнө келгенде “жинди чалыш” эч нерсе кылбайт. Сөзү менен гана билерман болуп баарын жасай алат.

Эркектердин ички дүйнөсүндө жогорудагы бардык типтерге таандык мүнөз, образдар, башкача айтканда, “жүздөр” болот жана жашайт. Бирок алардын жашоо образынан, чөйрөсүнөн, тарбиясынан жана башкалардын таасиринен улам бир “жүзү” өсүп кетет. Сиз мээрим, кылык, кам көрүү жана башка мамиле-аракетиңиз менен сизге керектүүсүн өстүрүп ала аласыз.

Тең салмактуулук

Бардык "жүздөр" өз жолу менен керек. Бирок эркек үчүн идеалдуу формула төмөнкүдөй:

• 40 пайыз– "Бойго жеткен"

• 20 пайыз– "Романтик"

• 20 пайыз – "Ата"

• 10 пайыз – "Күлкүчү"

• 5 пайыз – "Орангутан"

• 5 пайыз– "Жинди чалыш"

• 1 пайыз – "Асан кайгы"

Динара Абдыкадырова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(3)
01.12.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ващще туура эмес, даже не факт.
03.12.2021. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо нормальный эркек жокпу?
06.12.2021. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек зарплата алган куну жакшы, калган куну орангутан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо