№991 3-9-декабрь, 2021-ж
Франциялык ПСЖ клубунун оюнчусу Лионель Месси 7-ирет "Алтын топ" сыйлыгын жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи 29-ноябрда Францияда болуп өттү. Аталган сыйлыкка талапкер катары 7 футболчу озуп чыккан. Алар: Лионель Месси, Роберт Левандовский, Жоржиньо, Карим Бензема, Мохаммед Салах, Криштиану Роналду, Н`Голо Канте.
Белгилей кетсек, көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү “Алтын топту” Месси эмес, Роберт Левандовский алыш керек эле, ал сезондо мыкты оюн көрсөткөн” деп нааразы болушкан. Мындан улам эксперттер Левандовский 2020-жылдагы пандемияга байланыштуу берилбей калган “Алтын топту” алышы мүмкүн экенин айтууда.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |