Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗ ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕН АДАМДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮН АЙЫЛДАН КУУП ЧЫГЫШТЫ

№992 10-16-декабрь, 2021-ж

5-декабрь күнү Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 16 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Көп өтпөй айыл эли чогулуп шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан кууп чыгышты. Окуянын чоо-жайын териштирүү максатында Кызыл-Туу айылына барып, жабырлануучу тарап менен кылмышка шектелген тараптын жакындарынын пикирлерин угуп кайттык.

“СИҢДИМ БЕЙЧЕКИ БАСПАГАН, ТАРТИПТҮҮ КЫЗ”

Нурия Жусуева, жабырлануучунун эжеси:

– Мен ушул үйдө карыган ата-энем, иним, анын келинчеги, эки баласы болуп чогуу жашайбыз. Өзүм 1-топтогу майыпмын. 30 жылдан бери майыптар арабасы менен жан сактап келем. Зордукталды деген сиңдим Жамийла (ред.: белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) менин эң кичүү инимдин кызы. Инимдин ал кызынан тышкары 1 уулу бар. Жамийла 9-класска чейин мектепте окуп, андан соң орто окуу жайда ашпозчулук кесипте окуду. 3 айдан бери шаардагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеп жаткан. Сиңдим жоош, боорукер, кыздар менен шыңкылдашып сүйлөшпөгөн, бейчеки баспаган, тартиптүү кыз. Курдаштары менен кечелерге да барчу эмес. Катуу тартипте өстү, мектептеги классташтары сиңдимдин ушул тарбиясын жактырышчу. Тың болгондуктан окуусунан практикага барганда ошол ресторан жумушка алып калган.

4-декабрь күнү мен сиңдиме СМС-кат жазып “үйгө келип кетчи” деп чакырдым. Кечинде “эшик суук, туман экен” деп саат 20:00дөрдө такси менен келиптир. “Эртең менен таң атпай ишиме кетишим керек” деген болчу. Ошого эртеси таңкы беш жарымда ойготтум. Чай ичип алып болжол менен 6га 10 мүнөт калганда үйдөн чыгып кетти. Эшик караңгы, таң ата элек болчу. Бир аздан кийин “автобус бар бекен?” деп жазып жибердим. Сиңдим жооп берген жок. Намаз окуп бүтсөм, сиңдимден “Эже” деген СМС келиптир. “Эмне болду?!” деп жаздым, жооп болгон жок. Санаам тынчыбай чалсам, ага да жооп берген жок.

“МУРДУ, ООЗУ КАНАПТЫР, ФУТБОЛКАСЫ ДА КАН БОЛУПТУР”

– Окуя мындай болуптур. Сиңдим эртең менен үйдөн чыгып аялдамага барганда тоо жактан такси келет. “Шаарга барасызбы?” деп сураса айдоочу “ооба, сен Азаттын кызысыңбы?” деп атасынын, чоң атасынын да атын айтыптыр. Сиңдим буга чейин айылдаш таксисттер менен келип-кетип эле жүрчү. Чоң атамды, атамды тааныса биздин айылдын эле кишиси экен деп унаага отурат. Шектүү биздин көчөдө, бизден 6-7 үй ылдый жашайт болчу. Жолдо баратып Токбай айылынан тоо жакка бурулуп дамба жакка айдаптыр, “бирөөнү алып алыш керек” деп айткан окшойт. Ошол жакка алпарып сиңдимди зордуктаганга аракет кылган. Сиңдим унаанын эшигин ачып качмакчы болгондо күрмөсүнөн тартып сүйрөп келип эки жолу унаасына отургузуптур. Бетине уруптур, таш менен да уруп “мен буга чейин эки жолу адам өлтүргөм, сени да өлтүрүп коём” деп коркутуптур. “Кыйкырба” деп оозун басып тумчуктурганда сиңдим тиштеп алган окшойт, оозуна урган экен, сиңдимдин астыңкы тиши түбү менен жулунуп кетиптир. Унаадан эмес, сырттан зордуктаган окшойт, мен өзүм так, даана сурай албай жатам эмне кылганын. Анткени сиңдимдин психикалык абалы оор, окуяны эстетип абалын оорлотпойлу деп жатабыз. Тизеси, колдору сыйрылган. Мурду, оозу канаптыр, футболкасы да кан болуптур. Айтор, ошол учурда ошол жактагы сарайда жашаган кемпир даарат алганы чыкканда сиңдим ага карай чуркаган экен, кемпир аны үйүнө киргизип бети-башын жууптур. Кылмышкер дароо качып кеткен. Сиңдим “мени таенемдикине алпаргыла, апамдын кан басымы бар, укпасын” дегенде ал кишилер таенесиникине алпарышкан. Таенеси деле биздин айылда жашайт. Кийин иним угуп, ыйлап-сыктап кызын ооруканага алып кетишкен.

“КЫЛМЫШКЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ АЙЫЛДАН КӨЧҮП КЕТСИН”

– Биз ал зөөкүрдүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишин талап кылабыз. Ал акмак буга чейин да айылда эки келинди зордуктап, жоопкерчиликке тартылбай кутулуп кеткен деп айтып жатышат. Биринчисинде жабырлануучуга үй алып берип, экинчисинде түрмөдө 5 ай отуруп, акча берип чыгып кеткен дешти.

Мал уурулук кылып кармалган окуяларын айылдаштар айтышты. Ошондуктан бул биздин гана эмес, айыл элинин талабы. Туугандары кечирим сурап келгенде үйгө киргизбей койдук. “Унаабызды берели” деди, бизге эмне кереги бар алардын арам жол менен тапкан унаасынын?!

“НЕБЕРЕМ КЫЛМЫШ КЫЛЫП КАМАЛЫП ОТУРАТ, БИЗДЕ ЭМНЕ КҮНӨӨ?!”

Окуя боюнча экинчи тараптын пикирин угуу максатында шектүүнүн үйүнө барсак, алар буюмдарын унаага жүктөп көчүп жатышыптыр. Алардын да пикирин угуп көрдүк.

Булбүбү Сарбашева, шектүүнүн чоң энеси:

– Мен шектүүнүн чоң энеси болом, жашым 88де. Үйдө балам, келиним, кылмышка шектелип жаткан неберем, анын келинчеги, 4 баласы болуп жашачубуз. Ушул айылга 1950-жылы көчүп келгем, мен теңдүү аксакалдардын көзү өтүп кетти. Колхоздо өмүр бою иштедим. 40тай небере-чөбүрөм бар. Эми үйүм жок кыштын күнү талаада калдым.

Неберем кылмыш кылса, менде эмне күнөө? Мына бул кичинекей чиедей балдар менен кышкы суукта каякка барабыз, ботом, бизде адилеттүүлүк барбы? Качан кылмыш кылган баласы үчүн ата-энеси жооп берчү эле? Менин баламды кечирип коюусун эл-журттан сурайм (ыйлап). Биз балабызды актаган жокпуз, кылмыш кылса соттолсун, камалсын. Айыл элине “өзүбүз алып келип колуңарга салып берели” дедик, болушкан жок. “Көчүп кеткиле, кетпесеңер үйүңөр менен кошо өрттөйбүз” деп жатышат. Милицияга рахмат, эки күндөн бери бизди кайтарып отурушат. Бүгүн минтип оокаттарыбызды жыйнап көчүп кетип жатабыз. Ушул үйдү неберем өзү салды эле, ушул айылда жаштыгым өттү эле, ичим ачышат.

Кыз тарапка эч нерсе дей албайбыз, алар кызынын тагдырына күйүп, ачуу үстүндө турушат. Бирок алардын ыйын кээ бир айылдык балдар колдонуп чагымчылдык кылууда. Менин неберем жайында элдин малинасын чогултуп Казакстанга өткөрчү, айыл элин бакчу. Ошону көрө албаган атаандаштары бар, “4 жылда чоң үй салды, унаа алды” деп ичи күйгөндөр бар. Ошолор бул окуяны пайдаланып жабырлануучу тараптын чырагына май тамызып жатышат. “Жаштар коому” деген 5-6 жаш бала бар, аксакалдарга, айыл өкмөтүнө деле баш бербейт. Неберем кылмыш болгон күнү достору менен түнү бою спирт ичимдигин ичип, эртең менен үйгө келе жатканда ушул окуя болуптур. Сурасак, “эч нерсе билбейм, эсимде жок” деди. Биз 18-кылымда жашап жаткан жокпуз го, тиешелүү органдар бул маселени мыйзам чегинде карап беришин суранабыз.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
13.12.2021. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Небереси кылмыш кылса, зөөкүрлүк кылса аны көрө албайтат, чоң үй салганын деген чоң энеси деле акылсыздык. Баары үй бүлөдөгү тарбиядан башталат. Демек ал небереси кичинесинен мээрим көрбөй, тарбия жетишсиз болуп калган. Ушунча кылмыш кылып жүрсө.уйун берип, акчасын берип чыгартып алган аларда деле күнөө бар экен да. Туура кылат кууп чыгышып. Башкаларга сабак болоттур.
13.12.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акча берип кутулуп уйронуп калган да, мынасын деле акча менен бутуром деп женил ойлуулук кылган.
14.12.2021. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зордуктагандарды бычып салып эн кыйын жумуштарга салыш керек.
15.12.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коро албайт дегени эмнеси, чон эне ушундай соз айтабы. Айылдын жаштары коро албай жаш кызды зордукта, саба дептирби, тооба
15.12.2021. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон энесинин кичиненкей да акылы жок экен
.
15.12.2021. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спирт ичимдиги жакшы жолго алып барбайт! Спирт ичимдиктерин ичип чогуп олгон бар, тонуп олгон бар, ооруп олгондор бар ошолор мисал болуп атса да адамдар кантип ачуу аракка жармаша берет такыр тушунбоймун! Кыргызстанда эмне арзан спирт ичимдиги арзан каалаганы барып ала берет! Арак сенин тубуно жетет деп айтып калчу мурун. Арак канча деген уй булоону бузган! Ичимдик азайса жаштар спортко кызыгуусу ашат. Дагестанды кара Россиянын спорт чеберинин баары ошол жактан чыгат!
15.12.2021. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл айтса калп айтпайт дешетго балким айыл эли кууп чыкканчалык денгээлге жеткиришкенго.
16.12.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айылдан кууп чыкканы мыйзамсыз!Биз конститутциясы бар,мыйзамы бар олкодо жашайбыз Афганистанда эмес!Ошону унутпагыла туугандар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо