ПЛАГИАТ ЖЕ БУЛ КАЙРЫКТЫ КАЙДАН УКТУМ ЭЛЕ?

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Кыргыз шоу дүйнөсү

Плагиат (латын тилинен которгондо “plagio” – “уурдоо” дегенди түшүндүрөт) – бирөөнүн чыгармасын же анын бир бөлүгүн өзүнүкү кылып уурдап алуу же бастырып чыгаруу.
Автордун ойлоп табуусун, эмгегин уурдоо илимде, адабиятта, искусстводо кеңири кездешет. Орусиянын бир канча сайттарында музыкалык плагиат тууралуу талкуулар уюштурулуп, мен-мен деген орус ырчылары чет эл жылдыздарынын ырларынын сөзү, обонун уурдап алганы тууралуу айдан ачык жазылып келет. Ыр которуу, обон уурдоо боюнча кыргыз ырчылары да кем калышпайт.

“Кыз-Бурак”, “Кайрылып кел” –
Амр Диаб, “We Malo”
Белгилүү бир аранжировкачынын “кыргыз ырчыларынын көп ырларынын обону башкага таандык. Анан карасаң эле сөзү, обону биздики болуп чыга келет” дегенинде чындык бар окшойт дедик. Себебин мисирлик ырчы Амр Диабдын “We Malo” аттуу ырын тыңдаган адам айттырбай түшүнөт. Бизге кайдагы Амрдын “оригиналын” уккандан көрө, “Кыз-Бурактын” ырын уккан маанилүү окшойт.

Динара Акулова, “Кусалык” –
“Арнау” тобу, “Егиз лебиз”
Жакында “Сезим” радиосунан “келчи жаныма” деген саптары бар ырды угуп калдым. Үнүнөн Динара Акулова эжебиз ырдап жатканын тааныдым. Анан аталган радионун ди-джейинен сурасам, “ооба, ал ырды Динара эже ырдайт. Ырдын аты “Кусалык” деди. Биз бул ырды казактардын “Арнау” тобу “келши жаныма, ке-ел” деп казакча ырдаганынан улам жакшы билчү элек да. “Ошондо биздин ырды алар которгонбу же биз алардан алдыкпы?” деп дале таң калып турган чагыбыз.

Бекчоро, “Ай чырай”–
Жэй Шон, “I won't tell”
Бекчоро “Ай чырай” аттуу ырына Алматыдан казактын бийчи кыздарын чакыртып, заманбап клип тарткан эле. Бекчоро бул ырынын обонун “50 пайызы меники, 50 пайызы Жэй Шондуку” деп жүрөт. Бизге эмне, экөөнүн ырдаганын тең угуп коё беребиз. Анан, албетте, кыргыз тилинде, кыргыз кыздарга арналган обон жүрөккө жакыныраак.

Самат Дөөлөтбаков, “Ишенүү” –
Жэй Шон, “Ride It”
Самат Түркияда жүргөндө мекенин сагынып чыгарган бул ыры коомчулук арасында бир дүң болду. “Качан кыргыз жан жерим деп ырдачу эле?” дегендерге Самат да өз жообун берип бүттү окшойт. Бирок бизди ойго салып турганы ырдын мааниси эмес, обону болуп жатпайбы. Жэй Шондун Ride It ырынын обону менен Саматтын Ишенүүсү өтө эле дал келет. Дегеле ушул которулган ырлар боюнча маалымат жыйнап жатып, Саматтын көп ырларынын обону «четтен келгенин» байкадык.

ЭМИ КОРЕЙ ЫРЛАРЫНА ӨТТҮКПҮ?
Санай келсек, көп эле аткаруучулардын ырларынын обондору казакчага барып такалат экен. Анысы го мейли, учурда белгилүү болуп жаткан корей тасмаларынын баары ыр менен коштолот эмеспи. Корей тасмаларынын музыкасынан алып ыр жаратууну ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаев баштап берген өңдүү. Чыңгыздын “Кыш сонатасы” аттуу корей сериалында жаңырган ырдын обонун алып ырдаган ыры бар. Жакында эле дагы бир телеканалдан Зарина Хасанованын ыры жаңыра баштады. Заринанын бул ырынын обону менен корейлердин “Мыкты жигиттер” тасмасындагы ырдын обону дал келүүдө.
Анан да Жанэл деген ырчынын “Кайрыл­байсың” аттуу ырын да биздин сайттын форумчулары корей ырынан алынганын жазышууда. Айта берсек, мындай дал келүүчүлүк көбөйүп кетчүдөй.

БӨТӨН ЖЕРДЕ, БӨТӨН ТИЛДЕ ЖАҢЫРГАН БИЗДИН ЫРЛАР
Медалдын эки тарабы болгондой эле, биздикилер гана которбостон, коңшу өлкө ырчылары деле биздин ырларды которуп ырдап жүрүшөт. Мисалга алсак, “Инсан” тобунун “Арманым”, Ибрагим Жунусовдун “Эламан”, Мирбек Атабековдун “Сени гана”, обончу Жумашбек Касымбековдун “Кызыл гүл” ырларынын өзбек тилинде жаңырганын угуп калып жүрөбүз. Мындан сырткары казакчага которулган ырлардын арасында Чубак Сатаевдин “Арман ай”, “Кара көз” ырлары, сөзү А.Исаевге, обону С.Жумалиевге таандык “Таң сыры”, Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Кыргызстаным”, “Күндөр жаңырат” ырларын кошууга болот. Жаштардын сүймөнчүк ырчысы, Кыргызстандагы эң жаш аранжировкачы Ильяз Абдыразаковдун “Лейли”, “Апакебай”, “Жаным ай”, “Азап” аттуу ырлары бүгүнкү күндө казак жергесинде мегахиттердин катарын толуктайт десек жаңылбайбыз.

СӨЗ СОҢУНДА...
Бир ыр экинчи бир ырга 7 нотасынан бери окшошуп калса, музыкалык плагиат делинет. Биздин ырчылар жогорудагы ырлардын баарын эле обонун уурдап, өздөрү мээнет кылбаган дегенден алыспыз. Албетте, кыргызчага түзмө-түз которбосо да, маанисин таптакыр өзгөртүп сөз жазып, аранжировка жасап аракет кылышты. Эң негизгиси, кыргыз калкы обону которулганбы, башкабы, ага карабай кабыл алышууда. Ырчылардын утушу мына ушунда. Ошентсе да кыргызга таандык ырлар көп жаралса деген тилегибизди билдиребиз.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
26.11.2010. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялсак болмок! Кыргыз эстрадасынын эн жакшы ырлары которулган турбайбы!
26.11.2010. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир концертте Борончуну корей тасмасындагы саунтректи кыргызча ырдаганын укканмын , биринчи шок болгонмун ,азыр мага жанылык деле болгон жок .
26.11.2010. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу бироонун ырын уудаганынарды токтоткулачы ырчы соройлор,кантип уялбай ырдайсынар.Кыргызстанда соз,обон,ыр калбай калгандайле которо бересинерда.Анан ырчылар бир ыры хит болуп калса созсуз 2-вариантын чыгарасынар ырды бузуп эмне кереги бар.Анан бир созду кайра кайра кайталап ырдабагылачы сураныч.башын ооруп кетет экен.
26.11.2010. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте бул начар көрүнүш. Бирок мен ушул Супер инфодон эле окусам керек, биздин ырчылардын ырларын казактарбы, өзбектерби иши кылып жагып калып сатып алып жатышкандарын. Анан биздикилер эле эмес, башкалар биздин ырларды деле ырдайт экенин аз болсо да кошо кетсеңиздер, менимче ашык болбостур эле.
27.11.2010. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге бул жерге Мирбек Атабековдун которулган ырлары жонундо жазышкан эмес?
Атабековдун бут эле хиттери которулган.
Алтын энем - кытай ыры
Тагдырым - англис тилинен
Сени суйом - англис, Claude Kelly - Like an Iceberg
Кара коз - англис, дагы бир американ ырчысы

так что, плагиат ырлар мындан дагы коп,

Урмат Усеновдун коп ырлары инди ырларынан алынган.
17.03.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanyshay,ырлардын списогун жаза аласызбы? керек эле
27.11.2010. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyz Burak Yulduzdun yrlaryn kop kotorup yrdachuu.Yulduzdun kyrgyzdarga arnalgan yrynan kiyin emne kylyshaar eken.Dagy kotorushat beken...
27.11.2010. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin yrlardyn 80% kotormo da, yry ele emes klipteri da. bizdin yr4ylar dayaryna konup kalywkan. iwensener biz jany yr 4ykkanda dostor mn birge kimdikin kotordu dep izdeibiz. bizdin yr4ylardyn muwtawkandan, maktangandan, i4kenden bawka koldorunan e4teke kelbeit da. UYAT!!!!
27.11.2010. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун начар корунуш болмок эле? Жакшы ырларды которуп ырдоо жакшы эле корунуш го? Ильяз азамат! Ырларын дуйно жузундо жаныра берсин!
27.11.2010. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар десэээ! А булардын ырларын Амр Диаб, Жей Шон которот бекен э? Мен да ойлонуп калдым Мадоннаны кыргызча ырдатсам бекен деп. Же Леди Гаганы «Жаман романс» дедирсем бекен.
27.11.2010. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атабековдун плагиаттарын жазгандан коркутунарбы.
аай супер инфо, же эмне болду
жазганга жараша актан байкенин ырларын да жазсанар болмок,
дагы толгон токой ырлар которулган
менин оюмча сиздер кийинки неделья деле атабековдун переводдорун жазбайснар
эгер колунардан келсе ан да жазгыла
ошондо элдин сйн урматн аласынар
14.04.2017. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zulayka,irlardin spisogun bere alasyzby?
28.11.2010. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок биздин ырчылар мыкты аткарат экен. Мисалы, Бекчоро "Айчырай"
29.11.2010. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карамель, бизден которулган ырлар деле жазылып турбайбы "ботон жерде, ботон тилде жанырган ырлар" деп. Чынында биздин ырлардын баары эле "четтен" келет турбайбы. мен ойлойм бул тизме муну менен чектелбейт супер-инфо дагы улантат деп
29.11.2010. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Атабековду эмнеге жазган жоксунар дейин десем, кыздар уже жазышыптыр. Супер Инфо баарына бирдей карагыла да. эгер жазалы деп чечкенден кийин баарын жазгыла да.
30.11.2010. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Супер Инфо эмнеге Атабековдукун жазбайсынар? Жазганга жараша баарын жазгыла да, силер калыс болушунар керек го дейм. Анан дагы кайсы ырчы озубуздун гана ырларды ырдаарын дагы жазгыла. Кийинки санда кутобуз Атабеков элди эмне кылып алдап жургонун анда эмесе!
17.03.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azulya,кайсыл ырлар?
30.11.2010. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу окурмандар, бул темага дагы келерки сандарда кайрылабыз. Андыктан тынчсыздануунун кажети жок!
30.11.2010. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тизмени көрүп оозум ачылды. Бирок карап көрсөң биздикилер деле оригиналынан ашыра ырдашат экен.Эми ошентип өнүккөн өлкөлөрдөн сабак алып, үйрөнбөсөк кайдан үйрөнөбүз?!
30.11.2010. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Которуп ырдаса эмне болуптур? Эн башкысы оригиналынан жакшы, откоро ырдаса, элге жакса болду да, бирок ырларын ар дайым авторлору ким экенин айтып анан аткарышса концерттерде, элди алдап созу, обону меники дебей. анан да ушу озбектерден которгонду токтотушса, ошолордун ырын которуп ырдаган ырчыларды жек кором.
01.12.2010. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Если эти все песни плагиаты, то что тогда настоящие собственники сидят просто так. В России например судятся при таких случаях. Значит из этого следует что эти песни не плагиаты, а они просто схожи в некоторых местах вот и все...
07.08.2011. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз Абдразаковдун казакчага которулган ырлары..Арманым..сагынамын Сени уч уч жолу которулган..Ай мончок..Кайдасын сен..Азап ..Эки жолу которулган ..Лейли..Жаным ай..Апакебай..Табышмагымды...Жана Багыттар.. Узбек тилинде Жаным ай аттуу ыры..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо