№993 17-23-декабрь, 2021-ж
Хабиб Нурмагомедовдун уюму "EFC'нин" жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамын коргоо үчүн беттешке чыгат. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов 14-декабрда маалымат жыйында билдирди: "Анын кезектеги атаандашы казакстандык Жасулан Акимжан болот. Менин оюмча, бул беттеш февраль айында өтөт. Ал эми кайсы жерде өтөрүн биз кийинки жумада аныктайбыз",- деди ал.
Бусурманкул Абдибаит уулу быйыл августта Чолпон-Ата шаарында өткөн "EFC 38" турниринде орусиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук кур тагынган.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |