Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАЙЫР ИСМАДИАРОВ

№241 15-21-июнь, 2007-ж.

Жаш жылдыздардын арасында өзүнүн таланты, үнү, “Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр” деген ырлары менен өзгөчө-лөнүп, өз күйөрмандарын топтоп келе жаткан Дайыр Исмадия­ров менен тааныштырабыз.

Дайыр Исмадиаров 1986-жылы 16-июлда Өзгзн районунунЧеремушка айылында туулуп-өскөн.УчурдаКАУнун психология бөлүмүндө 4- курста окуйт.бош убактысында сууда сүзүү,бийлөө менен алектенет.

– Дайыр, үйбүлөң жөнүндө айта кетсең.
– Апам менен улуу байкем учурда Өзгөн районунда жашашат. Ал жакта апамдын өзүнүн дүкөнү бар. Эки улуу эжем шаарда турушат, экөө тең үйбүлөлүү. А мен болсом үйдө эң кичүүсүмүн. Үйбүлөбүздө жалгыз мен эле чыгармачылык менен алектенем.
– Музыкалык билимиң барбы?
– Учурда Гүлмира Жолдошева эжеден вокалдан сабак алып жатам. Ошону менен бирге эле кичинекей кезимден бери алектенип келген бийчилик өнөрүмдү да артка калтырбай, “Рахат” бий ансамблине жана “Бий мектебине” барып, бийден сабак алып жатам.
– Келечекте психолог болот экенсиң. Эмне үчүн бул кесипти тандап алгансың?
– Мен келечекте ырчы болоорумду алдын-ала эле билгем. Ал эми психологияга окуганымдын да себеби бар. Ырчы болгон соң ар кандай адамдар менен, ар мүнөздүү күйөр­мандар менен сүйлөшөсүң. Алар менен сөз табышып кетүү үчүн адамдын оюн окуй билиш керек. Ошол себептен бул кесипти тандап алгам.
– Ырчылардан кимди кумир тутасың?
– Биздин ырчылардан Каныкей Эралиева, Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаевди кумир катары тутам. Ошондой эле чет элдин ырчысы Крейг Дэвидди ырчы катары баалайм.
– Азыр модага айланып жаткандай, сенин репертуарыңда да которулган ырлар барбы?
– Бар болчу. Жаңы ырдап чыкканымдагы “Кечир мени” деген ырымдын оригиналы бир өзбек киносунун саунтреги. Ал учурда бул фильм да, ыр да аябай популярдуу болчу. Мага ошол ыр аябай жаккандыктанбы, айтор, кыргызча которуп алып ырдап чыккам. Бирок, учурда ал ырымды радиолордон алдыртып таштадым. Анткени, мен жаңы чыгып келатканда шоу-бизнес деген эмне экенин билчү да эмесмин. Учурда айрым ырчылардын чет элдин ырларын которуп алып ырдап жатышканы туура эмес деп эсептейм. Ар бир адам өз эмгеги менен иштеш керек. Азыр Мирлан Абдраев деген жаш композиторго үч ыр жаздырдым, буюр­са, аранжировкасы жакында даяр болот. Мындан ары которулган ырларды ырдабайм.
– Жүрөгүңдү ээлеген сулуу пери барбы?
– Азыр чынын айтсам кыз жандаганга такыр убактым жок. Анткени, чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеп жаткан учурум.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо