Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛАТЫНЫ КООЗДОО САЛТЫ ФРАНЦИЯДА ЖАРАЛГАН

№994 24-30 декабрь, 2021-ж.

31-декабрда Жаңы жылды тосуу майрамы көп өлкөлөрдө өтөт. Шаңга бөлөнүп, дасторкондор толо даамга толуп, жакшы тилектер айтылган Жаңы жылга байланыштуу кызыктарды сунуштайбыз.

Жылдын башынын 1-январь болуп калуусу биздин эрага чейинки 46-жылы Римдин башкаруучусу Юлий Цезарга байланыштуу. Ал жаңы календарь түзүп, жылдын башталышы 1-январь деп эсептелсин деген жарлык чыгарган.

Байыркы Римде 1-январь бир жүзү алды жакты, бир жүзү артты караган Янус Кудайына (тандоо жана бардык нерселердин башталышынын Кудайы) багышталган. Айдын аталышы анын атынан алынган. Ошентип Цезардын таасири менен 1-январды майрам катары белгилөө башталган.

Белектерди берүү салты да римдиктерге тиешелүү.

Балатыны кооздоо жөрөлгөсү биринчи ирет 1605-жылы Францияда пайда болгон. Бул акырындап бүт Европага тараган. Балатыны айнек шарлар менен алгач XVI кылымда Германиянын тарыхый облусу болгон Тюрингияда жасалгалашкан. Андан кийин айнектен коңгуроо, жүрөкчө, канаттуу жана жаныбарлардын фигуралары, жаңгак, тобурчак кооздуктары пайда болгон.

Жаңы жылда пиротехникалык заттарды колдонуу Кытайдан башталган. Кытайда порохтун жарылуусунан чыккан катуу үн жана жарык менен кара күчтөрдү кубалоого болот деп эсептелген. Фейерверктерди аттыруу да аталган өлкөдө жаралып, дүйнөгө таралган.

Балатыны гирляндалар менен кооздоо салты АКШлыктарга таандык. Андай балаты биринчи жолу 1895-жылы Ак үйдүн алдында орнотулган.

Космосто алгачкылардан болуп Жаңы жылды советтик космонавттар Георгий Гречко менен Юрий Романенко 1978-жылы “Салют-6” станциясында белгилеген. Учурда орусиялык космонавттар орбитада болуп калган учурда космостук тамак-аштарды столго коюп, “Тагдыр тамашасы же жеңил парың менен!” фильмин көрүүнү, иллюминатордон Жердеги атылып жаткан салюттарды көрүүнү баалашат.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо