№995 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен, окурман! Саналуу саттар калып, дасторкон даярдоого шашылып жатасызбы? Бул оңой, ичи жумшак, сырты кыртылдак даамдар жардамга келсин!

Керектелүүчү азыктар:
Тоок канаты – 1 килограмм
Ун – 500 грамм
Өсүмдүк майы – 1 литр
Маринад үчүн:
Суу – 1 литр
Эзилген сарымсак – 1 аш кашык
Имбирь упасы, туз – 1 аш кашыктан
1. Тоок канаттарын жууп, экиге бөлөбүз. 1 литр сууга сарымсак, имбирь, туз салып аралаштырып, тоок эттерин салып убактыңыз болсо бир түнгө, болбосо 1-2 саат маринаддап коюңуз.
2. Маринаддалган тоок этин алып чыгып унга бир сыйра оонатабыз. Кайра сууга малып алып, дагы унга болушунча оонатабыз да, казанда ысып жаткан майга орточо отто 15-20 мүнөт салып кызарта бышырабыз. KFС даяр!

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан, кабакча, сельдерей сабагы, брокколи, пияз – каалооңузга жараша
Өсүмдүк майы – 300 миллилитр
Кляр үчүн:
Жүгөрү крахмалы же ун – 3 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Соя соусу – 1 аш кашык
Көбүрткүч – 2-3 чымчым
1. Каалаган жашылчаларыңызды узун ичкерээк бөлүктөргө бөлүп алыңыз. Пияз болсо шакекче түрүндө тууралат.
2. Жүгөрү крахмалына жумуртка, соя соусу, көптүргүч салып аралаштырып кляр даярдайбыз. Ага жашылчаларды салып тегиз аралаштырабыз.
3. Көмөч казанда ысып жаткан майга аз-аздан салып кызартып чыгарабыз.

Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 300 грамм
Алма – 2 даана
Мейиз – 100 грамм
Өрүк, кара өрүк кагы – 50 граммдан
Грек жаңгагы – 100 грамм
Кумшекер – 3 аш кашык
Каймак май – 20 грамм
1. Мейизге жылуу суу куюп, жарым саат коё туруңуз. Чыгарып кургатыңыз. Алманы ичиндеги данектеринен тазалап, майда төрт чарчы туурайбыз. Калган азыктарды да майдалап алыңыз. Баарын бир идишке салып, кумшекер кошуп аралаштырабыз.
2. Каттама камырды жука жайып, каймак майды тегиз сүйкөйбүз. Камырдын баш жагына толтурманы салып, ороп чыгабыз да, майланган табага салабыз. 200 градуста ысып турган электр мешинде 15 мүнөттө бышат.

Керектелүүчү азыктар:
Тоок филеси – 2 даана
Жумуртка – 2 даана
Катуу сыр – 50 грамм
Упаланган нан күкүмдөрү – 50 грамм
Маринад үчүн:
Соя соусу – 50 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Туз, мурч, паприка – татымына жараша
1. Тоок филесин терисинен ажыратып, жууп, узун ичке бөлүктөргө бөлөбүз. Чуңкур идишке салып, туз, мурч, паприка себелеп, майдаланган сарымсакты, май, соя соусун кошуп 20 мүнөткө маринаддап коёбуз.
2. Жумуртканы чегип жакшылап чалабыз.
3. Сырды сүргүчтүн майда тишинен өткөрүп, ага упаланган нан күкүмдөрүн кошуп аралаштырабыз.
4. Маринаддалган эт кесимдерин алгач жумурткага малып, андан чыгарып сыр аралашмасына болушунча оонатуу керек. Табага пергамент кагазын төшөп, эт кесимдеринин арасын ачыгыраак кылып тизебиз. 180 градуста ысып турган электр мешинде 15-20 мүнөт бышырабыз.
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |