№996 7-13-январь, 2022-ж.

Жаңы жыл менен кошо келген эс алуу күндөрү... Эшикте кыш, суук. Үйдө меште от чартылдап күйүп, буусу бурулдаган чайнектен ысык чайдан куюп ичип, өткөн-кеткенден кеп салып отурган кандай жакшы. Мындай жагымдуу көз ирмемге “Лука” мультфильмин кошуп койсоңуз ашыкча болбойт. Позитивге, кызыктуу окуяларга бай анимация улуу муун, кичүү муун деп бөлбөй баарына жагарынан шек жок. Алдыда “Луканын” жаралуу тарыхына, кызыктарга орун бердик.
Тарткан өлкө: АКШ
Чыккан жылы: 17-июнь, 2021-жыл
Жанры: үй-бүлөлүк комедия, фантастика
Режиссёру: Энрико Касароса
Башкы ролдордо: Жейкоб Тремблей, Жек Дилан Грейзер, Эмма Берман
Тарткан: Disney & Pixar
Дүйнө жүзү боюнча прокаттан түшкөн каражат: 49 750 471 доллар
ЖАЙ, ИТАЛИЯ, ДЕҢИЗ ЖЭЭГИ... БЕЛЛИССИМО!
Бала чагыңызда жайкысын эмне кылчу элеңиз? Достор менен ойногонуңуз, күлкүлүү, кызыктуу жоруктарыңыз эсиңизге түштүбү? “Лука” мультфильминде да 2 достун жоруктары сүрөттөлөт.
Италиянын деңиз жээгинде жайгашкан Портороссо шаарчасы. Бирок биздин каарман шаардын эмес, деңиздин жашоочусу – Лука аттуу балык. Аны күнүгө кайталанган окшош окуялар тажатат: эртең менен турганда майда балыктарды сейилдегенге алып чыгат. Ар кайсы жакка тарап кетип, адашпасын деп кайтарып турат. Деңиздин үстүнө сүзүп чыгууга Луканын ата-энеси тыюу салган. Алардын айтымында, ал жакта каардуу адамдар жашашат. Балыктарды көрөр замат кармап, өлтүрүүгө ашыккан адамдар Луканын туугандарын “деңиз желмогуздары” деп атап алышканын кантесиң. Бир күнү ал Альберто аттуу шайыр, активдүү, анча-мынча эрежеге баш ийбеген “өрт” балыкка жолугуп калат. Ал кургакчылыкка чыкканын, Портороссо шаарчасындагы кызыктарды айтып берет. Эки дос чоңдорго айтпай жээкке сүзүп барып, кургакчылыкка чыкканда кадимки өспүрүм балдарга айланышат. Эми суудан алыс болсо эле адам кейпинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан балдар шаарчанын жашоочуларына аралашып, мурда болуп көрбөгөндөй кызыктарга туш болушат. Ал кызыктардын баарын мультфильмден толук көрө аласыз.
ТАСМА ТУУРАЛУУ 12 ФАКТ!
Энрико Касароса кумири катары атактуу япониялык режиссёр-аниматор, сценарист, жазуучу, 2 жолку “Оскардын” ээси, дүйнөлүк анимациядагы шедеврге айланган чыгармалардын автору Хаяо Миядзакини жогору баалайт. “Луканы” тартууда кумиринин чыгармаларынан эргүү алганын айтат. Алгач баш каарманга Миядзакинин анимесинен алынган Портороссо ысымын бергиси келген. Бирок ою өзгөрүп, бул ат шаарчага ыйгарылган да, айтканга, эстеп калганга оңой болсун деп мультфильм “Лука” аталышын алган. Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |