Кайыргүл: «ЖИГИТТЕРГЕ ТИЙИШИП, ТОВАРЫМДЫ ӨТКӨРӨМ»

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Шоу-бизнестин астанасын мындан эки жыл мурун башка таланттар сымал Карлыгач аттуу ажарлуу кыз да аттаган эле. Бирок элге таанылып, таанылбай жатып эле көздөн кайым болгон. Ошол Карлыгач сахнага Кайыргүл болуп кайтты.

КААРМАН ТУУРАЛУУ...
Аты-жөнү – Кайыргүл Өскөнбаева.
Туулган жылы – 1987-жыл, 14-январь.
Эсте калган кайгылуу күнү – Атасынан айрылган күн.
Өмүрүндөгү чоң сүйүнүчү – Диплом алганы.
Алгач боёнгону – 9-класста.
Биринчи сүйүү каты – 8-классында, 14-февралда көп кат алган.
Жактырган кийимдери – Кыймылдаганга ыңгайлуу.
Чоң сахнага чыкканы – 2008-жылы, «Супер-Инфонун» супер концерти.
Хоббиси – Бийлөө.
Жигиттердеги баалаган сапаты – Адамгерчиликтүү, боорукер, жакшылык жасаган.
Материалдык байлыгы – Машинасы, «Дордойдо» 1 контейнери бар.

ЖАНА ДА...

  • Мектепте 3-класска чейин гана ырдаган. Анан туугандарынын кеңеши боюнча элчи, президент болом деп сабактарын 5ке окуй баштаган.
  • Башка ырчыларды дал өзүндөй туурабай, жаккан жактарын гана сиңиргиси келет. Кыргыз ырчыларынан Рыспай Абдыкадыровду, Саламат Садыкованы баалайт.
  • Ырчылыктан сырткары актрисалык жөндөмү бар.
  • Үй-бүлөсүндө бардыгы ырга шыктуу. Айрыкча апасы жакшы ырдайт.

– Кайыргүл, Карлыгач деген псевдоним менен чыктың эле, кайрадан Кайыргүл болушуңа эмне себеп болду?
– Карлыгач деген ат менен чыгуу ошол кездеги продюсерим Назгүл эженин идеясы эле. Ал ушул атты сунуштаганда мен каршы болгон эмесмин. Жыйырма жыл Кайыргүл болуп келип эле бир күндө Карлыгач болуп калуу кыйын экен. Такыр көнө албай койдум. Мени чыгармачылыгым аркылуу тааныгандардын баары эле Карлыгач деп чакырышчу. Аларга карап сүйлөгөнүм менен, кызыктай болуп, мен же Кайыргүл эмесмин, же Карлыгач эмесмин деп көп ойлончумун. Анан кайрадан өзүмдүн азан чакырган атым Кайыргүлгө кайрылып келдим.
– Карлыгач болуп жүргөндө канча ыр жаздырдың?
– “Кайдасың?” жана “Бакыт сыры” деген эки ыр жаздыргам. Продюсер менен иштешип жатканыма карабай, бул эки ырды тең өзүм чуркап, өзүм төлөп жаздыргам. Назгүл эжеге келгенге чейин эле “Кайдасың?” деген ырымдын сөзү, обону, аранжировкасы даяр болчу. Кантип сахнага чыксам экен деп ойлонуп жатканымда апам гезиттен Назгүл эженин интервьюсун окуп калып: «Ушул эжеңе барып көр. Эркек киши менен иштешкенден көрө аял продюсер болгону жакшы. Анткени ал – эне, сага өз баласындай мамиле кылат»,- деп айтты. Эптеп телефонун таап, эжеге барып «мени угуп көрүңүз» дедим. Ошентип, иштешип калдык.
– Жылт этип көрүнүп, кайра жок болушуңдун сыры эмнеде?
– Мен анда студент болчумун. Бир жагынан окуум, экинчи жагынан иштеген ишим бар болчу. Ошондон улам чыгармачылыктан кетүүгө туура келген. КУУнун финансы-кредит жана банк иштери факультетинде окучумун. Окуудан чыгып “Дордойго” барып, апама бут кийим сатышып жардам берчүмүн. Азыр чыгармачылыкка кайрадан киришкени базарга аз чыгып калдым.
– Өткөндө «ырларым радио түйүндөрүнөн кетпей жатат» дедиң эле...
– Продюсерим менен иштешпей калгандан кийин Назгүл эже ырларымды радиолорго чыгартпай койгон. Кайсы радиого же телеге алып барбайын, “продюсериң менен чечишип ал, анан кел” дей беришти. Бирок арасында чын дилинен жардам бергендери да болбой койгон жок.
– Назгүл эже менен кенен отуруп, ачык сүйлөшүп алган жок белең?
– Эжеге “келиңиз, чечишип алалы” деп баргам. “Мен эчак эле чечишкем” деп сүйлөшкүсү келбей койду.
Адам талбастан эмгектене берсе эле баарын жеңет деп ойлойм. Ошондуктан азыркы менин девизим: “Иште, иште жана иште!
– Базарда соода кылам дедиң. Бут кийим алгысы келбеген кардарды күлүп турган көзүң менен тартып алып, бут кийимдүү кылып кетирсең керек...
– Башында жакшы эле кыйналдым. Анан көнүп кеттим. Кээде атайын эле жигиттерге тийишип, товарымды өткөрөм. Сүйлөгөнүмдөн, күлгөнүмдөн улам жактырып калып, жолугушууга чакырган жигиттер да көп.
– Буюрса, күйөө бала өзүңдүн эле кардарың болот турбайбы анда...
– Антип деле айтпайм. Чынында, сүйгөнүм жок. Сүйүү, күтүү, сагынуу жакшы нерсе го. Бирок ошондой сезимдерге кабыла элекмин. Азыр менин бардык оюм, дитим чыгармачылыкта. Буга чейин дагы сүйүүгө жолуккан эмесмин. Мен, негизи, чыгармачылыкка жакын адамдарды сүйсөм керек. Анткени сүйүүдөн сырткары жалпы кызыкчылык да болуш керек.
– Сүрөттөрүңдү карап отуруп, үч бир тууган экениңди билдим...
– Ооба, үч бир тууганбыз. Улуу эжем Бактыгүл үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Байкем Кубаныч дагы эки баланын атасы. Анан мен. Үйдүн түйшүгү улуу балада көбүрөөк болот деп коюшат эмеспи. Ошонун сыңары мени эжем көтөрүп чоңойтту. Эсимде, апам бир жакка кетсе, эжем чачымдан сылап, жомок айтып берип, жарым саатта уктатчу. Байкем болсо “көзүңдү жум, ирмебе” деп кыйкырып жатып, бир мүнөттө уктатып салчу. Ошондон улам байкемден коркуу сезими менде күч эле. Адатта, өспүрүм куракта көчөгө көп чыгып, балдарга шынаарлап калат эмеспизби. Мен байкемден коркконумдан көчөгө да көп чыккан жокмун. Башкаларчылап тамеки тартып, спирт ичимдигинин даамын да таткан жокмун. Жаш кезде даамын татып көрбөгөндөн кийин сыра да иче албай калат окшойт адам. Мен 18ге чыкканда эжем экөөбүз кафеге бардык. Эжем: “18ге чыктың, эми сыра ич”,- деди. Карасам, ал үчүнчү кружкасын түгөтүп жатат. Анан эмнеге мен бирди дагы иче албайм деп өзүмдү кыйнап түгөтүп салдым. Бир убакта башым айланып чыкты. Ошондон кийин такыр ичпей калгам.
– Эмнегедир атаң жөнүндө айт­пай­сың...
– Мындан беш жыл мурун атам ооруп дүйнө салган. Атам мени аябай жакшы көрчү. Эжем менен байкеме “силер аман эле болгула. Кайыргүлүмдөн кийин сөзсүз бир нерсе чыгат” дейт эле. Анда эжем менен байкем капа болушуп, атама таарынып калышчу. Алардын түрүн көрүп “ий, минтип айтпай эле койсо болмок” деп ичимден кыжалат боло берчүмүн.
– Ички дүйнөң, мүнөзүң кандай?
– Мен дайыма бул дүйнөдөн кеткенимди элестетем. Тиги дүйнөгө барганда «мен жалган жашоодо эмне кылдым?» деп ар ким өзүнө суроо бериши мүмкүн. Ошондо «адамдарга жардам бергем» деп жооп бергим келет. Ушул суроолордон улам берешен болгум келет. Күнүмдүк талаш-тартыштын айынан ачууга алдырып жиберем да, кайра адамдарга жакшылык гана кылышым керек деп өзүмө келем. Куу болоюн деп аракет да кылып көрдүм. Менден куу адам чыкпайт экен. Таарынчаакмын. Таарынычым ашып кетсе 5 мүнөткө созулат. Капа болгондо өпкө-өпкөмө батпай катуу ыйлайм. Бирок кек сактабайм.
– Жаркылдап турганыңдай эле жакшы кыз турбайсыңбы. Чыгармачылыгыңда эмне жаңылык?
– Азыр жадымда бир нече жакшы идея жүрөт. Бирөөсүн айтсам, англисче ыр жаздырганы жатам. Ага дароо клип тартуу планымда бар. Андан сырткары Эл аралык сынактарга катышсам дейм. Чет өлкөлүктөр бизди митинг менен таанып калышпадыбы. Менин кыялымда алар «Кыргызстанда мыкты таланттар да бар турбайбы?..» деп айтышса. Музыкалык билимим жок болгону менен, келечекте билим алам деген тилегим бар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
26.11.2010. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо менин жакшъ коргон ырчым го,Супердин Супер жолугушуунда коруп жактырып калдымда,аябай сонун ырдайт экен,жылдыздуу кыз,унуда сонун тунук .Кайыргул сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! Ар дайым сонун уккулуктуу ырларды чыгара бериниз азаматсыз.
26.11.2010. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорукер , конулу ачык , жонокой кыз экенсиз , ырларыныз да сонун , келечекте эл тааныган уулу ырчылардан болун . ийигилик каалайм
26.11.2010. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы жагат Кайыргул. Ырлары дагы сонун.
26.11.2010. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uda4i tebe, ya toje sluwayu tvoi pesni sluwayu s vossxiweniem. Tuura oilonot ekensing e4 ubakta ozungdu bawkalardan jogoru sezbei, ziyan keltirbeseng iugilik ozu ele kowtop alat,
27.11.2010. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мага мнегедир бул ырчы жакпаит озун оло эле мактап койуптур го самореклама дегендей
27.11.2010. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нормально эле го,анан эмне сени мактасынбы Varvara?
27.11.2010. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жакшы коргон ырчым хехе)),она очень очень красивая!!!
28.11.2010. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагымдуу, ак конул кыз корунот. Молодетс ырлары абдан жагат, уну дагы аябай жакшы.
28.11.2010. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаркылдаган кыз мага окшогон азамат ийгилик
29.11.2010. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buturuu ke4esinde a9bai suluu ekenle
29.11.2010. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантуумун деп эле журобербестен турмушка чыгыш кере,ар нерсе оз убагы менен.Алибетте жакшы ийгилике жетишинди калайм.
29.11.2010. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А десек да , Б десек да, кайга барабыз Кайыргуль бизди чанганда??? :)
29.11.2010. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдасын дегенди кунуго укканым менен Кайыргуль ырдаарын билбептирмин.
02.12.2010. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очень высокомерная девушка!!! Улыбается в лицо, потом гадит за тобой! Внимательно прочитайте, даже слова противоречат друг другу!!!
02.12.2010. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А на счет ее творчества могу поддержать! Голос хороший и песни тоже!
03.12.2010. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа...хорошая самореклама.Такая "скромная" =)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо