№995 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
Балам 19 жашында үйлөндү, келиним баламдан 3 жаш улуу. Негизи баламды үйлөндүрүү оюмда жок эле. Андан улуу эки агасы үйлөнө элек болчу, шашпай 25-26га чыкканда үйлөнтөбүз го дечүмүн. Анын үйлөнүүсү күтүлбөстүктөн болду. Бир күнү балам:
– Апа, үйлөнүшүм керек, мени үйлөнткүлө!
– Кокуй күн, эмне болду? Азыр сага үйлөнгөнгө эрте.
– Жок, мени үйлөнтүшүңөр керек, сүйлөшкөн кызым кош бойлуу. Аборт жасатканга да кеч болуп калыптыр. Ата-энеси өп-чап турмушта айылда турушат, менин балам көчөдө төрөлөбү?
Балам экөөбүз талашып-тартышып отуруп чоң той бербей эле кыргыз каадасы менен келинди үйгө киргизип алалы дедик. Чоң той бергенге шартым да жок эле. Жалгыз бой энемин, мугалим болуп иштейм. Үч студентти багам. Келиним Жылдыз маңдайы жарык сыпайы кыз экен. Орус мүнөз, шайыр келин болчу. Кызмат кылдыртып кайненелик кылган жокмун, өзү 5 айлык кош бойлуу болсо, окуусунан чарчап келсе деп кечки тамакты да өзүм жасап койчумун. Адамга жакшы мамиле кыла берсең көндүм адат болуп, аны кылбай койсоң билинип баштайт эмеспи. Бир күнү келиним:
– Тамак ичкен идишин жууп коюшпайт, кийимдери чечкен жеринде калат!- деп идиш-аякты калдыратып сүйлөнүп калыптыр.
– Эмне болду, айланайын, кабак-кашың жазылбай, ботом, эркек балдар да, ошентип жыйнабай коюшат. Мен өзүм жыйнайм, берчи,- деп колундагы жыйнап жаткан кийимдерин тартып алдым. Кош бойлуу, төрөйүн деп калды, ушул кезде аял киши чыргоо болуп калат деп көп жолу жоруктарына көз жумдум. Токтолгон жок, мурунку кыял-жоругу эки эселеп көбөйүп жатты. Көз жарды, балканактай уул төрөдү. Үйүбүздө наристе үнү жаңырып барыбыз аны айланчыктап калдык. Келинимдин мурдагыдан да тили узарып, кайнагаларын кайнисиндей эле урушканга өттү. Балдарым үйгө келгенден качып калышты акыркы күндөрү. Келинимдин мындай мамилесине чыдабай, уулум менен келинимди чакырып узун кепке тарттым. “Бөлүнгүлө! Каалайсыңарбы батирге чыккыла, кааласаңар төркүнүңдүкүндө жаша!”- дедим. Тили узун келиним: “Силер мага кайын журт болуп эч нерсе кылган жоксуңар, үлпөт той өткөрүп, калың берген жоксуңар. Мени бекер алдыңар”,- деп жанды кашайтты. Ачуу үстүндө “биздин үйгө мажбурлап келин болуп келдиң курсагыңды чердейтип, баламды мен эрте үйлөнтпөйт болчумун” деп кыйкырдым. Кыскасы, келин-кайнене катары биротоло сыйыбыз кетти. Ошол урушкандан бери үйдө эч нерсе кылбайт, күйөөсү экөөнүн кирлерин бөлөк жууйт. Өздөрүнө бөлөк тамак кылат. Азык-түлүктү да өздөрүнө ылайык алып келет. Бөлмөсүндө таттууларды катып жегенин сураба. Менин үйүмдө “квартиранттай” эле жашап калды. Баласын кыркы чыкканда эле иштейм деп энесине берип койду. Мен карайын десем жумушум бар. Айтор, келиним менен бир үйдө жашоо мага оор болууда. Күндө эртең менен боёнуп, чаптанып алып жумушуна кетет баламдын мен алып берген унаасына отуруп. “Королева” өзүнчө эле. Мен жумушка жөө барып, жөө келем. Бир күнү кечинде балам “апа, бул үй бизге чоң, коммуналдык төлөмдөрү да көп чыгат деп жатпадыңыз беле, сатып, байкемдер менен үчкө бөлүп албайлыбы” деп кеп баштады. Бул ой өзүнүкү эмес эле, келинимдин ою экенин дароо түшүндүм. “Мен тирүү кезде үйдү саттырбайм, сөөгүм ушул үйдөн чыгат” дедим. “Жаш, койчу теңелбейинчи” деген сайын келинимдин жоруктары жанга батты. Мен келин болуп келгенде кайненемдин көзүнө тике карай алчу эмесмин, айтышып, үйүн талашмак түгүл. Эсептешип жашап, эсептешип күйөөгө тийген кыздардын доору келдиби? Үй-бүлөлүк баалуулуктар талкаланып, кыргыздын улууга урмат, кичүүгө сый көрсөтүү деген касиети кайда калды деп жаным кейийт.
Бактыгүл
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Келин туптуура кылат.
Кайнене алардын жашоосуна кийлигишип жатасыз. Таттуу жегиниз келсе озунуз сатып алыныз.
Келин кыздар олуп жатат. Анан дагы кыргыз тупой маймыл калк дагы жамандап коет куйолорду. Озунорчу озунор. Урсун деп жатасынар го кок мээлер. Ошон учун орустун туалетин жууп журосунор да россияда. Мээнер жок, тупой кондой болгонунардан учун
плюс еще тупойсунан
ошон учун карабет деп койгом никимди
аялым экообуз уйдо силер жондо кыргыздарды жамандаганда, беттери кара бекен деп сурап суйлойбуз
орусча айтканда вы черномазые
Турмуш кургандан баштап озунчо болунуп чыгып жаша! Ата энелер, силер дагы баланы бат болгонго аракет кылгыла. "Эки баш бир казанда кайнабайт" анысы сынгарындай эки аял бир казанда тамак кыла албайт! Бала уйлондубу эртеси куну болуп салыш керек, оз тамагын озу таап жесин, оздору иштесе квартирага акча толосо анан билет акча иштеп табуу кыйын экенин, иштеш керек экенин! Автор, жанынызда эки баланыз бар экенин, уйлонгон баланызды болуп салыныз! Ач кулак