Гүлзар Усенова, 31 жашта: “КЫЗЫМ ӨЗ АЛДЫНЧА ДЕМ АЛА АЛБАЙТ”

№996 7-13-январь, 2022-ж.

10 жылдан бери Орусиянын Якутск шаарында жашап, эмгектенип келген мекендешибиздин 8 айлык кызы дарыланууга муктаж. Өз алдынча дем ала албаган наристенин айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Жаш түгөйлөр кайрымдуу кыргызстандыктар кол сунат деп ишенет.

“2 МҮНӨТ САЙЫН ШИЛЕКЕЙИН СОРДУРУП ТУРАМ”

– Жолдошум экөөбүз 2019-жылы баш кошконбуз. Мен Ысык-Көлдүн Михайловка айылынан болом, жолдошум Кажы-Сайдан. Дария аттуу 8 айлык кызыбыз бар. Кызыбыз төрөлгөндө кубанганга да жетишкен жокпуз. Дарыгерлер дароо оор асфиксия (өз алдынча дем ала албайт) деген диагноз коюшту. Балаңдын оору менен төрөлгөнүн угуу, кабыл алуу оор экен. Ошондон бери улам ооруканага жатып дарылатып келе жатабыз. Жанынан 1 мүнөткө да жылганга болбойт. Анткени шилекейин жута албайт. 2 мүнөт сайын аппараттын жардамы менен шилекейин сордуруп турам. 3 ай мурун дем алуусу начарлаганда дарыгерлер тамагына түтүкчө коюшкан. Азыр ошол түтүк аркылуу дем алат.

“ДАРЫЛАНУУГА 15 МИҢ ДОЛЛАР КЕРЕК”

– Кызымдын өмүрүн сактап калуу үчүн Якутск шаарынын дарыгерлери болгон аракеттерин жасашты. Учурда ооруканада жатабыз. Дарыгерлер “майып бойдон калат. Айыгат деген үмүтүңөрдү үзгүлө. Биз болгон аракетибизди кылдык. Бир аз чоңоюп калганда шилекей жутуу рефлекси иштеши мүмкүн” дешти. Бул жактагы дарыгерлерден кызымдын айыгышына көз жетпей калгандыктан Индиядагы дарыгерлерге кайрылганбыз. Алар диагнозун, анализдерин көрүшүп “айыктырууга мүмкүн” дешти. Буга чейин эч кимден жардам сурабай, болгон каражатыбыз менен дарылатып келгенбиз. Ал жактан дарылатууга 15 миң доллар керек болуп жаткандыктан элден жардам сурайбыз. Бөтөн жерде жүрөбүз. Кызым менен болуп, иштей албайм. 19-январда Бишкектеги Спорт ордосунда кызымдын дарылануусуна каражат чогултуу максатында кайрымдуулук концерти өтөт. Келип, жардам берип коюуңуздарды өтүнөбүз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк: 996 700 786 743

Элсом: 0700 78 67 43

Сбербанк:

408 208 104 7600 8022 100

Мобилдик банк: +799 631 77 107

Түркия: TR660006400000162090378937

Концерттин билети боюнча:

0700 78 67 43, 0702 02 31 59

Динара Абдыкадырова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо