Санжар Бердибековдун жубайы Рахат: «КЫЙЫН КҮНДӨРДҮ КҮЛКҮ МЕНЕН ЖЕҢДИК»

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Жан шерик

Санжар Бердибеков жубайы Рахат менен бирге өмүр сүргөнүнө 11 жылдын жүзү болду. Бул убакта түгөйлөр тагдырдын түркүн сыноолоруна кезигишкен. Бактылуу күндөр да, аны менен катар кайгылуусу да коштолгон. Бирок алар мунун баарына чөкпөй, акыл калчап иш кылып, ал күндөрдү артка ташташкан.

1999-жыл

ЖАҢЫДАН ТААНЫШКАН КҮНДӨР

Рахат: – Кыш мезгили эле. Анда мен шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштечүмүн. Санжар достору жана кыздар менен эс алып калды. Аларды мен тейледим. Ошондо жагып калган.
Бир күнү суукта кафеге майкачан, көзү көгөрүп кирип келип: “Мага 2 бөтөлкө арак берчи, эртең акчасын таштайм”,- деди. Мен дегеле карызга берчү эмесмин. Эмнегедир бере койдум. Ошентип, “эртең алып келем” деп эки айга жок болуп кетти. Жумуштагы аны тааныган Бакыт аттуу музыкант баладан “акчаны алып келсин” деп айттырып коём. Анан бир күнү Санжар жасанып алып жетип келди. Көрсө, ал Санжарга барып “сени бизде иштеген кыз сүйүп калган экен, барып жолукчу, жанымды койбой сурай берет” деп айткан экен.
Санжар: – Жагынайын деп кийинип баргам. Эми кийим деле өзүмдүкү эмес, ар кайсы баланыкы. Ошентип күндө Рахатка барып жүрдүм. Жумушу бүткөндө үйүнө жеткирип коём. Мага анын токтоолугу, ашыкча сүйлөбөгөн сапаты өзгөчө көрүнчү.
Р: – Бир жолу жумуштан кеч чыктым, Санжар үйгө жеткирди. Кеч, эшик суук. Анын үйү алыс эле. Суукта кантип кетет деп боорум ооруп, меникинде калуусун сурандым. Үйгө кирет да, бутун чечпейт. Мейли деп бутун чечпей эле жаткырып койдум. (Күлүп) Көрсө, көптөн бери байпагын алмаштырбай, буту сасып кеткен экен. Муну кийин айтып отурат.

2000-жыл

ҮЙЛӨНҮҮ, РОМАНТИКА...

Р: – Санжар мени атасы менен тааныштырам деди.
С: – Ал күнү атам Спорт Ордосунда концерт бермек. Барып болочоктогу келин баласы менен тааныштырдым. Ал каршылыгын айтпай, “бактылуу болгула” деп батасын берди. Ошентип айылга алып бардым. Ошондо эң бактылуу күндөр баштан өткөн экен. Эч нерсе менен башым оорубайт. Рахат экөөбүз тең оюнкаракпыз. Кар менен урушуп, кубалашып эле ойноп жүрчүбүз. Бишкектин Кызыл-Аскер аймагында сонун самса саткан жер бар болчу. Атайын ошол жерге барып муздак лимонад менен самса жеп, өзүнчө романтикага батчубуз.
Р: – Август айында уулдуу болдук. Ал убактысынан эрте, жети айлык болуп төрөлдү. Атын Учкун деп койдук. Биз үчүн эң оор күндөр ошондо башталып, баш калаада иш жок, аргасыз айылга кеткенбиз. Ал жерде өзүнчө жашап, ачка калган күндөр көп болду. Балабыз ооруса, дарыгерге көрсөтүүгө эч кандай шарт жок. Ошондой оор күндөрдө окшошконго мушташкан болуп беш айлык балабызды ажал колубуздан жулуп кетти. Бул үчүн өзүбүздү аябай күнөөлөдүк.
С: – Бул күйүткө чыдабайбы, айтор, ичип кеттим. Бирок “тирилик кылыш керек” деп бирин-серин иштерди кылып, үйгө нан таап келчүмүн. Тамеки тизип иштеп, болбогон акча тапкан күндөр да болду. Ошол күндөргө чыдаган Рахатка чын жүрөгүмдөн рахмат айтып келем.
Оор күндөрдөн куудул Тынар Курбаналиевдин агасы Кубаныч Курбаналиев сууруп чыкты. Андан кийин Рахман Разыков жаңыдан түзүп жаткан “Бешилик” тобуна чакырды.

2001-жыл

ДАГЫ БИР ЖОГОТУУ

Р: – Турмушубуз мурункудан оңоло түштү. Куудулдар тобу менен гастролго чыгабыз. Мени Санжар өзү менен чогуу алып алат. Ал жакта мен эшикти тосуп, билет текшерип иштечүмүн.
9-сентябрь. Санжар эмнегедир атасы тууралуу жазылган гезитти колунан түшүрбөй окуп отурду. Кечинде концерт коймокпуз. Аңгыча атабыз Манас Бердибековдун дүйнө салганы тууралуу суук кабар келди. Санжарга эч эле угуза албайбыз. Укканда тимеле ишенбей жаны чыкты.
С: – Тирүүлүктө жашоо улана берет экен. Гастролдор уланып, анан Бишкекке келдик. Башында коюлган өкүл атабыз менен такыр байланышыбыз жок болгондуктан, бул жактан жаңы өкүл ата коюп алдык. Ал – Бек Борбиев. Өкүл атам материалдык жардамдан да, моралдык чоң колдоо көрсөттү, тарбиялап, туура жолго салды. Ал менин канчалаган шоктугума чыдап, милициядан сууруп чыкты.
Бир жолу мас болуп келди. Такыр оозуна алчу эмес, таң калдым. “Милиция досума сени чыгарып бер десем, “мени менен 1 рюмка ичсең, анан чыгарам” деген шарт койду. Эмне кылам анан? Балам, мени жүрөк оорулуу кылып койдуң го”,- деди.

2002-2009-жылдар

БАТИР МАСЕЛЕСИ КӨП БОЛГОН

С: – Тиричилигибиз мурункуга салыштырмалуу Кудайга шүгүр болуп калды. Иштеп тыйын тапканым менен, гастролдор узакка созулчу. 4-5 айлап үйдө турчу эмесмин. Бир жолу узак гастролдон кийин келсем, уулум чоочуркап мени тааныбай ыйлаганына аябай капа болгом.
Р: – Батирди тез-тез алмаштырдык. Себеби Санжар кожоюндары менен урушуп кетер эле. Бир жолу электрикти да сабап салган. Көрсө, биз жашаган батирде "ууру" ток бар экен, аны биз билген эмеспиз. Анан электрик келип светти өчүрүп салды.
С:“Үйдө жаш бала бар, “ууру” токту алсаң ал, бирок өчүрбө” десем болбойт. Анан сабап салдым. Кетип бара жаткан жеринен сүйрөп келип жамбашка тептим да, “жулган колуң менен тагасың” десем, байкуш такты. Бирок сотко берип коюптур, тааныштар аркылуу ал ишти жаптым.
Р: – Батирди тез арада бошотуубуз керек болуп, башка батир издеп калдык. Санжардын кыжыры келип, “азыр кандай батир чыкса, ошого барып жашайбыз” деп өжөрлөндү. Ошентип Карпинский көчөсү жактагы бир батирге көчүп барсак, абалы эми укмуш. Кошуналарыбыз жалаң селсаяктар экен.
С: – Мен гастролго кетсем, үй-бүлөм ушул жакта калат. Балам селсаяктын Русик деген баласы менен ойнойт. Баңги, бандиттердин баары ошол жерде. “Эптеп жашап туралы, анан көрө жатарбыз” деп койгонбуз. Биздин райондо жаман окуя болуп, баңгизаттардын уюмун кармаган экен. Муну өкүл атабыз угуп калып, урушуп үйүнө алып кетти. Инисине “Көк-Жар конушунан батир таап бер” деп табыштады. Ошол батирде ушул күнгө чейин жашап келебиз.

2010-жыл

БААРЫ КУДАЙГА ШҮГҮР

Р: – Негизи, Санжар экөөбүз эле калып жашап көргөн эмеспиз. Үйдө дайыма туугандар, баягы Камчы Сарыбаев менен Асел Турдалиеванын “бут эле кирет, куттан дайын жок” деген ырындагыдай. Бирок бул бизге аябай жагат. Үйдө эч ким жок болсо, аңырайып бири-бирибизди карап отуруп калабыз.
Улуу балабыз учурда 2-класста окуйт. Боди азыр (уулу Берадор) таене-таята­сынын колунда. Жакында эле уулдуу болгонбуз. Ыйык айда төрөлгөндүктөн, ысымын Рамазан деп койдук.
Башыбыздан көп кыйын күндөр өттү. Бирок күлкү менен баарын жеңдик. Маанайым чөксө, Санжар тез эле көңүлүмдү ачып, капаланганымды унутуп коём.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
03.12.2010. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахата менен Кара-Суу орто мектебинде чогуу окуганбыз.Аябай оор басырыктуу,токтоо,сулуу кыз болчу.Анын оор турмушта жашашын кааламак эмесмин.бактылуу болушунду кудайдан тилейм.
03.12.2010. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиев чыныгы окул аталык кылып оз баласындай мамиле кылганына раазы болуп калдым.
03.12.2010. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula...
03.12.2010. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабырдын тубу сарыы алтын
04.12.2010. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат эже молодескен турмуштун ыссык суугуна чыдап жашап келиптир.Ааардык аял заты ушундай турмушка чыдамкай,туруктуу болушса Санжар аке Рахат эже ушунунуздардан жазбай БАКТЫЛУУ ОМУР СУРУНУЗДОР!
04.12.2010. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкеге ыраазычылык.Турмуштун ысык суугуна чыдаган Рахатка рамат Рахаты сыйлаган Санжарга да рахмат.Бактылууу болгула!
04.12.2010. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкени больше уважать стала, Санжар молодец башынан эле жагат куудул катары, бактылуу болгула!!!!!!
04.12.2010. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп козумо жаш тегеренип кетти. Рахат айымга чон рахмат. Чыныгы кыргыздын аялдары ушундай которумдуу, чыдамдуу болот!!! А Бек Борбиевди Алла Озу колдосун!!!
05.12.2010. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes Bek bayke, menin jakshy korgon yrchym. Bek baykedey adamdar koboyo bersin
05.12.2010. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mindai jashoogo, jana ushundai kuego jalgiz gana kirgiz kizdar chidait dep oiloim..
06.12.2010. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin da okup kozumo jaw tegerendi,Bek baike molodets,kop ele soop iwterin ugup jurom,4ynygy okul ata eken da!arak i4pei jakwy ulguluu,kyskasy bardyk jaktan jardam beriptir.......biz da yraazybyz=)
06.12.2010. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahat,Sanjar biri birinerdi koldop,barkynarga jetip araket kylganynysdar uchun jashoonor on jolunda bet aldy dep oiloim. Allah sizderdi katuu synga salyptyr,oshogo chydap jenip alganysdar uchun myndan ary baktyluu omur surushunuzdorgo toluk ishenem.
Bek baike sizge Allah razy bolsun, ui-bulonus menen aman bolunus!!!
06.12.2010. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahat, vam tol`ko Respect!!!
06.12.2010. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek bayke azamat
06.12.2010. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааааииий,баласын карасанар Санжардын эле озу го....Аллахым уйунордон ырыскы,бакыт,кут узбосун. Ар дайым бар болгула,бай болгула. Кыргыздын улгулуу уйбулолорун толуктап журо бергиле ылайым
07.12.2010. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ukmush para ekensiner,baktyluu bolgula,kolomtonordun otu ochposun.Bek bayke emi silerdin uzurunordu korsun!
07.12.2010. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкени кудай колдоп журо берсин ардайым кылган жакшылыктарына аябай ыраазы болдум.А силер бактылуу болгула.
07.12.2010. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула.балдарынардын урмат-сыйын коргуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо