№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.

  1. КЫШКЫ ТАТТУУ МААНАЙ

  2. Сууктун күндөрү ысык чай ичип эле жылына бербей, ага таттуу кошуп жесеңиз маанай да көтөрүлөт. Жеңилинен даамдуусуна чейинки таттуу рецепттер төмөндө.

  3. Банан жана шоколаддан кекс

  4. Жумуртка – 3 даана

    Банан – 2 даана

    Шоколад – 100 грамм

    Кумшекер – 150 грамм

    Каймак май – 120 грамм

    Ун – 250 грамм

    Какао упасы – 20 грамм

    Көптүргүч – 0,5 чай кашык

    Сода – 0,5 чай кашык

  5. Даярдоо ыкмасы:

  6. 1. Шоколадды аябай майдалап алуу кажет.

    2. Бир идишке кургак азыктарды – ун, кумшекер, сода, көптүргүч, какао упасын, шоколадды аралаштырып алабыз.

    3. Жумурткаларды чегип чалып, ага эритилип муздаган каймак майды куюп чалабыз. Тазаланган бананды пюредей эзип, жумуртканын үстүнө кошобуз. Эми кургак азыктарды аз-аздан салып аралаштырабыз.

    4. Камырды кылыпка куюп 10-15 мүнөт тыныктырып койсоңуз болот. 180 градус ысыктыкта 40 мүнөттө бышат.

  7. >Майда печеньелер

  8. Керектелүүчү азыктар:

    Ун – 250 грамм

    Кумшекер – 100 грамм

    Каймак май – 150 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    Туз –1 чымчым

    Үстүнө себелегенге жаңгак, шоколад колдонсоңуз болот

  9. Даярдоо ыкмасы:

  10. 1. Бөлмө температурасындагы каймак майга кумшекер, жумуртка кошуп бирдей массага келгиче аралаштыруу керек. Үстүнө ун менен бир чымчым туз кошуп жумшак камыр даярдайбыз. Ашыкча ийлөөгө болбойт.

    2. Камырды 1 сантиметр калыңдыкта жайып, майдараак бөлүктөргө бөлүп алыңыз. Пергамент кагазы төшөлгөн электр табасына майда печеньелерди салып, үстүнө шоколаддан же жаңгактын түрүн себелеп коюңуз. 200 градустагы электр мешинде майда-чоңдугуна жараша 10-15 мүнөткө чейин кармайбыз.

  11. Мак кошулган сметанник

  12. Керектелүүчү азыктар:

    Камыры үчүн:

    Ун – 200 грамм

    Каймак май – 120 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    Кумшекер – 3 аш кашык

    Толтурмасы үчүн:

    Сүт – 130 миллилитр

    Мак – 100 грамм

    Манна акшагы – 2 аш кашык

    Каймак – 300 грамм

    Кумшекер – 4 аш кашык

  13. Даярдоо ыкмасы

  14. 1. Кичинерээк идишке сүттү куюп, 2 аш кашык кумшекерди салып жай отко коёбуз. Кайнап чыкканда мак менен манна акшагын салып коюулангыча аралаштырабыз.

    2. Каймакка калган 2 аш кашык кумшекерди салып аралаштырып коюңуз.

    3. Жумшарып калган каймак майга кумшекерди, унду, жумуртканы кошуп камыр даярдайбыз. Ашыкча ийлештин кереги жок.

    4. Камырды майланган табага салып кол менен четтерине чейин жаябыз. Биринчи катмарына мак аралашмасын, экинчисине сметананы куюп, 180 градуста ысып турган электр мешинде 35 мүнөт бышырасыз.

  15. Мандарин пирогу

  16. Керектелүүчү азыктар:

    Мандарин – 4 даана

    Айран – 200 миллилитр

    Каймак май – 150 грамм

    Жумуртка – 3 даана

    Ун – 300 грамм

    Кумшекер – 130 грамм

    Көптүргүч – 1 чай кашык

    Туз – бир чымчым

  17. Даярдоо ыкмасы:

  18. 1. Жумурткага кумшекерди кошуп коюулангыча чалуу кажет. Ага айран менен эриген каймак майды аралаштыруу менен кошуу кажет.

    2. Көптүргүч, бир чымчым тузду унга кошуп алабыз да, суюк аралашмага аз-аздан салып аралаштырабыз.

    3. Таза аарчылган мандариндерди туурасынан экиге бөлөбүз. Данектерин алып салыңыз. Пергамент кагазы төшөлүп майланган электр табасына кесилген жагын ылдый каратып тизебиз да, суюк камырды үстүнө куябыз. 180 градуста ысып турган электр мешинде 30-35 мүнөттө бышат.
     

  19. Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо