№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.
Куш боо бек болсун!
Быйылкы жылдын күз айы шоу-бизнес чөйрөсүндөгү үй-бүлө курган жигиттердин тойлоруна бай болду окшойт. Себеби Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев, Замир Мырза бирине-бири удаа той өткөрүшкөнү жалпыга маалым. Күздүн акыркы күндөрүндө ырчы Эрлан Андашев да үй-бүлө күтүп, той берди.
СҮЙҮП КАЛДЫҢБЫ, АНДА ҮЙЛӨН!
Көпчүлүк бул ырчы жигиттин үнүн угуп, Мирбек Атабеков менен алмаштырып алышат экен. Чынында, “Сүйүп калдым кантейин?”, “Кайгырба” сыяктуу ырларды Эрлан Андашев ийине жеткире аткарат. Өткөн саныбызда болочок келинчегин ээрчитип келген Эрлан бизге маек куруп, 7-класстан бери сүйүп жүргөн бакыраң көзүнө үйлөнөрүн айтып, кубанган.
Ошентип, Эрлан менен Перизаттын көп жылдык жылуу мамилелери үй-бүлө курууга алып келди. Эрлан 26-ноябрда жердиги Нарындан, бирок борбордо жашаган Перизатты кадимки кыргыз салты менен сөйкө салып алып кетти. Эки жаштын тою 28-ноябрда, борбордогу кафелердин биринде өттү.
Тойго баш-аягы 300гө чукул конок келди. Демейде ырчы үйлөнсө, ырчы-чоорчулар барып куттуктап, накта шоу той болчу эле. Эрландын тоюнда эстрада эмес, фольклорго басым жасалыптыр. Себеби ырчынын жакын санаалаштарынан Бекчоро, Дайыр Исмадияров, Ильяз Андашты гана кезиктирдик. Калганы Эрлан менен Перизаттын Улуттук консерваторияда окуган достору экен.
Эскерте кетсек, Эрлан консерваториянын 3-курсунда, ал эми Перизат 5-курсунда окушат.
Тойдо тортту аукционго коюу модага айланган эмеспи. Тортту келген коноктордун бири 4800 сомго сатып алды. Кызыгы, 5000 сом берип, 200 сом кайрымын сурап тамашалаганында болду.
“ОШОЛ КҮНҮ ТОЛКУНДАНЫП ОТУРДУМ...”
Ырчы жигит өзү ырдагандай, эмнегедир толкунданып отурду. Ким толкунданбасын, өмүрүнүн эстен кеткис күнү ушул той болуп жатса. Тойдун аягында тамада “Эрлан, билебиз, сен толкунданып отурасың, ушул күнү Перизатка арнаган сүйүүңдү ырың менен билдир” дегенде элдин баары кубаттап жиберишти. Эрлан “Сүйүп калдым кантейин?..” деп Перизатты карап жандуу үн менен бир созду дейсиздер...
Акырында айтарыбыз, Эрлан таланттуу жигит, келинчеги да “Санат” ансамблинде комузда кол ойноткон өнөр ээси. Чыгармачылыкты терең түшүнгөн эки жашка биз да бакыт-таалай каалайбыз!

Бурул Исмаилова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
18
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Турмушунар торттой таттуу болсун!
Erlan 4igarmachiligindi unutpai eline kizmat kil!!!
supsuluu juptar boluptur!
Эрлан молодец жубайын сулуу экен.
абдан жонокой экенсинер.
ушунурардан жазбагыла, силерге тунук суйуу каалайм.
чыгармачылык ийгиликтерди багынткыла.
суйуп калдым кантейин депчи...
baktiluu bolgula!
baldarinbar kop bolsun,
chigarmachiliginar onugo bersin!!!
бактылуу жарлардан болгула!!!
ооооммин!!!
коздорунордо махабатынар байкалып турат!
суйуп калсан, значит уйлон дечи!
emdigi jili jentek toi bergolie!
кыргыз шоу дйносунун ширин тугойлору болгула. Экону видеодон коруп журогум жылыды.
бактылуу омур сургуло.