ТАРАКАНДАН КУТУЛУУНУН 5 ЖОЛУ

№999 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.

Таракандар бат көбөйө турган курт-кумурска түрүнө кире тургандыктан алардан кутулуу кыйын. Бул жаатта ар кандай ыкмалар, анын ичинде элдик ыкмалар да бар.

1.
Жыртык-тешиктерди бүтөө. Бөлмөдөгү бардык жыртык-тешиктерди, мисалы, суу түтүгүнүн тегерегин, плинтус, пол, дубалдагы тешиктерди бүтөө керек. Бат-баттан тазалап, жууп турса да таракандардын байырлашына тоскоолдук жаралат. Түнкүсүн тамак-ашты муздаткычка салып, булганыч идиш-аяктарды эртеңкиге калтырбай жуу шарт. Ваннаны, даараткананы кургак кармоо башкы эрежелерден.

2. Бор кычкылы (кислота). Мунун упа жана эритинди түрүндөгүсү жакшы. Сууга кабыгы менен бышырылган 1 кичине картошканы эзип, ага сууга бышкан жумуртканын сарысын, бор кычкылынан 1-2 аш кашык кошуп, аралаштырып, андан майда тоголокчолорду жасап, бурчтарга, плита менен раковинанын артына, ашкана эмеректеринин алдына койсо болот. Ушул эле ыкманын 2-варианты бар. Анда бор кычкылына жумуртканын сарысы эле кошулуп колдонулат.

3. Үйдө эч ким жок кезде пол, эшик, эмеректерди нашатырь спирти менен жууп чыгуу ыкмасы бар. Ал үчүн 1 литр сууга 1 чай кашык спирт кошулат.

4. Даяр каражаттар. Гель түрүндөгү интокциддер, аэрозолдор жана бор, упа түрүндөгүлөрү бар. Аларды көрсөтмөсүнө жараша колдонуу керек.

5. Дезинфекция жүргүзүүчү адистер. Буларды башка каражаттар жардам бербеген учурда чакырса химиялык каражаттарды чачып беришет. Бирок дарынын жыты 3-4 күнсүз кетпейт. Андыктан аны чачканда жыты кеткиче башка жакта жашоого туура келет.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо