МАИчи КЫЗДЫ САБАГАН ИИМдин КЫЗМАТКЕРИ ЖАЗА АЛДЫБЫ?

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Мезгил үнү

Жакында эле “милициянын лейтенанты жол эрежесин бузуп, анысы аз келгенсип, тартипке чакырган Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматындагы кызды сабаптыр” деген маалымат тараган. Окуядан аз күн өтпөй, жабыр тарткан МАИчи кыз Нурзат Разаковага “иш кандай болду? Жол эрежесин бузган Нурлан Шералиев өз жазасын алдыбы?” деген суроо менен кайрылганбыз. Бирок Нурзат “кереги жок эле, кереги жок. Менин атымды таптакыр атабагыла” деп так секирди. Нурзаттын суранычын эске алуу менен ал окуяны гезит бетине чыгарган жок элек. Бирок окурмандар “ошол окуя жөнүндө эмнеге жазбайсыңар? Милиция кызматкерине чара көрүлдүбү? Жыйынтыгын билгибиз келет” деген суроолору менен телефонду тындырышкан жок.

ЧЕХИЯДА ЛЕЙТЕНАНТ ЭМЕС, МИНИСТР ДАГЫ ЖАЗАЛАНАТ
“Комсомольская правда” гезитинин 25-ноябрда чыккан санында мындай деп жазылат: “Чехиянын Транспорт министри Вит Барта жарым жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады. Эмнеге дебейсизби? Анткени машинасын үйүнөн номери жок айдап чыккан”.
Чехияда мыйзамдын катуу иштегенин жана массалык маалымдоо каражаттары күчтүү экенин ушундан билиңиз. Журналисттер “полиция башчысы Владислав Гусак өзү мыйзам бузбайт бекен?..” деп эки күн артынан калбай аңдышкан. Чын эле полиция башчысы машинасын катуу ылдамдыкта айдап, жол эрежесин бузган. Буга күбө болгон журналисттер окуяны коомчулукка жар салышкан. Владислав Гусак күнөөсүн моюнуна алып, өз ыктыяры менен айдоочулук күбөлүгүнөн 3 айга айрылган. Андан сырткары 10 000 крон (350 евро) айып төлөп берген.

А БИЗДЕЧИ?
Чехия Республикасында мыйзам кандай роль ойноорун, министрлери мыйзамды кандай сыйлашарын жогорудагы маалыматтардан эле билсек болот. Бакыйган министрлерге “сиз эреже буздуңуз” деп ачык айтып, айыпка жыгууга тиешелүү кызматтын күчү да жетет. А биздечи? Жол эрежесин көз көрүнөө бузуп, анан күнөөсүн көзгө сайып көрсөткөн МАИчиге кол көтөргөн адам, жөн гана адам эмес, мыйзам бузгандарды тескөөчү, тартипке чакыруучу кызматкер жаза албай калып жатпайбы?! Анда кеп башынан болсун.
5-ноябрда Бишкектеги Москва көчөсүндө карама-каршы тилкеге түшүп, мамлекеттик номуру жок, жол эрежесин одоно бузуп келе жаткан автоунааны МАИчи кыз Нурзат Разакова токтоткон. Маалыматка караганда, токтотулган Ауди С 4 үлгүсүндөгү унаанын рулунда Ички иштер министринин 1-орун басары Мелис Турганбаевдин жардамчысы, лейтенант Нурлан Шералиев болгон. Ал өзүн токтоткон инспектор кызды жаман сөздөр менен сөгүп, ал гана эмес, башка эки жолу чаап жиберген. МАИчи кыз окуя тууралуу ИИМдин жетекчилигине рапорт менен кайрылып, чара көрүүсүн суранган. ИИМдин борбордук аппарат кызматкеринин иши иликтөөгө алынып, жыйынтыгында Нурлан Шералиевди министрдин 1-орун басарынын жардамчысы эмес, катчылыктын инспектору деп билдиришкен.
“Анда "Мелис Турганбаевдин жардамчысы" деген сөз кайдан чыкты?” деген сурообузга ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматулло Ахмедов төмөндөгүчө жооп берди:
“Министрдин орун басарынын жардамчысы” деп биздин кесиптештер туура эмес маалымат беришкен. Чынында, мындай кызмат орундун өзү жок.
– Балким, МАИчиге "министрдин жардамчысы" деген күбөлүгүн көрсөткөн чыгар?
– Андай жалган күбөлүк жасалышы мүмкүн эмес.
Кызматтык териштирүү иштери жүргөн соң жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин буйругуна ылайык, Нурлан Шералиев ээлеген ордунан четтетилген.

ТЕЛЕФОНДУН ЖАНЫН ТЫНДЫРБАГАН ОКУРМАНДАР
Биздин окурмандардын биринин артынан экинчиси телефон чалып тынчсыздангандарынын да жөнү бар. Биринчиден, Шералиев өзү тартипти көзөмөлдөөчү органда иштеп туруп одоно мыйзам бузду. Экинчиден, ошого жараша жаза алган жок. ИИМдин сайтында “ээлеген ордунан бошотулду” деп жазылып турат. Милдетин туура аткарып жаткан кесиптешин сабап жатса, эмнеге кылмыш иши козголбойт, эмнеге жазаланбайт? Бул сурообузга Ахмедов: “Башкы тергөө башкармалыгынын жыйынтыгында “Шералиевдин кыймыл-аракетинде эч кандай кылмыш болгон эмес” деп айтылат. Анткени тигил кыз өзү “дооматым жок” деп жазып берген. Анан медициналык кароодон да өткөн эмес”,- деп жооп берди.
Мына ушул жерден да чоң суроо пайда болот. Окуя болгондон кийин олуттуу маселе катары көтөрүлдү да, кайра дым-дым болуп эле басылып калды. Эмнеге МАИчи кыз “мен жөнүндө таптакыр эч нерсе жазбагыла, атымды атабагыла” деп жан далбастады? Демек, ИИМдин чоңдору тарабынан кызга кысым көрсөтүлдү да! Болбосо, эмне үчүн жабырлануучу өз ишин мыкты, так аткарып жатып жабыр тартты да, кайра “дооматым жок” деп отуруп калды. "Шералиев иштеген ишинен кеткени менен, башка орунда отурат" деген кептин чындыгы 90 эмес, 100 пайыз бар окшойт. “ИИМден таптакыр айдалдыбы?” дегенибизде Ахмедов: “Шералиев мурдагы ээлеген кызматында иштебейт. Жоопкерчилиги азыраак жумушка отурушу мүмкүн”,- деди.

Деги бизде качан мыйзам иштейт? Иштегенди коё тур, орган кызматкерлери өздөрү тебелеп-тепсеп жатса, качан мыйзамды тааныйбыз да, сыйлайбыз?

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
03.12.2010. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdy urgan kolun synsyn... ozu akyrky mezgilderde baldardyn ku4u kyzdarga gana jetip kaldy okwoit eee. kandai gana okunu4ttuu,,
03.12.2010. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек болуп кызга кол которгондор адам беле ошолор.
03.12.2010. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolu shal bolup kalsyn! loh da, oshon ychyn kyzdarga kol gotorot, kozyn mai basyp ketken go aram!
03.12.2010. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек эмес экен!!!
04.12.2010. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozdoru ushintip myizam buzup jatsa anan kantip alardy syiloogo bolot..Bizdin kyrgyzchylyk kylyp koigondoru jakpait da..jaza bergendin orduna...
04.12.2010. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"oozu kiyshik bolso da baidin balasi suylosun" degen makal tuura kelet
04.12.2010. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozunun kyzyn biroo ushunday kilsa kanter eken?
04.12.2010. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек балдар озунорго келгилечи эмнеге кыздарды урасынар ойлогулачы озунордун эженерди же сестренканарды бироо келип сабап койсо эмне болт??????????????????????????????
04.12.2010. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
копкон неме да озун оло эр сезген тиги кыз сотко берип абиирин кетирсе болмок
04.12.2010. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маичилердин оздорундо да куноо чоооон . Оздору эрежени так билишпет, оздорун жон эле кудай сезишет, штрафтын тарифин дагы которсо сабаган бери жагында эле калат. Кыргызстан ал денгээлге жете элек. Бирок Шералиевдин кызды урганы туура эмес, озуно ишенбеген эркек кызга кол которот!
04.12.2010. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай акмактарды жок кылыш керек,, катту жазалаш керек омур бою эсинде калгандай кылып, bapa туура айткан, озуно ишенбеген эркек кызга кол которот
04.12.2010. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uyat! Ereje buzgany az kelgensip, (kyzga) kol kotorup oltursa tem bolee bashka chapsa adam emes ele ayban da.
04.12.2010. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо молодцы. Чындыкты жазганынарга таазим.
05.12.2010. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан экен го!!! Дагы кайсыл башы менен ошондой малекеттик жоопкерчиликтуу иште иштеп жатты экен. Кызды башка чапкан сени Кудай башына чапсын!!!
05.12.2010. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билсенирби, Омардын машинасын да милиция кызматкерлери ичип алышып сузуп кеткендегисин, ошондо да Омар капалануу менен интервью берген болчу, мойнуна алышпай жатат, ал эле эмес денсоолугумду сураганга жарабады, деп. Эми туугандар, бул ИИМде иштеген кишилер жон соз менен айтканда - айбан! Биринчи, ирет мыйзамдын кучун ушулардан баштоо керек, катуу режим жургузушу керек. Эгер мен болгонумда СНБда иштеген досторумдун жардамы менен айрып коймокмун, айбанды!
05.12.2010. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте алар - айбандар! бекеринен аларды "козлы" демек беле..шералиев - настоящий айбан, кызды башына уруп (кок мээ десе).Дагы уялбай ИИМдин документин корсотуп лейтенантмын деп представлятся эткенин?!
06.12.2010. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tartipsiz,akylsyz,adepsiz, madaniyatsyz -- -- --Sheraliev, uyat namysy jok adam, kyzga kol kotorgondon kiyin al loh,bashka soz jok.
Kyzda tuurames kylgan, aiyagyna ,tubune jetse bolmok Sheralievdin,emnesinen korkot,sotko berish kerek, bashka tartipsizderge sabak kylyp.
Allahdan bashka echnerseden korkbosh kerek!!!
06.12.2010. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korkok adam ayal kizdi urat...negizi ele militsiya kizmatkerleri kiyinki ubakta jaman kobuwtuda,negizi adamdin tin4tigin saktaw kerekda,a azir bolso teskerin4e adamdin tin4in alip kaliwkan kobun4osu owondoy!arasinda Nurzatka okwogondordu dagi ozdoruno okwow kilip,uwintip buzuwat..baardigin teskeri jasap kaliwkan..bir kunu biz alardi teskerisin4e saktoogo barbasak boldu iwi kilip!jizn odin raz daetsa,za4em ee tratit na gluposti i problemi?lu4webi 4esno jilibi,i spokoynee bilobi!
06.12.2010. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир мага бардык эле милиция кызматкерлери бирдей корунот. Жапжаш балдар озун кудайдын мурдунан тушо калгандай сезип журушот. Милицияда иштебегендер алар учун адам эмеспи? Антейин десен минтип оз эле коллегаларына кылган мамилеси. Оз инилерим деле бар, алардын бетине эле айтып журом. ИИМ ге ишке кирмек турсун, курсанттары да оздорун озгочо сезишет. "Козлы" десе таарынышат анан.
06.12.2010. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ajal zatyna kol kotoruu emne degen shumduk?! koluna shal tiisin!!!!!!!
06.12.2010. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sheraliev yuyat!!!!!!!!!!!!!Birok bisdin milizionerlerdin kobynchosy ele Sheralievdei (akmaktar)ushul okyndyrot.A Nursat molodez saga okwogon koirgisimdin kisdari koboio bersin.BAkriluuu bol!!!!!!
06.12.2010. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol sheralievdin surotun koysonor dep suranat elek, kanday janibar ekenin korolu, al janibardi muuzdap salali, anday "jaratilishtin katasin" ozubuz ondoshubuz kerek, miliciya ondoy albayt.....
06.12.2010. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шералиевге соз жок...соттон жаза албаса кудайдан созсуз жаза алсын...кыргызстан ушундай абийирсиз лохтордун айынан оспой жатат...дегеле КГ да качан бир адилеттуулук орнойт...
07.12.2010. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай карасан баары еле жакшы анан еле мындай карасан баары еле жаман, Айтатко балык башынан сасыйт деп ошол туурада,кыздар силер айтасынар еркектер силер кооп атасынар деп, жок силер адашпагыла, бул жерде еркек же аял деген маселе емес , а бийликте отурат деген маселе болуб атбайбы,аны соттош керек дейт да соттолот бирок дагы еле соттон чыгыб ошол ишине отурат да ,азыр тааныш билиш деген болуб атбайбы?мындайча айтканда министирден башталыб, министир озу мыйзам чыгарыб озу бузуб атса , калган
07.12.2010. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге МАИчи кыз “мен жөнүндө таптакыр эч нерсе жазбагыла, атымды атабагыла” деп жан далбастады? Демек, ИИМдин чоңдору тарабынан кызга кысым көрсөтүлдү да! Болбосо, эмне үчүн жабырлануучу өз ишин мыкты, так аткарып жатып жабыр тартты да, кайра “дооматым жок” деп отуруп калды.
Во-Во туп туура ушундай болгон. Шералиев АКМАК десе, кудайдан жазаны ал. сволоч
Мен оз мекенимди жакшы кором, бирок ушундай адилетсиз олкодо жаша
08.12.2010. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык башынан сасыйт болуп жатпайбы, ушуга окшогон иштерди козомолдосо болот да чондор! Буга окшогон иштердин канчалаганы жабылып кетип жатат.
09.12.2010. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkek emes tursun al adam emes, AIBAN, Kyzga kol kotorgondugu uchun sottosh kerek. Kolung synsyn!!! Tarbiyasy jkok akmak
09.12.2010. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Нурлан Шералиев деген эме эшектен айырмасы жок наадан экен го.
10.12.2010. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектин эн алсызы гана кызга, аялына кол которот, башкаларга кучу жетпесе,анан байкуш эмне кылсын?..
10.12.2010. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынардыкы туура. Алар козелдон да хуже ит.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо