№1001 11-17-февраль, 2022-ж.
Депутат Марлен Маматалиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге электромобилдерди алып кирүүдө бажы алымы алына баштаганын, бул төлөмдү жоюу керектигин 10-февралда парламент жыйынында айтып чыкты. – Дүйнөдө экологияга зыяны жок электромобилдерди колдонууга өзгөчө басым жасалып жатат. Бирок бизде электромобилдерди киргизүүгө ЕАЭБдин алкагында бажы алымы киргизилип, тоскоолдук жаралууда. Бул тоскоолдукту тез арада чечүү керек,- деди депутат. Буга чейин электромобилдерди алып кирүүдө каралган жеңилдик мөөнөтү бир нече жолу узартылган. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, бажы алымы 2022-жылдын 1-январынан тарта алына баштады. 2021-жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө электромобилдерди бажы алымысыз киргизүү мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп, жыйынтык чыккан эмес.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |