№1001 11-17-февраль, 2022-ж.
Кышында көпчүлүк азыктардын баалары көтөрүлүп кетет эмеспи. Ошондуктан бул сапар колдо бар жашылчалардан жасалчу тамшандырган өзгөчө даамдардын рецептин сунуштайбыз. Жасап, даамын сезип көрүңүз.
Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 3 даана (чоңу)
Каалооңузга жараша жашылча (капуста, козу карын, пияз) же эт, сыр, помидор, баклажан кесимдерин кошсоңуз болот – 200 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Укроп – жарым боо
Туз, татымалдар – татымына жараша
Тандап алган жашылчаны, сарымсакты майда төрт чарчы туурайбыз. Көмөч казанда ысып турган өсүмдүк майына салып бир аз кууруп алыңыз. Майдаланган укропту, туз, татымалдарды кошуп аралаштырып, картошка кесиминин ар бирине салып чыгабыз. Эгер эт, колбаса, сыр кошом десеңиз жука кесип, татымалдардан себелеп ортолоруна тизип коёсуз. Фольгага картошкаларды салып, ар бирине тегиз өсүмдүк майын куябыз. Фольганын четтерин өйдө кайрып, буу чыкпагыдай кылып үстүнө да фольга жабабыз. 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт коюп, үстүнкү фольганы алып, дагы 20 мүнөт бышыруу кажет.
Керектелүүчү азыктар:
Сабиз – 300 грамм
Соя соусу – 5 аш кашык
Бал – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 1,5-2 килограмм (бүтүн)
Тоок эти – 200 грамм
Пияз – 2 даана
Сабиз – 1 даана
Түстүү капуста – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 50 миллилитр
Ашкөк – 1 боо
Туз, мурч – татымына жараша
Керектелүүчү азыктар:
Брокколи – 300 грамм
Пияз – 1 даана
Жумуртка – 4 даана
Сүт – 100 миллилитр
Катуу сыр – 100 грамм
Ун – 4 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |