Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЙЫЛ БАНКТА» ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН ЭСЕПТЕШҮҮ-КАССАЛЫК ТЕЙЛӨӨГӨ АЛЫНЫШЫ

№1001 11-17-февраль, 2022-ж.

“Айыл Банк” депозиттер жана кредиттер менен катар эле юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге эсептешүү-кассалык тейлөө кызматын сунуштап келет.

Кызмат көрсөтүүнүн бул түрү уюмдарга эсептешүү операцияларынын бардык түрүн жүзөгө ашырууга – товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз учурунда эсептешүүгө, салыктарды төлөөгө, кызматкерлердин эмгек акысын өз учурунда которууга жана башка өбөлгө түзүүдө. Демек, ар бир жеке ишкер жана уюм кандай гана каржылык маселе болбосун, аны чечүүдө банк сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Айыл Банк” кардарларга улуттук валюта сом жана чет өлкө валюталарында эсептешүү-кассалык тейлөөнүн толук топтомун сунуштайт. Банктын адистери нак акча менен иш алып баруу жана эсептерге которуулар боюнча эсептешүү эсептерин ачуу жагында алгылыктуу шарттарды сунуштап, кардарлардын тандоосуна жараша аларга баалуу кеп-кеңештерди берип, колдоо көрсөтөт.

Технологиялык процесстердин өнүгүшү менен акчалай операцияларды ишке ашыруунун эсептешүү-кассалык тейлөө саясаты да өзгөртүлүп, учур талабына ыңгайлаштырылууда. Бүгүнкү күндө бардык төлөмдөрдү интернет-банкинг аркылуу онлайн шартта токтоосуз ишке ашырууга мүмкүндүк түзүлгөн.

Эсептешүү-кассалык тейлөөгө алууда операциялардын төмөнкү түрлөрү камтылган:

  • эсептешүүлөрдүн бардык түрүн ыкчам жана сапаттуу ишке ашыруу;
  • акча каражатын келип түшкөн күнү эле колдонуу мүмкүнчүлүгү;
  • эсепке түшкөн каражатты акысыз чегерүү;
  • чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү жана конверсиондук операциялар;
  • операциялар боюнча көчүрмөлөрдү, ырааттуу чечмелөөлөрү менен эсептер боюнча маалым каттарды даярдоо;
  • банк кассалары аркылуу тейлөө;
  • валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүү;
  • интернет-банкингге туташтыруу жана ал аркылуу тейлөө.

“Айыл Банктын” расмий сайты аркылуу юридикалык жактар үчүн банктык эсепти онлайн шартта ачуу ыңгайлуулугу да жөнгө салынган.

Банк сунуштап жаткан кызмат көрсөтүүлөр, анда каралган алгылыктуу шарттар, ошондой эле республика аймагы боюнча түйүндөрдүн орун алышы бизнес жүргүзүүгө жана анын чөйрөсүн кеңейтүүгө алда канча алгылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, колдоого алууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо