№1003 25-февраль-3-март, 2022-ж.
Кыргызстанда жеке менчик 17 медициналык окуу жай болсо, анын 12син жабуу пландалууда. Бул тууралуу 24-февралда парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Аталган 12 окуу жай “талапка жооп бербейт” деген негизде жабылат. – 17 жеке медициналык окуу жайда Пакистандан келген студенттер окуп келишкен. Алардын сапаты төмөн болгондуктан, 12син жаап жатабыз. Калган бешөөнү текшеребиз. Экинчиден, колдон келишинче керектүү жабдыктар өлкөгө киргизилүүдө. Кыргыз-Түрк достук ооруканасы ачылды. Ал жерде дүйнөдө жасалып жаткан операциялар жасалууда. Баасы дагы арзан. Буюрса, бөйрөктү алмаштыруу боюнча бир жылда 300 операция жасоону пландап жатабыз. Лазердик аппараттарды алганбыз, жакын арада 3 адисти окутуу үчүн Орусияга жөнөтөбүз. Алар келген соң шишикти лазер менен алып салуу операцияларын жасап баштайбыз,- деди министр.
Жогорку Кеңеш 24-февралда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети тууралуу мыйзам долбоорун карады.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |