Данияр Көбөнов: «МАКСАТЫМ – ЛОНДОН ОЛИМПИАДАСЫН БАГЫНТУУ»

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Биздин маек чемпионубуз Гуанчжоу шаарынан келген күнү болду. Машинада шаар аралай сыр бөлүштүк. Данияр менен сүйлөшүп отуруп, бир нерсеге толук ынандым. Жанымда “мен чемпионмун” деп өзүн көтөрбөгөн чыныгы кыргыздын жигити, адамдык сапаты бийик инсан отурду.

– Биринчиден, жеңишиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз эңсеген жеңишти алып бердиңиз!
– Чоң рахмат!
– Спорт адиси болбосом да, мага сиз оңой эле же­ңишке жетишкендей се­зилдиңиз. Буга кандай дейсиз?
– Баары эле ошентип айтып жатышат. Жадакалса спортчулар да ушундай ойдо. Бирок чынын айтсам, мен үчүн баары оор болду. Ар бир беттешке өзүнчө даярданып чыгып жаттым. Айрыкча биринчи күрөштө өзүмө келе албадым. Анткени биз салмак кууйбуз. Анын эртеси өзүңө келиш кыйын.
– Баратканда эле чемпион болууну тилек кылсаңыз керек...
– Же биринчи, же акыркы болом деп бардым. Оюмда бир гана ушул нерсе болду.
– Эмненин эсебинен жеңип чыктым деп ойлойсуз?
– Эмгектин эсебинен го дейм. Мисалы, 1 саат машыгыш керек болсо, мен 2 саат машыгып жаттым.
– Ийгилик тактысында туруп, гимн жаңырып жаткандагы сезимде­риңиз?..
– Оо, ал деген өзүнчө керемет нерсе да. Сөз менен айтып бере албайм. Ал нерсе көптөн бери кыялданып, эңсеп жүргөн тилегим болчу. Гимнибизди Дүйнөлүк биринчиликте жана Олимпиадада ойноткум келет.
– "Каталарым бар, алардын үстүнөн дагы иштешим керек" дедиңиз...
– Партерде күрөшүүдө бир аз каталарым бар. Эми эс алгандан кийин ошолордун үстүнөн иштеп баштайм.
– Эс алып демекчи, эми кантип эс алууну пландап жатасыз? Мүмкүн, ысык өлкөлөрдүн бирине барып келерсиз...
– Жок! Эч кандай чет өлкөгө барбайм. Өзүбүздүн эле Ысык-Көлдө эс алам. Машыгуусу жок эле, бассейнде сүзүп дегендей.
– Жеңишиңизди кимге биринчи сүйүн­чүлөдүңүз да, Кыргызстандан ким би­рин­чи куттуктады?
– Биринчи үйдөгүлөргө сүйүнчүлөдүм. Алгачкылардан болуп досум Талант Жекшенов куттуктады. Президентибиз Роза Отунбаевадан да куттуктоо телеграммасы барды. Кубанычта болдум.
– Кыргызстандын катышуусуна кандай баа бересиз? Эмне үчүн командабыз чоң ийгиликке жетишпеди?
– Мурдагы оюндарда 8 медаль болгон. Мунусунда аз болуп калды. Менимче, спортчулар бардык аракетин көрүштү. Өлкөбүздүн ал-акыбалы ушундай болуп турат окшойт азыр.
– Буга чейин Азия оюндарына катышып, 2 жолу байгеге илингенсиз. Ошондогу Данияр менен азыркы Даниярдын айырмасы кандай?
– Андан бери көп убакыт өтпөдүбү. Токтоо болуп калдым. Спортто мурда көрүнбөгөн каталарым өзүмө көрүнүп калды дегендей.
– Эми кепти Гуанчжоудон Бишкекке бурсак. Сиздерди "Манас" аба майданынан тосуп алышканда кубандыңызбы?
– Чындыгында, мынчалык деңгээлде тосуп алат деп күткөн эмесмин. Аябай кубанычта болдум. Рахмат баарыңыздарга.
– Чемпионго 15 миң доллар жана Бишкектен 1 бөлмөлүү квартира убада кылынбадыбы. Акчаны эмне максатка жумшайын деп жатасыз?
– Акчаны кайра эле спортко жумшайм. Бийик деңгээлде машыгыш үчүн көп акча керектелет. Ошондуктан машыгууларга эле жумшайм деп турам.
– 15 миң долларды аз деп ойлобойсузбу?
– Жок ай! Антип ойлобойм. Мамлекет ошентип чечсе, демек, ошондой болуш керек. Көңүл буруп, ошол акчаны берип жатканына да рахмат!
– Жакынкы келечекке кандай планда­рыңыз бар?
– Пландар... 1 ай калыпка келүү. Жогоруда айтып кеткендей, эс алам. Анан кайра машыгуулар башталат. Мурдагыдан да жогорку деңгээлдеги машыгууларга өтөбүз. Максатым – Лондон Олимпиадасын багындыруу.
– Жеке жашоо жагы кандай? Качан жеңелүү кылып сүйүндүрөсүз?
– (Күлүп) Эми Олимпиадага бир жарым жыл эле калбадыбы. Ошол чоң мелдештен кийин үйлөнөм. 28деги жапжаш жигитмин.
– Кандай кыздар жагат?
– Мага, негизинен, токтоо, акылдуу, жылдыздуу, жөнөкөй кыргыз кыздары жагат.
– Көпчүлүк кыздар спортчулар орой, сүрдүү деп ойлошуп, сөз айтуудан коркушса керек. Сиздин мүнөзүңүз?
– Мүнөзүм жеңил эле. Шайырмын, баары менен тил табыша алам.
– Романтиксизби? Акыркы жолу кызга качан гүл бердиңиз эле?
– (Күлүп) Романтикага жок окшоймун. Киного барганды жакшы көрөм. Гүл жөнүндө айтсам, качан гүл бергенимди унутуп деле калдым. Эсте жок.
– Ырдап-бийлегенге жакшы элесизби?
– Кудай ушул бийлеп-ырдаганга эч шык бербептир. Ырдай да, бийлей да албайм.
– Аялзатына кол көтөр­гөн эркектерге кандай карайсыз?
– Терс көз караштамын. Өзү назик, алсыз жан болсо, кантип кол көтөрөт? Аялзатына алсыз эркектер гана кол көтөрсө керек.
– Эң жакын кеңешчиңиз ким?
– Досторум менен, үйдөгүлөр менен кеңешем. А эң жакын кеңешчим деп атамды айтар элем.
– Кайсы жанрдагы фильмдер жагат?
– Тарыхый тасмалар жагат. "Гладиатор", "Троя" кинолорун кайталап көрүүдөн тажабайм.
– Сизди “кримчөйрө менен байланышы бар” деп айтышат го?..
– Криминалга эч кандай тиешем жок. Менин дүйнөм спорт жана да спорт.
– Биздин гезиттин "Жылдын супер спортчусу" наамына көрсөтүлгөнсүз. Сайттагы добуш берүү боюнча алдыңкы үчилтиктесиз. Өзүңүздү татыктуумун деп ойлойсузбу?
– Ал жөнүндө эч нерсе деп айта албайм. Добуш бергендер тандасын. Мен алардын ою менен макулмун. Көпчүлүккө баш иебиз да.
– Элдин ою сизди тандабай калса, таарынбайсызбы?
– (Каткырып) Жо-ок! Мен андай жигит эмесмин. Көпчүлүк кимди тандаса, ошого макулмун. Кээ бирлер "мени тойго чакырбай койду" деп ошого деле таарынып басып жүрүшөт го. Менин андайым жок. Менин негизги оюм – жеңиштерге жетишип, элге кубаныч тартуулоо.
– Кыргызстан спорттук өлкөгө айланышы үчүн эмне кылуу керек?
– Ал үчүн спорт өзүнчө бир чоң тармак болушу керек. Ар бир айыл жеринде спорттук залдардын курулушу зарыл. Анан жакшы машыктыруучулар болсо, биз спорттук өлкөгө айланып, өнүгөбүз.
– Маегиңизге рахмат! Келечекте ири жеңиштерди каалайм!
– Рахмат! Сиздерге да ийгилик!


Жылмайып коюңуз!

Журналист Данияр Көбөнов­дон интервью алып жатат:
– Сиз Пушкин, Толстой, Дос­тоевский сыяктуу классиктерди билесизби?
Данияр: – Жо-ок, мен классиктердин баарын тааныйм. Булар классиктер эмес. Сыягы эркин күрөшчүлөр окшойт...

Залкарбек Карабалаев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
03.12.2010. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молочик Данияр сыймыктанабыз.
03.12.2010. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсин Данияр.
03.12.2010. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz!!!
03.12.2010. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик братан!!!
03.12.2010. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наша ГОРДОСТЬ!!!
04.12.2010. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсын кыргызстандын туусун желбирете бер.
04.12.2010. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishinizge iigilik!!
06.12.2010. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не устану повторять что ты супер!возьми меня в жены,ты мне так нравишься
06.12.2010. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Данияр!!!!!ЛОНДОН ОЛИМПИАДАСЫНан Кыргыздын Туусу желбиреп,гимни ойнолсун!!!
07.12.2010. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактылуу окмот ушундай эр-азаматтарыбызды сыйлоону билбейт!!! АЗАМАТСЫН, ДАНИЯР! Аллах женишинди берекелуу кылсын.
07.12.2010. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!менин уулдарым да ушундай чемпион болуп Кыргызстандын атын чыгарса дейм
08.12.2010. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Мамлекет ошентип чечсе, демек, ошондой болуш керек. Көңүл буруп, ошол акчаны берип жатканына да рахмат!" Азаматсын - Данияр Кобонов, биринчиден эр жигит жонокой болуш керек!, анан албетте - ЧЕМПИОН!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо