«БАРКЫҢДЫ БИЛБЕЙ…»

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Жан дүйнө жаңырыгы

– Мен өзгөрдүм, аябай өзгөрдүм. Сен билген, эч бир мыйзамга баш ийбеген, бой көтөрмө, кырс адам эмесмин. Сен жактырган алоолонгон өрт жигит азыр таптакыр башкача абалда. Эсиңдеби, сени таарынтып, катуу айтып ыйлаткан күндөрүм? Өз күчүмдү ошентип билгизгим келчү. Катуу сүйөрүңдү билсем да, мындан да ашык, мындан да берилип сүйүшүңдү каалагам. Ошондо ыйлап жатканыңды сезсем да, обочодон карап туруп басып кетчүмүн. Анткени аркамдан келериңди, кайра эле жарк эте күлүп бетимден өөп, кечирим сураарыңды билчү элем. Сен дайыма келчүсүң. Бирок бир күнү келбей, аркамдан ээрчибей койдуң. Көрсө, бапестеп көздүн карегиндей сактабаса, сүйүү да өчөт экен. Сенин сүйүүңдү өчүрүп алганымды туйбай калдым.
Алгач “мейли, кетсе кете берсин. Кыз деген толтура” дегем. Артыңдан чуркап, түшүндүрүп айтуудан негедир намыстангам. Ичим күйүп, кызганычтан өрттөнүп турсам да ошенткем. Мендеги тозок күндөр сен кеткенден кийин башталды. Мурун эле кыз жандуу жаным кыздан кызды тандап жүрдүм, күлдүм. Канча кыздар колумдан, коюнумдан өттү. Бирок бири да сага окшобойт эле. Өзүм да байкабай сеникиндей келбетти, сеникиндей мүнөздү издедим. Бири да сага окшободу. Көрсө, сен таптакыр башкача экенсиң. Сендей адам бирөө гана экен. Аны сезгенде ого бетер өрттөнүп кеттим. Ичип, мушташып, ата-энемди, бир туугандарымды кыйнадым. Алар кайдан түшүнсүн. Молдо-кожолорго сүйрөп жүрүштү. Аларды кыйнай бербейин деп аракты токтоттум. Бирок жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү боштук ээледи.
Кызык, сен бактылуу болдуң бекен? Мен кандай жакшы адам болуп өзгөргөнүмдү азыр билсең, не дээр элең? Сенден мээримдүү болууну, токтоо болууну, чыдамдуулукту үйрөндүм. Эң башкысы, бирөөгө чын дилден берилгенди үйрөндүм. Эх, баары бир жолукпайбыз. Эрте жолугуп калган экенбиз, эми ойлосом. Өзүмдү ааламдын кожоюну сезип жүргөндө кезиктиң да, баркыңды билбей ажырап калдым.
Сага гана сыр кылып айтайынбы? Мен сени сагындым! Абдан сагындым! Бирок сагынганга акым жок. Анткени сен бир адамдын жубайы, бактылуу балдардын апасысың. Сенин жашооңо киришүүгө акым да жок...

Асылбек

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(28)
03.12.2010. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цените своих близких!!!
03.12.2010. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдо бар алтындын баркы жок деген чында.
04.12.2010. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да,,,баары кеч болгондо тушунушот!
04.12.2010. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aii, kyzyk, menin okuyama okshosh eken, al dagy ushintip kiyin okunot boldu beken? Birok okunbosun kaalar elem, menikinen dagy kuchtuu suyuunu kaalaim.
04.12.2010. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой жанындагынын кадырына жетпей калабыз качан гана алыстаганда билебиз А суйуу болсо кыйын татаал Жигиттер да ушундай кадырын билип сезет экен да Мен жигиттерге бир да ишенбейм алар баары бир гулдон гулго конуп суйуунун баркын билбей жургондор
04.12.2010. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KE4 bolgondon kiin tuwungon jaman da, i4in kuiot.
04.12.2010. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, кобун эсе меникине да окшош экен.
"Бирок бири да сага окшобойт эле. Өзүм да байкабай сеникиндей келбетти, сеникиндей мүнөздү издедим. Бири да сага окшободу. Көрсө, сен таптакыр башкача экенсиң. Сендей адам бирөө гана экен." Кундо мен уккан создор...
Жан дуйномдун тупкурундо мен да ал адамды кутуп келем.
Чыныгы суйуу баарын кечирет дегендей, мен ал адамды эбак кечирип койгом.
04.12.2010. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болуп турат мындайлар бул жашоодо)))
04.12.2010. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да бироону айабай сагындым айабааааааай сагындым кыжалат болбо Бала бааардыгы жакшы болот
04.12.2010. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо озу ушундай да.бири кем дуйно деген ошо
04.12.2010. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башында козун май баскан
03.05.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alpamysch, ha hasyn go
04.12.2010. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da suyup artinan churkadim ele,kancha koz jashimdi toktum ele,chin ele al dagi okunot boldu beken,men ani kechirgem,sagindim ayabaaaaay sagindim,bir ele jolu krgum kelip jatat sirtinan bolso dagi.....
04.12.2010. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушумо дайым киресин,коргум келет, жок дегенде алыстан.Алгачкы суйуум элен. Бирок мен да куноолумун.Кечире алсан кечир мени.
05.12.2010. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кем дуйно дейт баары жакшы болот
06.12.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ушундай татаал таржымалдан турат экен, баш ийбеске айла жок....баардык нерсенин кадырына оз убагында жете билуу керек!!!
06.12.2010. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жигитим дагы ушинтип окунот бекен кийин?Мындан кийин бир дагы балага ишенбейм бутту!
06.12.2010. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде бут эле кидала болгон кыздар го,ошон учун козунорду чооон ачып алданып калбай жургуло кыздар.Жакшы болсонор балдар таштап кетпейт эле силерди.
07.12.2010. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле окунучтуу экен.Байкуш кыз шончолук кыйналыптыр,дагы кичине чыдап аракет кылганда балким бактылуу болушар беле.Бирок ошенткен сайын дагы да курсун которот эле да.
07.12.2010. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар ушинтеп курсун котором деп жатып аягында куру жалак калаарын сезишсе. Кимди канчалык кордосон, озун андан эки эсе кор болосун. Ушуну бил!
09.12.2010. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmm da eto istoriya pro menya((((((((((((
09.12.2010. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тандаган тазка жолугат, много хочешь мало получешь.
10.12.2010. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meninda kadyrymy sezdi beken? kanchalyk azap tartkanymdy.....?
15.12.2010. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тагдырыма окшош экен.
09.07.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да кадырыма жеткен эмес! убакыт кутпойт экен! кечиргин келет бирок ото кеч!!!
11.02.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а менин кадырыма жетип,кечирим сураган,кечиргем....бирок баары кеч болчу,мен аны суйбойм!!!
23.11.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((бечаара
02.01.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men ke4 tuwundum erkekti katuu suibow kerek eken azyr menda jaman abaldamyn.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо