СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1004 4-10-март, 2022-ж.

"АК ШУМКАРЛАР" ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ КАТЫШАТ

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында 25-29-мартта өтө турган “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешине катышат. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганда өлкөсүнүн командалары катышат. Мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалда оюн көрсөтүшөт. Мында жеңген командалар финалда 1-2-орун үчүн, жеңилгендер 3-орун үчүн ат салышат.

ФУТБОЛ. КУРАМГА КИМДЕР ЧАКЫРЫЛДЫ?

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 14-марттан тартып Түркияда окуу-машыгуу өткөрөт. Окуу-машыгуу Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары өткөрүлөт. Машыгууга башкы машыктыруучу Александр Крестинин жалпы 32 оюнчуну чакырган.

Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков («Алга»), Эржан Токотаев («Туран», Казакстан), Руслан Амиров («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»).

Коргоочулар: Валерий Кичин («Енисей», Орусия), Тамирлан Козубаев («Истерн АА», Гонконг), Бекжан Сагынбаев, Александр Мищенко («Дордой»), Кайрат Изаков, Християн Браузман, Данила Сокирченко («Абдыш-Ата»), Айзар Акматов («Шейх Рассел», Бангладеш).

Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхардт, Темирболот Тапаев («Алга»), Турсунали Рустамов, Ахлидин Исраилов («Нефтчи»), Кайрат Жыргалбек уулу («Аксу», Казакстан), Фархат Мусабеков («Туран», Казакстан), Мирбек Ахматалиев (ПДРМ, Малайзия), Алимардон Шүкүров («Неман», Беларусь), Гүлжигит Алыкулов («Кайрат», Казакстан), Одилжон Абдурахманов («Бунёдкор», Өзбекстан), Азим Азаров, Абай Боколеев, Гүлжигит Бөрүбаев («Дордой»), Атай Жумашев («Абдыш-Ата»), Николай Давыдов («Фрайзинг», Германия), Бахтияр Дүйшөбеков («Алай»), Бекназ Алмазбеков («Галатасарай», Түркия).

• Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев («Ченнайин», Индия), Эрнист Батырканов («Абдыш-Ата»), Эльдар Молдожунусов («Нефтчи»).

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ БАШТАЛДЫ

Бишкекте төртүнчү дивизиондун хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу 3-мартта старт алды. Мелдешке Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргыз өлкөсүнүн командалары катышат. Чемпиондук 8-мартка чейин созулат. Командалар бирден айлампа менен оюн өткөрүшөт. Бул Кыргыз тарыхындагы алгачкы жолку хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп саналат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо