Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БИР БҮРКҮМ. ОКТЯБРДА ПЕНСИЯ КӨТӨРҮЛӨТ...
№1005 11-17-март, 2022-ж.
Чүйдүн Лебединовка айылында окуучуну урушкан деп кызматтан кеткен мугалим ишине кайтканы кабарланды.
- Кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 2,7 миллион сом жана 2 миң доллар пара берип жаткан жарандар кармалышты.
- Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
- Улан Жусупов Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландия падышачылыгындагы элчиси болуп дайындалды.
- Ошто 5-март күнү 12 жашар баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.
- Өлкөдө 1 апталык рейдде жол эрежесин бузган 19 814 айдоочу аныкталды.
- 2022-жылдын октябрь айында пенсияны 50 пайызга чейин көтөрүү пландалууда.
- Талас Бегалиев өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Тоолуу аймактардагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
- Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов 45 жаш курагында каза болду.
- Оштун Кара-Суу районунда 6 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды.
- Ноорузга карата Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер 19,20 жана 21-март күндөрү эс алышат.
- 2022-жылдын алгачкы 2 айында өлкөдө пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө
9 миллиард 41 миллион сом жумшалганы айтылды.
- АКШ Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкөн 11 кризистик борборду өнүктүрүүгө 1,1 миллион доллар бөлөт.
- 9-мартта Бишкек-Ош трассасына кар көчкү түштү, жабыркагандар жок.
- Өткөн аптада Нарын дарыясына агып кеткен 8 жашар баланы издөө иштери уланууда.
- 10-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
7 миллиард 977 миллион метр кубду түздү.
- 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,8 миллион адам жашайт, анын 50,4 пайызы аялдар.
- Депутаттар Орусияда жумушсуз калган мекендештерди Кыргызстандагы курулуш компанияларына ишке алыш керектигин айтып чыгышты.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0