СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1007 25-31-март, 2022-ж.

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА НООРУЗ ТУРНИРИ. КИМ КАНДАЙ БАЙГЕ АЛДЫ?

Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 21-март күнү көк бөрү боюнча Нооруз турниринин финалдык беттештери өттү.

Жогорку лигада Таластын «Ынтымак» командасы Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасын 4:1 эсеби менен жеңип алды. Жогорку лигада Бишкектин “Көк-Жал” командасы ордун сактай албай калса, Биринчи лигадагы «Бакубат Талас» командасы “Ийгиликти” 4:1 эсебинде утуп, Жогорку лигага сапар алды. 40 жаштагылар арасында “Сары-Өзөн Чүй” жеңүүчү болду. Жогорку лигада “Ынтымактын” чабуулчусу Майрамбек Рыспеков "Мыкты оюнчу" аталса, “Сары-Өзөндүн” 83 аттуу аты "Мыкты аргымак" деп табылды. Биринчи лигада “Бакубат Таластан” Маданбек Алтынбек уулу “Мыкты оюнчу”, “Ийгиликтин” Таяныч аты “Мыкты аргымак” болду.

Ээлеген орундар жана байгелер:

Жогорку лига:

1-орун – «Ынтымак», Талас облусу –1 000 000 сом

2-орун – «Сары-Өзөн», Чүй облусу – 500 000 сом

3-орун – «Достук», Ош облусу – 250 000 сом

4-орун – «Ала-Тоо», Ош шаары – 125 000 сом

Биринчи лига:

1-орун – «Бакубат Талас», Талас облусу – 200 000 сом

2-орун – «Ийгилик», Талас облусу – 100 000 сом

3-орун – «Жаштык», Жалал-Абад облусу – 50 000 сом

4-орун – «Бакай-Ата Дөөлөт», Талас облусу – 25 000 сом

40 жаштагылар арасында:

1-орун – «Сары-Өзөн Чүй» – 70 000 сом

2-орун – «Талас» – 40 000 сом

3-орун – «Биримдик Ысык-Көл» –25 000 сом

“АК ШУМКАРЛАР” ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ КАТЫШАТ

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында өтө турган “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешин утурлай Өзбекстанга учуп барды. 24-мартта башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинин алдындагы курама "Навбахор" футболдук клубунун базасында алгачкы машыгуусун өттү. 25-мартта "Маркази" стадионунда Өзбекстан курама командасына каршы беттешет. Ушул эле күнү Тажикстан менен Уганданын тайпасы дагы ойнойт. Финал 29-мартта болот.

Белгилей кетсек, "Ак шумкарлар" буга чейин Өзбекстан курама командасы менен жети жолу беттешип, бардыгында Өзбекстан жеңишке жетишкен.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо