№1008 1-7-апрель, 2022-ж.
Кыргызстанда учурда 44 803 кассалык-көзөмөл машина колдонулуп жатат. Бул тууралуу 30-мартта Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Мунун ичинен 22 239у аппараттык ККМ, 22 564ү программалык ККМ аппараты.– ККМ колдонууга милдеттүү тараптарды жергиликтүү салык органына кайрылууга чакырабыз. Учурда ККМдин 2 түрү колдонулуп жатат – аппараттык жана программалык. Аппараттык ККМ – фискалдык эс-тутуму, маалыматтарды онлайн-жөнөтүү модулу бар кадимки кассалык аппарат. Программалык ККМ тиркемесинин 2 түрү бар, алар смартфон, планшет же компьютерге акысыз орнотулат жана аппараттык ККМ аппаратынын жеткиликтүүрөөк альтернативасы. Ишкерлерге кардарлар үчүн чек берүүгө чек чыгаруучу принтер алуу жетиштүү,- деп билдирет Салык кызматы.
Программалык ККМди уюлдук телефонго акысыз орнотуп алууга мүмкүн. Ал эми аппараттык ККМди ККМдерди тейлөө борборлору аркылуу алууга мүмкүн.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |