Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАБАНОВ АГАЛАРЫН ИЙГЕ КЕЛТИРЕ АЛАБЫ?

№423 10-16-декабрь, 2010-жыл.

Мезгил үнү

Үч фракциядан куралган алгачкы коалиция үч күнгө жетпей ыдырады. Бул окуядан кийин президент Роза Отунбаева мурда айтылгандай Өмүрбек Текебаевге эмес, анын адашы Өмүрбек Бабановго парламенттик көпчүлүктү түзүү тизгинин карматты. Эми Өмүрбек мырзанын агаларына тиши өтөбү? Көпчүлүк ушул суроого жооп таппай турат.

“АТА МЕКЕНДИ” АЛДАП, КИЙИН АТТАП КЕТИШТИ
КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынан коалиция куралганын кабарлаганбыз. Тилекке каршы, жаңылык тарап-таркабай жатып, спикерди шайлоо учурунда парламенттик көпчүлүк ыдырап кетти. Эскерте кетсек, 67 депутаттан турган коалициянын ичинен 58и гана Өмүрбек Текебаевди колдоп, 53 эл өкүлү бар азчылыкка дагы алтоо кошулуп, 59 депутат каршы добуш берди. “Текебаевди ким сатты?” деген суроо Ак үйдү аралай Кыргызстанга тарады. “Ата мекенчилердин” өзүнүн лидерине каршы добуш бериши болбогон кеп. КСДП да Текебаевди толугу менен колдогонун билдирди. “Бабановчулардын” ичинен экөө “жумуртканын сасыткысындай” болуп, “жеке пикиринен улам” каршы добуш бергенин айтышкан. Бирок Өмүрбек Бабанов: “Менде коалицияга кирген башка фракциялардын депутаттары деле Текебаевге каршы добуш бергени тууралуу маалымат бар”,- деди.
Бирок Кыргызстан кичинекей эле өлкө эмеспи, кыбыр эткен кыймылдын баары байкалып турат. Ошол эле күнү Ак үйдө "Өмүрбек Текебаевди спикер кылбоо үчүн сырттан 2 миллион доллар бөлүндү" деген күбүр-шыбыр заматта тарап кетти. Бул "жашыл акчаны" коалицияга кирген эле бир фракциянын ичинде каршы добуш бергендер бөлүшүп алганын да узун кулактар айтышты.
Ошентип, бул окуя дым-дым болду. Бирок президент Роза Отунбаеванын буга чейин айтылгандай коалиция курууну Өмүрбек Текебаевге тапшырбай, Бабанов мырзага бергени кызыгууну жаратты.

ҮЧ БУТТАН ТӨРТ БУТКА ӨТТҮК
КСДП менен “Республика” партиялары шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болор замат чогуу иш алып барарын жарыялашкан. Көпчүлүктү куроо сунушу “бабановчуларга” өткөрүлгөн соң кайрадан эле алардын тобуна биринчилерден болуп КСДП кошулууга даярданды. Ушул жерден “Атамбаев акырына жеткире албаган коалицияны Бабанов түзө алабы?” деген суроо туулат.
Чү дегенде эле “Республика” коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө ар бир лидер менен макулдашып отурбай, анын ордуна жумушчу топ түзөрүн айтты. Андан сырткары “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, коалиция үч эмес, жок дегенде төрт партиядан кураларын билдиришти. Керек болсо парламенттик көпчүлүктү үстөлгө салыштырып жиберишип, “үч буттуу эмес, төрт буттуу үстөл бутунда жакшы турат” дешти. Ошентип, эң жаш лидер болгон Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы болгусу келген азуулуу Кулов менен Атамбаев жана “спикер болом” деп шымаланган Текебаев менен Ташиевдин ортосунда чайналып калбай, кантип жол таап кетерин билбей убара. Айтмакчы, акыркы маалыматтар боюнча “Республика” партиясы Жогорку Кеңештеги төрагалык орунду “ата журтчуларга” сунуштаптыр.

ДЕМӨӨРЧҮЛӨР ДА ТОСКООЛ БОЛУШУУДА
Коалицияны түзүү түйшүгү лидерлердин асман чапчыган амбицияларынан улам создугуп, бүгүнкү күндө саясий кризисти жаратууда. Шайлоо 10-октябрда өтсө, Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары 10-ноябрда мандатын алышты, ал эми арадан дагы 20 күн өткөн соң алгачкы коалиция түзүлдү. Бул аралыкта Атамбаев “Ар-намысты” тобуна кошоюн деп чыкканда анын лидери Феликс Кулов “өкмөт башчылыкты бергиле” деп көшөрүп отуруп биригүүдөн баш тартып койду. Ал эми “Ата Мекен” партиясы коалицияга кошулуунун негизги шарты иретинде анын төрагалыгына Өмүрбек Текебаевдин келүү зарылдыгын атаган. Андыктан эртең Өмүрбек Бабанов коалицияга Алмазбек Атамбаев менен Феликс Куловду кошо турган болсо, экөө өкмөт башчылыкты талашары анык. Ачык айтылбаганы менен, негизги тоскоолдукту партиялардын көмүскөдөгү демөөрчүлөрү да жаратууда. Анткени орусиячыл маанайдагы КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партияларынын биригишине бир топ мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми төраганы шайлоо окуясынан кийин “Ата Мекендин” оппозицияга кетип калуу ыктымалдыгы чоң дешүүдө.
Эми кезектеги Бабановдун аракети дагы ишке ашпай калса, анда президент үчүнчүсүндө аралашпайт. Себеби акыркы коалицияны түзүү вазыйпасын парламент өз ара чечет. Анын үмүтү да акталбаса, демек, парламент таркатылат. Ошентип, "баягы эле Мамайдын көрү" демекчи, парламенттик шайлоо башынан өткөрүлөт. Бирок буга көпчүлүгү жеткирбесе керек деп ойлойбуз.

Эльвира Караева
politika@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ПАРЛАМЕНТТЕГИ 5 ЛИДЕРДИН КИМИСИ СИЗДЕ КӨБҮРӨӨК ИШЕНИМ ЖАРАТАТ?

Кумар Жалиев,
24 жашта, спортчу:
– “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин буга чейин аткарган ишине күбө болуп келгем. Башкалардын кыйраткан жумушун көрө элекмин. Андыктан Кыргызстандын өнүккөн келечегин дал ушул адам менен көрө алам.

Айнагүл Көбөгөнова,
52 жашта, эсепчи:
Өмүрбек Текебаевге ишенимим чоң. Ал принципиалдуу киши, өз пикиринен кайтпайт. Мына ушул сапаты мага күчтүү лидер катары көрүнөт. Калган төртөөнө "тойгом". Алар кур сөзү менен тойгузуп келгендер жана уланта беришет.

Рустам Карыбеков,
20 жашта, студент:
Алмазбек Атамбаевге ишенем. Анткени ал экономиканы жакшы билген киши. Учурда экономикабыз аксап турганда мына ушул киши бизди ийгиликке жеткирет дейм. Ага кошумча Феликс Куловго да ишеним артам. Анын сүрү эле бир топ го. Чыныгы эркек да (күлүп)!

Ярмухамбет Сабиров,
43 жашта, мугалим:
– 5 лидердин төртөөсү тең мурунку бийликте иштешкен. Колунан бир нерсе келсе, ошондо эле көрмөкмүн. Менин ишенгеним – Өмүрбек Чиркешович. Анын өжөрлүгү мени таң калтырат. Дал ушул сапаты менен жакшылыкты алып келет деп ишенем.

Аида Эпеева,
23 жашта, студент:
– 5 лидердин ичинен мен Өмүрбек Бабановго ишенем. Ал койгон максатына жетчү инсандардан. Анан да бул кишинин көзүндө "мага ишенгиле" деген жазуу бардай туюла берет.
Күчтүү адамдын илеби уруп турат.

Имамажы Мизамидинов,
55 жашта, айдоочу:
– Кимисине? Эч кимисине ишенбейм. Булардын баары Алла Таала бар экенин унутуп коюшкан. Акчаны баарынан алдыга коюшат. Качан бийликке ыймандуу, Жараткандан корккон башчы келгенде гана ушул суроого ишенимдүү жооп берем.

Замир Казакбаев,
30 жашта, ди-джей:
– Ой, билесиңерби, чынында, эч кимисине ишенбейм. Бирок үмүт деген болуш керек го. Мындай үмүттүн шооласы Өмүрбек Текебаевден гана чачырап тургандай.

Бактыгүл Сокушова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
10.12.2010. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Кытайдан жолдоп жатам Кыргыз калкыма ынтымак, бакубат турмуш каалаймын!
11.12.2010. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси келсе да Кудай ынсап берсин ошонусуна.тынч жашоо каалайм баардыгына.
11.12.2010. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dagi dele bayagi adamdar kelishti biylikke,
Babanov tigi tort ach karishkirlarday emes bolso kerek.....
11.12.2010. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугунку кундо парламенттин торагалыгына Текебаевден башка татыктуу талапкер жок.Себеби жаны системанын негиздоочусу Текебаев.Парламенттик башкаруунун жолун жана эрежелерин Текебаевчелик эч ким тушунбойт.Биздин лидерлер бир бирине болгон таарынычы,коралбастыгы менен озунун жеке бийлигин ойлоп,бириге албай жатышат.Эгер элди ойлосо бир женден кол,бир жакдан баш чыгарышып,эл учун иштешмек.
11.12.2010. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Текебаевди колдойм!
12.12.2010. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жаман ахыбал. мындай ахыбал менен биз коп узабайбызго. бизге бир жакшы лидер керек. азыр нак еле белгиз маршрут киносу болуп калдык.
13.12.2010. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан - атыга эле Кыргызстан болуп калды корунот, же ошол жолго бара жатабыз!
13.12.2010. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев,Текебаев жана дагы Омурбек Текебаев!
13.12.2010. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miya: Tekebaevdi koldoshkon jok emne uchun ekenin tushungon joksunbu,antkeni $ vajnee......
13.12.2010. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфффф чарчатышты... качан бир элди ойлошот... уже эле имиштер айтылууда 3 жылдан кийин "Кыргызстан" деген мамлекет жок болот деп... же булардын баарына мамлекеттин кызыкчылыгы баарыбир би... ?
13.12.2010. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы жанталашып акча берип койсо бирин бири сатмай.. орун талашмай...кудайдан коркпогон чыккынчыларга наалаттт.......
15.12.2010. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Чиркешович КЫРГЫЗ ЭЛИ ар дайым сиз менен!
Чыккынчылар ошентип сатыла беришет,керек болсо оз энесин сатканга да дайар.
15.12.2010. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына ушинтип эле чыккынчылар четтен чыгат.Бабанов бекринен Россияга барбаса керек!Текебаевден башка киши т-уу эмес!
13.01.2011. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary eski kart borylor, Bularga ishenim ech kachan bolboyt! Bizge Kyrgyzstanga Yimanduu Allahtan gana korkkon el uchun kyzmat kyla turgan adamga gana ishenim bolot!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо