-

2023-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда
түз аба каттамы ачылары маалымдалды.
-
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке киргизилген күрөң аюунун терилери табылды.
-
Жээнбек Кулубаев Кыргыздын тышкы иштер министри болуп дайындалды.
-
Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштоого аракет кылган 30 жаштагы келин куткарылганы айтылды.
-
Токтогул районунда баңгизат сатып жаткан жеринен 2 тургун кармалды.
-
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети бекитилди.
-
Кыргызстанда 2022-2025-жылдарга карата адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
-
2023-жылы Монголияда Кыргыз өлкөсүнүн элчилигин ачуу пландалып жатканы айтылды.
-
ИИМ: Жыл башынан бери 2 тоннадан ашуун баңгизат колго түшүрүлдү.
-
Таалатбек Масадыков кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
-
ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
-
Ош шаарында ооруканалардагы бейтаптардын, медицина кызматкерлеринин уюлдук телефондорун уурдап жүрүүгө шектүү жаран кармалды.
-
27-апрелде Жалал-Абад шаарында бош жумушчу орундардын жарманкеси өтүп, анда 300дөй бош жумуш орундары сунушталды.
-
28-апрелде таңга жуук Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Ахматбек Келдибеков 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берди.
-
Айдоочулук күбөлүк алуудагы сынакты оң жагына чечип берүү үчүн жарандан пара талап кылууга шектелип "Унаа" ишканасынын кызматкери кармалды.
-
Оштун Төлөйкөн айылынын тургуну аялын сабаганы үчүн 9 суткага камакка алынганы кабарланды.
-
Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча жарандык активист Роза Маманова күбө катары суракка чакырылды.