ӨЛГӨНДӨРДҮ ӨРТТӨП, КҮЛҮН ЖЕШЕТ

№1013 6-12-май, 2022-ж.

Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган адамдардын жашоосундагы таң калычтуу ырым-жырымдар менен тааныштырууну улантабыз. Шумдугуң кур деп окуп коюңуз.

Өлгөндөрдү өрттөп, күлүн жешет

Бразилиянын түндүгүндө, Венесуэланын түштүгүндө отурукташкан яномама уруусундагы салтка токтололу. Адам өлгөндө анын денесин түрдүү өсүмдүктөр, куштардын канаты менен кооздоп жаап чыгышат. Маркумдун оозуна болсо тамеки салынат. Андан кийин гана жакындары аны жоктоп ыйлап, денесине кайтып келүүсүн айтып ызы-чуу салышат. Өлгөн неме кайтып келмек беле?! Ыйлап-сыктап бүтүп, маркумдун сөөгүн өрттөп жиберишет. Күлү муздаганда күйүп бүтпөй калган сөөктөрдү алып чыгып алачыгына ала кетишет. Бир жумадан кийин ал сөөктү майдалап унга айландырып, күнүмдүк тамак-ашка кошуп жешет.

Арык болсоң күйөөгө тийбей каласың

Көп өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да көпчүлүк кыздар “90-60-90 болушум керек” деп арыкташ үчүн диетадан башы чыкпай жүрөт. Мавритания өлкөсүндө болсо арык кыздарды “түрү суук” деп эсептешет. Мына сага тамаша! Байкуш кыздарга ата-энеси 9 жашынан баштап эле күчтүү, майлуу тамактарды берип башташат. Кыз канчалык көлөмдүү болсо, күйөөсүнүн жүрөгүнөн ошончолук орунга ээ болот дешет. Кызыгы эң көлөмдүү кыздарды алууга байлардын гана алы жетет. Эгер кыз бойго жеткенде жетишерлик салмак топтобосо, анда биз койлорду семиртебиз деп байлагандай эле, кызды бастырбай бир бөлмөгө камап, тамакты ого бетер күчтөп бере башташат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо