Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1014 13-19-май, 2022-ж.

Кыргыз футболчусу Барселонанын курамына кирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан Испаниянын “Барселона” футбол клубунун жаштар курамына кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу төмөнкүлөрдү билдирди:

–Кыргызстандык жаш футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында “Барселона” клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алды. Бул ондогон жана жүздөгөн жаш спортчулар үчүн спорттогу бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алат. Ошондой эле Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футболду алга жылдырууга жана жакшыртууга көмөкчү болот.

Дмитрий Бивол чемпиондук наамын коргоп калды

Токмок шаарында туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Ал дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясы боюнча белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварести 12 раунддун 9унда үстөмдүк кылуу менен жеңип алды. Беттеш 8-майда Лас-Вегаста өттү.

Дмитрий Бивол рингде жеңилип көргөн эмес. 20 кармаштын 11ин нокаут менен уткан жана WBA уюмунун супер чемпиону. Ал бул беттештен кийин салмак категориясына карабастан боксчулардын рейтингинде экинчи сапка чыкты. Буга чейин спортчу рейтингдин 17-сабында болчу. Сауль Альварес төртүнчү саптан орун алды.

Футбол. АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫ БИШКЕКте ӨТӨТ

Футбол боюнча 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын топтук айлампасы 8, 11-июнь жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кыргызстандын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапур командалары менен беттешет.

“Азия кубогу-2023” тандоо турунун оюндарынын жүгүртмөсү:

8-июнь:

Кыргызстан - Сингапур

Тажикстан - Мьянма

11-июнь:

Сингапур - Тажикстан

Мьянма - Кыргызстан

14-июнь

Кыргызстан - Тажикстан

Мьянма – Сингапур


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо