Бурул Бактыбек кызы: «ОЛИГАРХКА ТУРМУШКА ЧЫКПАЙМ»

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

“Супер сулуу-2010”

Сулууга кимдер гана суктанбайт? “Супер сулуу-2010” сынагынын жеңүүчүсү болуп Бурул Бактыбек кызы гезит бетине жарыялангандан бери ашык болгондор редакциябызга чалып, ал тууралуу маалымат берүүнү өтүнүшүүдө. Жеңүүчү баарына ээ дегендей, анда сыйлык, наам жана “Супер-Инфодон” чоң белек да бар. Ал кычыраган кыш күндөрүндө Таиландга барып күнгө кактанып, сууга түшүп эс алып келгени турат.

АНКЕТА
Туулган жери – Жалал-Абад шаары
Туулган жылы – 1992-жыл, 11-апрель
Жашаган жери – Бишкектин Орто-Сай айылы
Бою – 175 см, салмагы – 50 кг
Параметри – 85-65-85
Уюлдук телефонунун үлгүсү – Nokia 6300
Кийинүү стили – Классика
Жактырган түсү – Күлгүн

КЫСКА-НУСКА...
– Алган баалуу белегиң?
– Бүтүрүү кечесинде ата-энемдин 1200 долларлык көйнөк сатып бергени.
– Эң чоң сүйүнүчүң?
– “Супер сулуу” сынагынын жеңүүчүсү болгонум.
– Эң чоң гонорарың?
– 700 сом. Аны кийим көрсөтүүдөн алгам.
– Өзүң акча табасыңбы же ата-энең каржылайбы?
– Иштей элекмин, ата-энем каржылайт.
– Жигитиң барбы?
– Жок.
– Сени эмне капа кылат?
– Өлкөнүн оор абалы.
– Акыркы жолу ким менен бийлегенсиң?
– Бакыт Байсариев менен.
– Бош убактыңда эмне кыласың?
– Бассейнге жана англис тилин үйрөтүүчү курска барам.
– Келбетиңден эмнени өзгөртмөксүң?
– Эч жеримди. Бардык жерим жагат.
– Сенин “баңгизатың”?
Шоколад.

СУЛУУЛАР СЫНАГЫНЫН АЙЛАНАСЫНДА
– Бурул, жеңишиң кут болсун. Жеңиштин даамы кандай экен?
– Ширин. Сөз менен айтып бергис сонун сезим. Жеңгенимди укканымда аябай толкундандым. Толкундоодон ошол жерде эмне сөз сүйлөгөнүм да өзүмө байкалбады. Үйгө барып акыл жыйнап, эмнени сүйлөгөнүмдү эстеп, эң негизги ыраазычылыгымды айтпай калган экем деп кыжалат болдум. Учурдан пайдаланып, “Супер сулуу” сынагынын уюштуруучуларына, “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султановго чоң рахматымды айтып өтөйүн. Алар мага өмүр бою унутулгус белек тартуулашты. Ал – жеңип алган наамым жана чет өлкөгө барып эс алуум.
– Жыл жаңырары менен Таиландга барасың. Буга чейин чет өлкөдө болдуң беле?
– Казакстандын аймагында гана болгом. Негизи, дүйнө кыдыруу кыялым болчу. Бул 18 жаш курагымда аткарыла баштаганына абдан кубанычтамын.
– Сынак сага саякаттан башка эмне берди?
– Өзүмдүн канчалык деңгээлде мыкты экенимди сыноого мүмкүнчүлүк берди. Анан жеңгенден кийин ата-энемдин кубанычын көрүү мен үчүн чексиз бакыт болду.
– Жыйынтык чыккан соң атаандаштардын арасында бул орунду сатып алды сыяктуу кеп айтылды. Буга кандай комментарий бере аласың?
– Жеңилген күрөшкө тойбойт. Түрдүү сөздөрдүн айтылары турган кеп. Мен биринчиликти сатып алган жокмун. Жеңишти мага ыйгаруу калыстардын калыс чечими деп айтам. Бул жеңишке жетүүдө үй-бүлөмдүн ар бир мүчөсүнүн жардамы чоң. Жамиля эжем кандай басуу, эмне деп сүйлөө керек, айтор, мени катуу даярдады.
– Атаандаштарыңа кандай мүнөздөмө бере аласың?
– Баары биринен бири өткөн кыйын, сулуу, мыкты. Мага эжем “атаандаштардан абайла, мен Кытайга барганда сахнага чыгар алдында бирөөлөрдүн кийимин тытып, туфлисинин такасын сындырганга чейин барышкан. Буга да даяр бол” деген. Бирок кыргыз кыздар абийирдүү, акылдуу, ыймандуу андайга барышпады.

ЭЖЕНИ КӨРҮП, СИҢДИ ӨСӨТ
Бурул “менден өткөн бактылуу адам жок. Анткени мен бир тууганга баймын” дейт. Айткандай эле Бурулдун алты бир тууганы бар. Ал үй-бүлөдө төртүнчүсү. Улуу эжелери Наргиза, Айгерим, анан Жамиля. Андан кийин Бурул. Сиңдиси Жаңыл, анан үй-бүлө тилеп, көптөн күткөн иниси Кайрат. Эки эжеси турмушка чыккан. “Эми Жамиля күйөөгө чыкса эле кезек мага келет. Азырынча турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элекмин” дейт. Баса, Жамиля демекчи, ал үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк сулуулук конгресси уюштуруп, Кытайда өткөн сулуулар сынагына катышып, ийгиликке жетишип кайтты. “Эжени көрүп, сиңди өсөт” деген ушул, бали.
Каарманыбыздын теги Таластан, бирок Жалал-Абад шаарында туулган. 2-класска чейин ал жакта окуп, андан соң үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келген. Учурда ББСИТИде 2-курста сырттан окуйт. Келечектеги экономист.

МЫРЗАЛАРДАН КЕП САЛСА
– Кандай мырзаларды идеалдуу деп айта аласың?
– Атама окшош. Анткени атам түшүнүктүү, апамды сыйлаган, урматтаган, үй-бүлөнүн капчыгын толтуруп турган, балдарына мээримин төгүп, керек учурда урушуп тарбияга салган адам.
– Супер сулуунун болочоктогу жан биргесинин келбети кандай болушу керек?
– Бою менден бир топ узун, жашы бир аз улуу. Мисалы, өзүмдөн 10 жаш улуу жигиттер менен такыр сүйлөшө албайм. Ошол эле учурда өзүм менен теңдер да кызыктырбайт.
Кээде кыздар “материалдык байлык маанилүү эмес” дешет, буга мен кошулбайм. Мен жетиштүү жашаш үчүн үстүмдө үйүм, алдымда тулпарым болуш керек. Бул орто жашаган үй-бүлөнүн талабы.
– Абрамович сыяктуу олигарх колуңду сураса эмне кылат элең?
– Андай адамдар аялын алтын тордо камашат. Мен эркин кушмун. Укугумду тебелетүүгө же эркиндигимден ажыратууга чыдабайм. Анын тилин угуп, жеке оюңан айрылып калышың мүмкүн. Буга мен макул болбойт элем.

ЖАКТЫРГАНЫ
– Азыр кыздардын көбү корей сериалдары менен «ооруйт». Сен алардын катарындасыңбы?
– Сериалды жата калып көрөм, бирок эмнегедир корейлердикин көрө элекмин. Бир кезде мексикалык сериалдарды калтырбай көрчүмүн. Мындан тышкары апам экөөбүз индия тасмаларын жакшы көрөбүз. Аны семичке чагып отуруп көрүүдөн ырахат алабыз.

ДОСТОРУ
– Досторуң менен кантип эс аласың?
– 8-класстан бери достошуп келген Жибек, Балнура, Гүлзада жана университетте чогуу окуган Ширин аттуу курбуларым бар. Булар менен бирге кафеге барып, жай музыка ыргагында сүйлөшүп отурууну жактырабыз. Кээде караокеге барып ырдайбыз.
– Курбу кызың экөөңөр бир жигитти жактырып калсаң кимисин тандайсың?
– Мындай окуя жашоодо кезиккендиктен, бул тууралуу сүйлөшкөнбүз. Мага да, сага да жок деп жигитти таштап кетебиз.

АКЧА ЖААТЫНДА
– Бир чемодан евро таап алсаң эмнеге коротмоксуң?
– Оо. Бул жомок го. Бирок чын эле ошондой болсо, кайсы бир бөлүгүн ден соолугун чыңап, дарыланып алсын деп майыптарга бермекмин. Аларды көргөндө дайыма жүрөгүм кысылып, боорум ооруйт. Калганын өзүмдүн жана ата-энемдин кызыкчылыгына сарптамак элем. Киреше алып келүүчү бизнес ачмакмын. Эх, болушунча кыялданып алдым, ээ?

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
17.12.2010. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mucholu kyrgyz kizdarga okwoboit eken, evropeiskui standart bar,murdu kirda4 kyrgyzdyn suluu kizi eken. Alban-alban iugilik saga, bawkisi adamgerchiligingden jazba jana ostur. Finlyandiyadan chong salam
17.12.2010. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул чынында супсулуу экен,куттуктайм!Азаматсынар кыргызымдын сулуулары.
18.12.2010. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ejesi jagyp kaldy!! Byryl toje super!! silerge iigilik
18.12.2010. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwinakay kiz ekensin, Burul jeniwin kut bolsun.Birok seni kirgiz tilinde suyloy albayt dewti oto okunu4tuu...Menin oyum4a bizdin til abdan sonun ukkuluktuu.Bul jili DUYNO SULUUSU 2010 bizden e4 kim kelgen jok abdan kuttuk ele.Uwul konkurs otuu4u jayda bizdin da jelek jelbirep turat.Jalpi kirgiz elime salam Kitay sanya
19.12.2010. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatynakai suluu kyz eken!
19.12.2010. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Айпери деген кыз жаккан болчу абдан, беттинин тузулушу жана кашы жаккан олло, бул кыз кашын абдан ичке кылып терип салыптыр, чийме каш кылып. Кичине естественный кылып тердирсе болмок,ушундай ичке каштарды иттей жаман кором.
19.12.2010. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге жаккан жок, бул кыз только жюрилерге жагып ошолорду жыргатсын, бизге чын журоктон баарыбир!!!!!
21.12.2010. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мышык майга жетпей сасык дептир... болбогулачы! оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун...
21.12.2010. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Симпатичная, но не красавица. Мындан башка ылайыктуусу жок беле кыздардын арасында? Угушума караганда элге жакпаптыр бул кыз, НО калыстарга жагыптыр го. Тан калыштуу... Деги бул жерде да коррупция болуп кеткен жокпу яа? ???
21.12.2010. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uyiu tulpary jok bolsodagy barkyna jetse bolduda
21.12.2010. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага такыр жаккан жок![adm]
21.12.2010. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай жылдызы жок! У нее рост и волосы. [adm]
21.12.2010. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи орунду сатып алганы чын окшоооойййт. А то сулуу деле эмес го.
21.12.2010. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатып алса керек! Бирок бул да кудайдын буйругу да значет болуш керек. Жылдызы жогуна кошулам
21.12.2010. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башынан эле ушул кыз женсе экен деп жаткам. Бурул мага жонокойлугу менен жакты. Озу да татынакай, татыктуу кыз экен.
22.12.2010. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да Айпери жаккан болчу...
22.12.2010. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyk!KGda suluu kyzdarygyz kop,soz jok,No any el betine Garyjalbap,aga berile turgan ak4any andan koro Maiyptarga Gumshasak ne?Bul Synaktyn Maksaty ne degi ozu?SUPER INFO-Baige bolup berile turgan karagatty kaidan alasyzdar?
Suroomo goop bere algandarga 4oon raxmat.Okungonum bizde sozialdyk abal na4ar bolup gatsa,Kerektuu ak4anyn bashka nerselerge Gumshalyp gatkany.
22.12.2010. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jakkan jok ai ushu kyz to4no satyp ele aksa kerek tem bolee ejesi suluular konkursu bojun4a bailanyshtyy turbaiby! strannooooooo
23.12.2010. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул Супердин сулуусу болгонго татыктуу!
23.12.2010. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куудул Жамбыл Камчиев айтмакчы "арабыста коральбастар коп да". Супсулуу эле кыз болуп турат, коральбай жатасынар ээ?!! Хе-хе...
24.12.2010. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
telefonundu berbeisin bi suilosholuk
24.12.2010. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kizdin atasy kirgyz apasy uzbechka. Kichine kezindegi surotun karasanar uzbekterdin ele ozu.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо