АЗАМАТ ТУРДИЕВ

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

«Тамашоунун» таланттары

Кыска тыныгуудан кийин кайрадан “Тамашоунун” таланттары” рубрикасы назарыңыздарда! Сиздер менен “Жигиттер” командасынын сакалчан, Көркөм сүрөт академиясынын эң баткендик жигити, апасынын эркеси Азамат. Дүркүрөгөн кол чабуулар!

Бою – Өзүнөн кичине чоңураак.
Жашы – Жан Клод Ван Даммдан жаш.
Салмагы – Кышында жеңил, жазында жепжеңил.
Лакап аты – Рой Сакалчан Жонс.
Дежур сөзү“Кыйкырба!”
Жактырган машинасы – БМВ үлгүсүндөгү Мерседестин дисктери салынган Гольф 4.
Кумири – Сүймөнкул Чокморов.
Үй-бүлөлүк абалы – Сүйгөнү Чолпондун жигити.
Максаты – Максатты “кидать” этип, азыр Залкар менен дос болуу.
Девизи“Лейлек, Лейлек, Лейлегимди жаман сагындым!”


Жакында “Спартак” стадионунда өспүрүмдөр үчүн “Балдар, урушпагылачы!” деген аталышта тарбиялык концерт болот. Кечени мыкты ырчылар коштойт. Алсак, кызыл бурчта Мирбек Иманбеков, көк бурчта Самат Дөөлөтбаков ырдайт.

Эки достун маегинен:
– Доске, эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Бир кыздын артынан чуркап жүрөм.
– Анан ийгиликтер кандай?
– Жакшы. Чуркоо боюнча Азия чемпиону аталдым.

Данияр Көбөнов Азия оюндарынын алдында көзү ачыкка барган. Көзү ачык ага “кохоро айсуру хитова кохоро кири кихито”, кыргызча айтканда, “жеңилесиң” деген. Анан Данияр Гуанчжоудон келгенден кийин ошол көзү ачыкты кохоро айсуру хитова кохоро кири кихито кылыптыр...

Базарбек Абдураимов
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(3)
17.12.2010. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Азамат!
18.12.2010. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо бул санында жалан АЗАМАТТАР жонундо жазыптыр го...
02.01.2011. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы анекдот жакты!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо