АЗАМАТТАН «КОЁНЕК» САЛАТЫ

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

Дасторкон

Бүгүнкү биздин конок, актёр Азамат Арыков бир нече кинотасмаларда мыкты образ жаратып тим болбостон, ашкана сырларын да өздөштүрүүгө жетишиптир. Ал Жаңы жылга белек болсун деп “Коёнек” салатынын рецебин сунуштайт.

Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 300 грамм
Жумуртка – 4 даана
Сабиз – 2 даана
Грек жаңгагы – 100 грамм
Сыр (катуу) – 100 грамм
Майонез – 200 грамм
Татымына жараша туз, калемпир.
Кооздоо үчүн кытай капустасынын жалбырагы, кара өрүк кагы, укроп, петрушка.

Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин сууга бышырып, узун-узун кылып туурап алабыз. Ал эми сууга бышырылган жумуртка менен сабизди, ошондой эле сырды сүргүчтөн өз-өзүнчө өткөрөбүз.
2. Андан соң грек жаңгагын бычак менен майдалайбыз. Сырдан башкасынын баарына майонез кошуп аралаштырып, аралашмадан коёнектин тулку боюн даярдайбыз.
3. Анын үстүнө сырдан себелеп, кытай капустасынын катуу бөлүгүнөн коёнектин кулагын, кара өрүктөн көзүн жасайбыз.
4. Даяр болгон салатты укроп, петрушка, капуста менен кооздоп дасторконго коё берсеңиздер болот.
Коён жылы сиздерге токчулук, бакыт, ийгилик, тынччылык алып келсин!

“ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ” ТАМАГЫ

Керектелүүчү азыктар:
Кой эти – 600 грамм
Жумуртка – 1 даана
Картошка – 500 грамм
Пияз – 300 грамм
Каймак май – 200 грамм
Кристалик – 1 чай кашык
Томат пастасы
Татымына жараша туз, ар кандай татымалдар.

Даярдоо ыкмасы:
1. Майда тууралган эт менен пиязды жакшылап мыжыга аралаштырып, ага татымына жараша туз, кара мурч, жумуртка, кристалик кошобуз. Бир аз тыныккандан кийин тоголоктоп, кызып турган майга эки жагын кызарта кууруп алабыз да, бир аз суу куюп, бууга бышырабыз.
2. Аарчылган картошканы жууп, сууга бышырып, каймак майдан кошуп пюре жасайбыз.
3. Андан соң пиязды кызарта кууруп, томат пастасы жана суу кошуп соус даярдайбыз. Ар кандай татымалдарды кошобуз.
4. Тарелкага алгач пюрени, анан котлетти салып, үстүнө соустан куюп дасторконго коёбуз.

АЗАМАТТАН КЕҢЕШ

  • Эгер бычактын мизи карарып же дат басып калса, аны лимондун кесими менен сүртүү керек.
  • Бычакты курчутуу алдында тазалап, кургатып алуу зарыл.
  • Болоттон жасалган бычакты ысык суу менен жууганга болбойт.
  • Азыктарды жыгач же пластиктен жасалган тактайчалардын үстүнө кесүү керек. Айнектен жасалган тактайчалар бычакты бат мокотот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
17.12.2010. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ...Азамат!!!!
17.12.2010. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш гоооооооо
17.12.2010. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодееееееец!
17.12.2010. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фантазиясы кучтуу экен!!! Азамат!!!
18.12.2010. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын эн сонун
18.12.2010. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koionek salaty jagyp kaldy :)
Azamat baikenin aialy kandai baktyluu :)
18.12.2010. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ооос тийсем жакшы болот эле!
18.12.2010. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"кристалик" деген эмне?
19.12.2010. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал тамака кошо турган. приправа тунук тузга окшош.
19.12.2010. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке мен сизди суйооооооом!
20.12.2010. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Berkut,чон рахмат
20.12.2010. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет Азамат байкенин суйлошкон кызы барбы?
21.12.2010. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы! Жаны жылга чейин коен салатын жазап коруш керек экен...
21.12.2010. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uraaa!!! U men9 polu4ilos`!!! Rahmat!!!
22.12.2010. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат- мужчина в моем вкусе...а интересно характери кандай болду экен...?
22.12.2010. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан сонун Азамат жаны жылга коен салат таппай аттым эле!
23.12.2010. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ким озу?
23.12.2010. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Арыков деген азыркы чыгып келаткан мыкты актерлордун катарын толуктайт.Ушуну кантип билбейсиз?
23.12.2010. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura azamat arykov bul kyrgyzdyn brat piti desek bolot aiatty ukmush atkargan
10.01.2011. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы эн сонун тамак экен.
13.01.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коенунуз озунчо эле укмуш болуптур мындайды аялдар деле билишпейт болуш керек
23.05.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат так держать мен Кок-Жардан сага чоон салам
16.06.2011. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodetds holodets bul men tulku jonundo aityp bergen bala
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо