«Жаш кыял» элдик бий ансамблинин негиздөөчүсү Анара Чилетирова: «ЖЫЛДЫЗДАР КОКТЕЙЛИНЕН ДААМ ТАТЫҢЫЗ»

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

Концертке келиңиз

Биринчиден, активдүү форумчу, экинчиден, 17 жылдан бери “Жаш кыял” бий ансамблин жетектеп келе жаткан Анара айым виртуалдуу жана чыныгы жашоосу тууралуу кыска баян курат.

Интернет дүйнөсү түрдүү кызыктарга бай. Анын ичинде ­www.super.kg сайтынын «Супер-форуму» талаш жараткан темалары, оригиналдуу ой-пикир жазган колдонуучулары менен өзгөнү кайдигер калтырбайт. Мына ушул форумдун ичинде AeCHka деген активдүү колдонуучу бар. Башында аны көбү лакап атына карап «жаш кыз болсо керек» дешкени менен, форумчулардын жолугушуусунан соң үч баланын энеси экенин билишти. «Супер-форумдун» ошол «мээримдүү апакеси» «жакын арада жаңы жылдык коктейль уюштурам» деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези.
Эмнеге концертти ушундайча атадым? Чыныгы жашоодогу ысымыма караганда виртуалдуу дүйнөдөгү лакап атым популярдуу болуп кеткенинен деле эмес. Анткени AeCHka деген сөздө менин ысымым жана фамилиямдын баш тамгалары бар. Анын үстүнө концертке өзгөчө аталыш берүү кызыгууну жаратты. Кээ бирөө өзүмөн дагы “Аэчка деген ким?” деп сурап калып жатышат.
Баса, AeCHka деген ысымга интернетке тиешеси жок адамдар таң калганы менен, сайттын колдонуучулары өз адамындай эле кабыл алышты. Анткени Анара Чилетирова аталган форумга эки жыл мурун катталган.
Мени эч ким тааныбайт. Бирок ага карабастан, темаларга олуттуу билдирүүлөрдү жазып жүрдүм. Интернетти өздөштүрүүгө форумдагы эле жаш балдар жол көрсөтүп, жардам беришти. “Супер-форумдан” тапкан пайдам бул – сөз байлыгымды байытып алганым болду.
Концерттин жүрүшү азырынча чоң сюрприз болгонуна карабастан, анын сырларынын четин ачты.
“Жаңы жылдык коктейль” деп бекеринен аталбады, анткени башка бир жайда “Коктейль кечеси” болот. Анын кай жерде болору жашыруун, бирок Спорт Ордосу менен ошол жайдын ортосунда телекөпүрө сыяктуу тыгыз байланыш түзүлөт. Концерт улуу муундагы жана жаш ырчылардын аткаруусу, сатира, юмор жана түрдүү стилдеги бийлер менен коштолот. “Куттуу үйдөн кур чыкпайт” демекчи, өзгөчө номерлер үчүн чакан жаңы жылдык белектер берилет. Концертке келген көрүүчүлөрдү жүз пайызга таң калтырып, жакшы маанай менен узатабыз деген оюбуз бар.
Өткөн сандарыбызда форумчулардын жолугушуусу болгонун жазган элек. Мына ошондо форумчулардын бири Алмаз Шаадаев ыр тартуулаган. «Супер-форумдун мээримдүү апасы» наамына ээ болгон Анара чыгармачыл чөйрөнүн адамы болгондуктан, Алмаздын өнөрүнө баа берип, бул жигит менен иштешүүнү чечти. Ошентип, Алмаз “Супер-2010” концертинде “Жаным ай” деген ыры менен чоң сахнага кадам шилтеди. Айтмакчы, www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан жаш ырчынын биринчи ырын угууга болот.
Жаңы жылдын алдында 25-26-декабрда концертти өткөрүп алсам, жаңы жылдан тарта бий жаатындагы чоң долбоорду баштайбыз. Буюрса, келе жаткан жылы “Жаш кыял” бий ансамбли 17ге толот. Учурда ансамблде 300гө жакын кыздар-балдар бийлешет.
Тарыхта оор окуялары менен эсте калуучу 2010-жылды жеңил узатып, жаңы жылды тосуунун алдында жылдыздар коктейлинен “ууртайм” десеңиз, анда Аэчканын концертине кош келиңиз демекчибиз.

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(10)
17.12.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анара эже биз сизди жакшы коробуз! Реалда тапкан жана виртуалда тапкан балдарыныз менен аман-эсен болунуз!!! Келе жаткан жаны-жылыныз менен!!! Жаш кыял бий ансамблинин келечеги кен болсун!!!
17.12.2010. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анара эжеке азаматсызда озу,уюштуруу боюнча Кыргызстанда номер 1-деп сизди белгилейм,форумда да коп нерсе уюштурганынызга там берем.

АЭЧКА эже биздин форумубуздун тоорундо бизге мээрбан эне болуп журо бериниз.Концертинизге ийгилик каалайм,жакшы откоруп алыныз.
17.12.2010. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жана ийгилик!
18.12.2010. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аэчка эжеке дайыма Жаратканым озу колдоп журо берсин!!!Жаны жылда албан-албан ийгиликтерди каалап кетемин чын дилимден!!!Уй-булоолук бакыт,ден-соолугунуз дайыма чын болсун!!!
18.12.2010. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Konsertiniz iygiliktuu otsun, elge jany jyldyk jakshy maanai tartuulaisyz dep oiloim.
18.12.2010. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге албан албай ийгиликтерди каалайм! Концертинизди жакшы откоруп алыныз,Келе жаткан Жаны Жылыныз менен!!!
18.12.2010. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иигилик аечка эже.. концертинизди аншлаг менен откоруп алыныз. алмазды поддержка кылыпсыз анан да нургазыга да барыпсыз чындыгында суперстандын мээримдууу апасысыз дааа
19.12.2010. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса барабыз концертке. Кинцерт ийгиликтуу отсун.
20.12.2010. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аечкадан коктейль деп жарнама кылыватса аечкасы эмне имиш деп тан калгам, корсо ник турбайбы. Мага окшоп билбегендерге жакшыле маалымат экен. Бирок элдин баары эле аечка деп тушунбой отурса керек
22.12.2010. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анара эже сизге ийгилик! Келе жаткан жаны жылыныз менен!!! Концерттериниз аншлаг менен отушун каалайм! Буюрса биз да барып колдоп турууга аракет кылабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо