Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ШЫЛУУНДАРДЫ КИМ КАЧЫРДЫ?

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

Шылуун заман

Редакцияга “Оюн бизнеси” ассоциациясынан кайрылышты. Алар: “Айлабыз кеткенден силерге келдик. Мындай окуя болорун күткөн эмеспиз. Милиция бизди коргобой эле, кылмышкерлерди коргоп калганбы?”- деп сыздап отурушту. Анда сөз башынан болсун.

ТЕРГӨӨЧҮНҮН ТЕСКЕРИ ЖОРУГУ
2010-жылдын 4-декабрь күнү “Мэри Клуб” ЖЧКсынын өкүлдөрү ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Арызда Орусия Федерациясынын үч жаранынын үстүнөн чара көрүү тууралуу өтүнүч жазылган. Алардын айтымында, Геннадий Никитин, Леонид Тарасов жана Дмитрий Михалков (өздөрү көрсөткөн паспорттогу аты-жөндөрү, болжолдорго караганда, аларда дагы башка паспорттор бар) “Мэри Клуб” ЖЧКсынын оюн залында ойношуп, алдамчылык жол менен жалпысынан 20 660 доллар акчаны утуп кетишкен. Рулетка оюнунун жүрүшүндө фишкаларды жең ичинен чыгарып, оюнга кошушкан. Дилер байкабаганы менен, камерага алардын иш-аракети тартылган.
Ошол эле күнү кечке маал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган шектүү үч адам кармалган. Алар сурак учурунда күнөөлөрүн моюнга алышкан. Бул кылмыш иши боюнча бардык материалдар Биринчи Май райондук ИИБине берилген. Иш кылмыштарды каттоо китепчесине да катталган. Ишти тергөөчү, милициянын майору Назира Даирбекова кабыл алган.
Кызыктын баары ал күндүн эртеси башталган. "Оюн бизнеси" ассоциациясынын юрист-кеңешчиси Шаршеев Искендер бул тууралуу минтип баяндайт: "5-декабрь күнү кечки убакта тергөөчү Назира Даирбекова S1688G мамлекеттик номурлуу күлгүн түстөгү Нива машинасына шектүү адамдарды салып, РИИБдин аймагынан алып чыгып кеткен. Документтерин кайрып берип, алардын качып кетүүсүнө көмөк көрсөткөн. Ошол эле кечте муну биз билип калып, тергөөчүгө анын кылган жоругу боюнча кайрылганбыз. Тергөөчү өтө орой түрдө этикалык чектен чыга жооп берип койду".
Андан соң жабырлануучулар Биринчи Май райондук кылмыш иликтөө бөлүмүнө кайрылышкан. Аларга милиция кызматкерлери шектүү деп саналган адамдар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылгандыгын билдиришкен. Жабырлануучу тарап милиция кызматкерлери менен биргеликте мейманканага келгенде, кылмышка шектүү адамдар ал жерден чыгып кетишкени маалым болгон. Милиция кызматкерлери Казакстанга чыга турган “Ак жол” постун жана “Манас” аэропортунун жүргүнчүлөр терминалын жабуу сунушун киргизишкен. Андан кийин иликтөө иштери жүрүп жаткан кезде, оперативдүү маалыматка ылайык, кылмышка шектүү адамдардын экөөсүнүн аты-жөнү Бишкек-Москва рейсиндеги учактын жүргүнчүлөрүнүн тизмесинде бар экени билинген. Аэропортко барган милиция кызматкерлери менен жабырлануучу тарапты жүргүнчүлөр терминалына киргизбей коюшкан. Аба майданындагы УКМК-нын кызматкерлери көрсөтүлгөн сүрөт боюнча учуп кеткен жүргүнчүлөрдүн ичинен кылмышка шектүү адамдардын экөөсүн таанышкан.

НАМЫС КАЙДА?
Өз күнөөлөрүн моюнуна алгандан кийин алардын Кыргызстанда эч кандай мыйзам жок сыяктуу өлкөдөн чыгып кетишин кандай түшүнсө болот? Акылга сыйбаган көрүнүш! Биздин милициядан ар бир эле шектүү адам кылмышын моюнуна алып, андан кийин коштошпой “англисче” кете берсе болобу?
Жабырлануучу тарап менен болгон маегинде бир милиция кызматкери алдамчылыкка шектүүлөрдүн бирөөсү “алдамчылык – биздин оокат. Мындан башка нерсе кыла албайбыз” деп билдиргенин айткан. Мындай билдирүүдөн кийин "шектүүлөрдү коё берүү жалпы эле ИИМдин кадырын, абалын баткакка белчесинен батырып жатпайбы?!" деген ой келет.

СУУ ИЧКЕН КУДУГУНА ТҮКҮРДҮБҮ?
Кыргызстандын “Оюн бизнеси” ассоциациясынын курамына кирген казинолор бир топ жылдардан бери ИИМге материалдык жардам берип келишкен. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик толкундоолор учурунда милиция кызматкерлерин колдоп, жардамын аяган эмес. Ассоциация ИИМге көмөктөшүп, мыйзамсыз кумар оюндары бизнесинин тамыр алып кетишине бөгөт койгон. ИИМдин жообу кандай болду? Мамлекет алдында мыйзамда жазылган милдетин аткарып койгондун ордуна ичкен кудугуна түкүргөндөй эмеспи?
Азыркы кезде ассоциацияга мүчө болгон ЖЧКлар 3 миң адамды жумуш менен камсыз кылат. Бул деген 3 миң үй-бүлөнүн бакубатчылыгы. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, оюн бизнесинен мамлекетке 2010-жылдын ичинде 670 миллион сом салык келип түшкөн. ИИМдин бир жылдык бюджети 1,8 миллиард сомду түзөт. Ошондо бул сумманын жарымына жакынын оюн бизнеси табат экен. Башка өлкөлөрдө оюн бизнесине мамлекет түздөн-түз колдоо көрсөтүп келет. Казинолор бир гана бюджетке түшкөн акча эмес, туристтердин, валюталардын агып келишине өбөлгө түзөт.
Алдамчылардан жапа чеккен ЖЧК түштүктөгү июнь окуяларында милиция кызматкерлерине 500 миң сомдук жардам көрсөткөн. Ушул жылдын эсебинен эле 300 миллион сом салык төккөн.
Эми өлкө казынасын толтуруп келген ишкерлер эмне кылышы керек? Кимден жардам күтүшү керек? Милиция тартип менен мыйзамдын так сакталышын коргошу керек эле го?

СУРООЛОР ТУУЛАТ
Бул окуядан кийин мындай суроолор өзүнөн-өзү туулат. Эмне үчүн тергөөчү шектүүлөрдү коё берди? Алар тергөөчүгө эмнени убада кылышкан? Же жогору жактан көрсөтмө келдиби? Үч шектүүнүн бирөөсү кайда? Тигил экөө акчага кетип, бирөөсү барымтада калганбы?

КЕЧ КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИ
4-декабрдагы окуя боюнча кылмыш иши 9-декабрда гана козголуп отурат. Анда да шектүүлөрдүн кылмышы видеотасмадан анык көрүнүп тургандан кийин. Азыр Биринчи Май райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү менен козголгон кылмыш иши Биринчи Май райондук ИИБинде тергелип жатат.
Ал эми тергөөчү Назира Дайырбекованын кылган ишин ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы иликтеп жатат. Жыйынтыгын дагы билдиребиз, окурман.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
17.12.2010. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казино болгондон киин, видео наблюдатель козун албай карап олтуруш керек болчу да. Колго тушкон балыкты кайра коюп жибергенден киин кылычынды ташка чапканын бекер, поезд ухал.
18.12.2010. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tushunboym da kanttip oshoncho akcha utturgancha karap olturushkniin anan unchukpay ele tolop da bergenin ... Kizik ee ...
18.12.2010. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Militsya kyzmatkerleri aram oluwotko,jantalawyp akchasyn alyp kachyrgany emnesi? emi alar ozdorun choiotda kyrgyzdaryn koi eken aldangany az kelgensip militsyalaryna akcha bersek jon ele koio beriwet eken dep.:( degi biz onolobuzbu je jokpu?
19.12.2010. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uj luchshe by sdohli li by eti russkie, ya tak ih nenaviju!!!!!!
19.12.2010. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir kundo andai ak4adan kan4a jolu sanalyp berilet, bul alarga janylyk dele emes da...
19.12.2010. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанбыз да, айла жок!
19.12.2010. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Nasha militsia nas berejet"
Kyrgyzcha varianty:
"Bizdin militsia,bizdi aldap,korkutup akcha tabat"
20.12.2010. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу негизи казинолорду жок кылыш керек кыргызстандан. канча элдердин каргышына калып жатат ошол казинолор. мисалга; менин досум кундо 26000$ берип чыккан ошол казиного бир жолу алдырыпкойуп эле жаман ыйлашыптырго !!!
20.12.2010. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ баягы эле кыргызча тупизммм...тиги тергоочу акчага сатылып чыгарып жибергендир...кайсы мамлекет казинолордун кызыкчылыгын коргойт экен..?кызык.? россия.., казакстанда ж.б олколордо туп орду менен жок кылып атышат го...
20.12.2010. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казинолор мамлекетке салык толоп пайда алып келбей канчалаган зыян алып келет...бул шайтандын ойуну...жанагы бийлик соройлор папке талашпай баштарын иштетип кыргызстандын келечегин ойлоп...туризмди ж.б каны онуктуруп...экономиканы которушсун...
21.12.2010. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit tuura aitasyz menda koshulam sizdin oiunuzga
21.12.2010. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aldamchylyk bizdin ookat dese silerchi ozunordu bilsener kazinonun ichindegi baardygy aram akchago milisya larga kelsek alardyn kylygy janylyk emes
22.12.2010. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ ал казинодогулар канча акча таап жатканын биз уч уктасак дагы тушубузго кирбейт, бир убакта казинодо да иштеп калгам, азыркы, мурунку политиктердин баары ойношот, мин доллар эмес, жуз миндеп акча ойноп, утулгандар бар арасында! бир эле киргенде кем дегенде 5-10 мин доллар таштап чыккан политиктер бар. жон эле ойноп кетип калышса гана, мас болуп, согунуп, кыздарга тийишип, СБ менен мушташып, коркутуп, уркутуп, короче иттигин корсотуп кетишет политиктерибиз((((, азыр новости коруп калсам эле,
22.12.2010. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы политиктерди коруп алып, кыжырым келет, анткени телевизордон байкуш болуп, элдин камы учун куйуп бышканы менен тункусун Бишкекти сапырып, иттигин корсотуп журушот! адам копкондо козун май басып калат деген чын, алар оздорунон башкасынын баарын адам катары деле эсептешпейт!
22.12.2010. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казинодогу бир эрежени айтып кетейинчи, ар бир дилер созсуз утушу керек! эгер утулуп баратса, кайра кайра кызыктырып, жаны оюн баштай берет, бизде иштеген бир кыз 6 мин доллар утулуп калып, тил угуп, эртеси эле башка игроктордон чогултуп, утуп берген... кыздар демекчи, официант кыздардын униформасы ар казинодо ар кандай болот, плей бойдун зайчиктери барго, ошого окшош болот кобунчосунуку((( кыргыздын эле кыздарынын жарым жыланач болуп жургонун коруп, башында, жаман болгом. алардын формасы, повед
22.12.2010. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
поведениеси доступная кыздардыкындай болушу керек((( мен билгенден казинолорду кобунчосу корейлер иштетишет, турктор дагы бар.
22.12.2010. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар бул жерде милициялар абдан туура эмес кылыптыр. Казиночулардын ордунда башка мээнет менен иштеп жаткан ишкер болсо эмне болмок. Ойлонуп корсонуздор. Казиного асылбай, мамлекттик органдын кылган ишин айтпайсынарбы... Анан да, жазылып турбайбы 670 млн салык тогулгон деп. Жамандаганыбыз менен казынабыздын кобу казино, арак-шарап, тамеки менен толуп жатпайбы. Орусияга окшоп нефтибиз жок.
02.10.2011. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Duulat ошол сен айткан акча мамлекетин казынасына тушуп атат деп ойлойсунбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо