Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЧИНДЕ ЖОЛ КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН КАНДАЙ КИЙИНҮҮ КЕРЕК?

№1016 27-май-2-июнь, 2022-ж.

Мектепте түштөн кийин окуган окуучулар кеч күздө жана кышкысын сабактан каш карайганда чыгышат. Ошондой эле ар түрдүү кесипте иштегендер кээде жумушунда кармалып, түн киргенде чыгат. Мындай кезде жолдон өтүүдө айдоочу кокустан байкабай сүзүп кетпеши үчүн кандай өңдөгү кийимдерди кийсе болот? Ушул тууралуу кеп козгойбуз.

Кеч күздө жана кышта адамдар, анын ичинде балдар күңүрт өңдөгү, мисалы, сыя көк, кара, күрөң, каралжын түстөгү кийимдерди көп кийишет. Бирок жайында деле күңүрт кийинип алчулар бар. Жолдо өтүп бараткан же жол четинде турган адамдын кийими канчалык күңүрт болсо, айдоочунун аны байкашы кыйын, айрым учурда байкабай да калат, кеч көрөт. Бул жол кырсыгынын болушун шартташы мүмкүн. Эгер жолдо өтүп бараткан бала болсо, анын бою да кичине болуп байкоого, көрүүгө кыйын. Айрым айдоочулар жол эрежесин бузуп айдай турганын айтсак, күңүрт кийимдин залакасы чоң. Ал эми адам канчалык ачык түстөгү кийим кийсе, аны айдоочу батыраак көрөт жана жол кырсыгы болбойт.

Жамгырлуу сезондо жана кышында жолдун сыйгалак учурларында автоунаалардын дароо токтошу кыйын, алар бир нече метр сүрүлүп барып токтойт. Ушундай кезде күңүрт кийинүү жол кырсыгына кабылуу коркунучун көбөйтөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо