Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№1017 3-9-июнь, 2022-ж.

Балбандар эл аралык турнирде күч сынашууда

Казакстандын Алматы шаарында 2-июнь күнү “Болат Турлыханов кубогу” эл аралык турнири старт алды. Анда эркин, грек-рим, кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар күч сынашат. Бул турнир 5-июнга чейин созулат.

Грек-рим күрөшү боюнча 12 балбан жөнөтүлгөн:

Куттубек Абдыкерим уулу – 60 килограмм;

Жоламан Шаршенбеков – 63 килограмм;

Дастан Кадыров – 63 килограмм;

Амантур Исмаилов – 67 килограмм;

Калмурат Ибрагимов – 67 килограмм;

Калы Сулайманов – 67 килограмм;

Ренат Ильяз уулу – 77 килограмм;

Калидин Асыкеев – 82 килограмм;

Акжол Махмудов – 82 килограмм;

Мелис Айтбеков – 87 килограмм;

Атабек Азисбеков – 87 килограмм;

Бексултан Махмудов – 97 килограмм.

Алгачкы күнү килем үстүнө чыккан Жоламан Шаршенбеков Дастан Кадыров, Атабек Азисбеков, Куттубек Абдыкерим уулу, Мелис Айтбеков, Калы Сулайманов жана Калмурат Ибрагимов жеңилүү ызасын тартып калышса, 67 килограмм салмактагы Амантур Исмаилов жарым финалга чыкты.

Эркин күрөш боюнча 7 балбан намыс талашат:

Абдымалик Карачов – 57 килограмм;

Улукбек Жолдошбеков – 61 килограмм;

Бекболот Мырзаназар уулу – 61 килограмм;

Алибек Осмонов – 70 килограмм;

Эрназар Акматалиев – 70 килограмм;

Саякбай Усупов – 79 килограмм;

Арсалан Будажапов – 79 килограмм;

Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы гана турнирге катышат. Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова Монголиядагы Азия чемпиондугунан кийин ден соолугун калыбына келтирип жаткандыгына байланыштуу бул турнирге катышпайт.

Ошто футбол боюнча эл аралык турнир өтүп жатат

Ош шаарында биринчи жолу футбол боюнча "Мэр кубогу-2022" эл аралык мелдеши болот. Турнир Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, 2-июнь күнү башталып, 5-июнга чейин созулат.

Мелдешке Оштун "Алай", Кочкор-Атанын "Нефтчи", Ташкенттин "Бунёдкор", Андижандын "Андижан" футболдук клубдары катышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо