№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.
Жылдыздар турмушунан
Элибиз салтка бекем келет эмеспи. Салтыбызга жараша каадабыз да бар. Мисалы, жаңы келген келин кайын ата, кайын энесине тик карабайт. Чайды ылдый карап сунат. Деги койчу, санай берсек көп. Биздин жылдыз келиндер жаңы келгенде кандай окуяларга кабылышты экен?
Гүлзинат Суранчиева:
“ЖУУРУГАН КАМЫРЫМДЫ
КАЙНЕНЕМДЕН КАТКАМ”
– Кайненем азербайжан улутунан эмеспи. Тамакты сонун жасайт. Ошондон улам айылда той-топур кайненемсиз өтпөйт. Ал барып дасторконго баш-көз болуп берет. Жаңы келин болуп барганда кайненемдин тамак-ашты кыйын жасаарын билип апкаарып, мурун үйдөн жасап жүргөндөрүмдү да окшоштура албай калдым. Айт күнү кайненем, кайын сиңдим экөө мага «боорсокко камыр жууруп кой» дешип базарга кетишкен. Элестет, түш болду камырым былтыйып көтөрүлбөйт. Жаным чыккан боюнча аны итке салып, экинчи чараны жууруп салдым. Камырды, негизи, үйдөн кыйын эле жуурчумун. Экинчиси Кудай жалгап ачыптыр. Бир убакта кайын сиңдим сыртка чыгып эле каткырып кирди. Кайненем дагы эмне болду деп карап калды. Көрсө, бир чара камырды ит жебей коюптур. Кайын сиңдиме көзүмдү кысып, «апама айтпа» деп ишарат бердим. Ал түшүнүп, кайненеме эч нерсе айткан жок. Анан акырын иттин алдындагы камырды өзүнчө баштыкка салып, көчөдөгү таштандыга таштап келгем.
Назми:
“КАЗДЫ ТУУРАП, КАРГАНЫН БУТУ
СЫНЫПТЫР БОЛГОМ”
– Мен жаңы келин болуп барганда Орусияда иштеп жүргөн абысыным келди. Анын келин болуп келгенине он жылдан ашкан. Карасам, жоолугун шарфтай ичке ороп туруп сонун салынып алыптыр. Көзүмө ушунчалык кооз көрүндү. Анан мен дагы жоолугумду ошентип ороп туруп салынып алдым. Кайненем, кайнатам баары дасторкондо отурушат. Чай куюп жатсам эле жолдошум көзү менен жоолугумду көрсөтөт же мен түшүнбөйм. Чай ичилип бүткөндөн кийин гана жолдошумдан жаңы келген келин төбөсүн көрсөтүп жоолук салынбасын билгем.
Сайра Момунбаева:
“КАЙНАТАМДЫН СӨЗҮНӨ
ТЕРИГИП ЫЙЛАГАМ”
– Мени ала качып кетишкен. Чоочун бүлөгө көнө албай аябай кыйналдым. Кылган ишимден кынтык табышпаса экен деп жаным тынбайт. Кайненемдин да көзү өтүп кеткен экен. Бир үйдө жолдошум, кайнатам, анан мен. Бир күнү туугандарыбыз шаардан келип калды. Алар «кандайсыңар?» десе эле кайнатам «үч күндөн бери ачкамын» деп жатпайбы. Кечинде жолдошум келгенде арызданып ыйладым. Кантип капа болбойм, күнүгө түрлөп эки маал тамак жасап берип жатсам деле үч күндөн бери ачкамын деп жатса. Көрсө, кайнатамдын төл сөзү бар экен. Эмне болсо эле тамашалап ушинтип айта берерин кайдан билем? Ошентип, кайнатамды 3 күн ачка койгом.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
анын эмеси уят ачык эле айтып кайра жууруса...
zulya.туура айтыпсын ошентип ойлошот