КИЙИМДЕГИ ТАМАК-АШТЫН ТАГЫН КАНТИП КЕТИРҮҮ КЕРЕК?

№1018 10-16-июнь, 2022-ж.

БАНАН

Кийимиңизге банандын тагы түшсө, 1 аш кашык сода, 1 аш кашык уксуска 100 граммдай суу кошуп аралаштырыңыз. Чүпүрөктү даяр аралашмага суулап алып, кийимдеги такты сүртүңүз. Так кеткенден кийин ал кийимиңизди жылуу сууга салып жууп коюңуз.

КАРАГАТ

Карагаттын тагын уксус менен кетирүүгө болот. Коопсуздук үчүн колуңузга резина мээлей кийип алыңыз. Кебезди уксуска малып, чүпүрөктөгү такты кайра-кайра сүртүңүз да, аягында жылуу сууга чайкап коюңуз.

КЫЗЫЛ ШАРАП

Жакшы көргөн көйнөгүңүзгө кызыл шарап төгүп алсаңыз, төмөндөгү иш-аракеттерди жасап көрүңүз. 1 стакан сууга 2 грамм лимон кычкылын аралаштырып, ага кебез малып шараптын тагын кетиргенге аракет кылыңыз. Ал да болбосо суутек перекисине нашатырь спиртин (ар биринен 1 чай кашыктан) кошуп сүртүп көрүңүз. Аягында муздак сууга жууп салыңыз.

КОФЕ

Кофенин тагына да нашатырь спирти менен глицериндин (1 чай кашыктан) жана 1 стакан суунун аралашмасы жардамга келет. Спонжду аралашмага салып, кийимдеги такты кетиргенге аракет кылыңыз.

ЖАШЫЛЧАЛАР

Кийимиңиз жашыл өңгө боёлуп калса, 1 литр сууга 1 аш кашык нашатырь спиртин аралаштырыңыз. Аралашмага так болгон чүпүрөктү малып, бир аз жышыңыз да, муздак сууга жууп салыңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо