Азамат Исмаилов: «ЭКИ СҮЙГӨНҮМ ТЕҢ ТАШТАП КЕТКЕН, СЫВОЛУЧТАР!»

№424 17-23-декабрь, 2010-жыл.

Азамат Исмаилов “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2010-жылдын супер куудулу” наамын жеңип алды. “Тамашоу” долбоорундагы “Жигиттер” командасынын капитаны Азамат өз жүзүн калың элге тасма жана кызыктуу сатиралар аркылуу да тааныта алды. Бул жигитте билинбегени менен көп өнөр бар экени байкалат.

«МЕН ЖАНА МЕН»

  • Толук аты-жөнүм – Исмаилов Азамат Искендерович.
  • Жашым – 25теги кыздардан 2 жаш кичүүмүн.
  • Үй-бүлөлүк абалым – Ыйлап жатат. Көз жашымды аарчыган кыздар болсо кана?
  • Жакшы көргөн тамагым – Төрт бармак. Рецебин айта кетсем, беш бармактыкындай эле, бирок азыраак.
  • Боюм – Сүйүнчү, 163 эле, 164 болду! Рахмат, Кудай.
  • Фобиям – Мастар.
  • Девизим – Чалынып жыгылдыңбы, күбүнүп, чуркап кет!
  • Кайдан кийинем – Обу жоктонбой эле “Ош базар”, “Дордойдон”.
  • Мен саякаттаган жерлер – Төкөлдөш, Аламүдүн, Кудайберген, Ак-Ордо.

– Азамат, кыргызбыз да, биринчи эле ата-тегин сурап киребиз...
– Мен Нарында төрөлүп, Кочкордо жүрүп, Бишкекте жашап калгам. Бабам – айтылуу манасчы Шапак Рысмендеев. Чоң атам болсо айылда башкарма, чоң энем тарбиячы, таятам Кулбалдиев Бейшенаалы чоң комузчу, таенем мугалим болгон кишилер. Ата-энем экөө тең врач. Агам да врач. Эжем экөөбүз сүрөтчүбүз.
– Бабаң манасчы, таятаң комузчу болсо, анда алардын өнөр­лөрү сага өткөн турбайбы?
– Ошондой окшойт. Кичине кезимде мен да "Манас" айтчумун. Кайдан укканымды эстей албайм, бирок “манасчылардын түшүнө аян бергенде гана "Манас" айтат экен” деген сөз кулагыма сиңип калыптыр. Түшүмө аян берүү кайдан дейсиз, мен да балдарга “түшүмө Манас атабыз кирет, ошон үчүн "Манас" айтам” деп “урдуруп” койчумун. "Манас" айтып акча, момпосуйду көп эле тапкам. Азыр чоңоюп калгандан кийин ал өнөрүм калып, ишим сүрөт тартуу, ыр жазуу, сатира жаратуу, тасмага тартылуу болуп калды.
– Нарындык балакай жаштайынан эле куудул беле?
– Башка бөбөктөр эмгектейт го, мен жамбаштап жылчу экем дебейимби. Чоң энемдин колунда чоңойдум. Шааргүл чоң энем мага жомок айтып берип отуруп өзү уктап калчу. Мен болсо чапанына оронуп алып, “апа, уктабай жомок айтып бериңизчи” деп тынчын алчу элем. Негизи эле жомок чоң дүйнөнү ачып берет турбайбы. Жомоктогу жаратылышты, каармандарды көз алдыма элестетип жүрүп эле чоңоюп кеттим. Ооба, үйдө анча-мынча куудулданып койчумун.
– Өзүңдү мүнөздөп берсең.
– Мүнөзүм жоош. Таң калбаңыз, чын эле жоошмун, бирөө менен урушканга, ага карата жооп айтканга деле маш эмесмин. Бирок өтө “шустрый” баламын. Ошон үчүн атам мени “таш мылтык” дейт.
– Чымыны барлар мектептен эле өнөрүн көрсөтүп баштайт...
– 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окудум. Азыр Көркөм сүрөт академиясында 4-курста окуйм. Мектептеги кезден баштап майрамдарда ырдап-чоордомой... Биздин класс интермедияларды өзүбүз ойлоп тапчубуз. Мисалы, ырларды, пародияларды аткарчубуз. Сүрөт окуу жайында жүргөндө талантымды Улан деген байке байкап калып, “Баш аламан” деген кино тартылып жатат, кастингге барып көрбөйсүңбү?” деп калды. Аталган тасмада 1-курстун балдарынан чоңдорго акча өндүрүп берген бандит баланын ролун ойногом.
– Көпүрөнүн алдына балдарды тизип, укмуш акча өндүргөн бала сен белең?
– Ооба. Ошондо чындап берилип ойногом да. Себеби ал кезде жатаканада жашагандыктан, кинодогу ролум студенттик турмушта кездешчү. Түн ичинде уктап жатсаң, өзүңдөн жогорку курстун балдары келип, 50 тыйын карматып “эртең мына бул акчага нан, жумуртка жана башкаларды алып келесиң. Кайтарымынын кереги жок, өзүңө алып кал” деп шылдыңдашчу. 50 тыйынга эмне келет? Ур-токмок жегиче, алып берип кутуласың да.
– Анан ошол тасмадан кийин белгилүү болуп кеттиң...
– Анча маани бербейин десем деле бою кичине адам тез көрүнөт экен, кинодогу сөздөрүмдү айтышып, дароо эле күбүр-шыбыр болуп кетти. Ошол кинодон кийин тамашалуу “Кызыкча” берүүсүнө чакырышты. Анда да ар кандай күлкүлүү ролдорду аткардым. Мындан башка “Баш аламан – 2”, “Байланыш” тасмаларына тартылдым. Кийин “Тамашоуну” угуп, бир группанын балдары топтолуп “Жигиттер” деген команда түздүк. Биздин Көркөм сүрөт академия "Жигиттер" командасын, ой, укмуш "колдойт", чоң рахмат.
– Куудул Назира Жетигенованы “өкүл апам” дейсиң...
– Назира эже “Тамашоудо” калыстар тобунда да. Эже “KG 77” командасындагы Зияшты, анан мени жакшы көрөт экен. Ошондон улам кышкы фестивалда “Гүлнур эже айтты шашяфам, Назира эже болсо менин өкүл апам” деп тамашалагам. Ал “боевая”, шаңдуу, шайыр жүрөт го. Мүнөзүбүз окшош. Балким, чындап Назира эжени өкүл апа коёмун.
– “Тамашоунун” балдары тойлордун көркүн уят сөз, обу жок тамашалары менен бузууда” дешет.
– Долбоордо 200 команда бар. Кээ бир жаш командалар байкабай, тойлордо туура эмес тамашаларды коюшу мүмкүн. Эки жылдан бери “Достук” командасындагы Санжар экөөбүз тойлордо тамадалык кылып, жаштарга, улууларга коюлчу тамашаларды билип эле калдык. Эгерде бизден катачылык кетсе, кечирим сурайбыз.
– Дайыма эле күлкү коштоп жү­рө бербейт да, кээде түнөрө түш­көн кез болобу?
– Чоң апам кайтыш болгондо кайгырдым. Бишкекке жаңы көчүп келгенде аябай эле кыйналдык. Каткан нан менен карандай суу ичкен күндөр деле өттү.
– Ыр дептериңди карасам, сүйүү темасында орус, кыргыз тилинде жазган ырларың бар экен.
– 8-класста классташымды жакшы көрчүмүн. Сүйүүмдү билдирсем, “башымды оорутуп жибердиң, бар кетчи” деди. Романтикмин. Колго жасалган ар кандай белектерди берчүмүн, аны деле баалабады. 2-курста экинчи сүйүүмө жолуктум. Башында ал кыз өзү биринчи “Азамат, достон да жакын адам болуп калдың” деп СМС жазчу. Менден эки жаш улуу экенине карабай, күндөрдүн биринде эле сүйүп калыпмын. Бир күнү “сен да мени сүйөсүң, мен да сени сүйөм. Кыз-жигит бололу” дедим. Ал болсо “кечирип кой, кыз-жигит болбойбуз” деп шагымды сындырган. Ошентип, эки сүйгөнүм тең таштап кеткен, сыволучтар, тамаша! Азыр деле кыздар менен жүрөм, бирок ошондогу сүйүү сезимдери жок.
– Амина деген кыз ар бир оюнда белек берчү болду го сага, эмне белек берет?
– Амина менин эле эмес, “Тамашоунун” күйөрманы. Берген “Сникерси” өлө жагат, тамшанып жейм го, тамшанып.
– Тамашакөй жигитке кандай кыздар жагат?
– Мүнөзү түшүнүктүү, ишеничтен чыкпаган, ичип-чекпеген, жалжактап сүйлөбөгөн кыздар жагат.
– “Супер куудул” наамын алганда ким биринчи болуп куттуктады?
– Эрмек Нурбаев, Арслан Ибрагимов, анан досторум. Андан кийин ата-энем, байкем, жеңем, эжем куттукташты. Ата-энем мени менен сыймыктанарын сыртынан билгизишпейт, ичинен сүйүнүшөт.
Сендей уул менен жакын­дарың эле эмес, талантыңды баа­ла­гандар да сыймыктанат. Ишиң­де ийгилик болсун!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Азамат Исмаилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(47)
18.12.2010. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат чынында эле азамат жигитсин,боорду эзесин,Тамашоуга Жигиттер командасы учун эле барам.
SUPER.KG видео
18.12.2010. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сурөтчү же комузчу эле болсо жакшы болчудай,аябай деле күлдүрө албайт.
SUPER.KG видео
18.12.2010. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын "АЗАМАТ"!!! Биздин кыздарды жакшы эле мактапсын!!Ийгилик сага!
SUPER.KG видео
18.12.2010. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chtok krasvchik................. 5-
SUPER.KG видео
19.12.2010. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaksi bala okshoyt, iygilik!!!!
20.12.2010. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Искендерович, ийгилик Сизге!!! Бар болунуз!
20.12.2010. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде!!!! талантыныз оркундой берсин!!! ата энениздин жана кыргыз элинин бактына ар дайым бар болун!!! ИЙГИЛИК!!!
20.12.2010. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага, менин жердешим экенсин!
20.12.2010. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ар дайым бар бол...! менин да жердещим экенсин....
21.12.2010. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аранардан биринер да журналистке алкыш айтпаптырсынар. Азаматсын Бурул! иштерине ийгилик ;)
21.12.2010. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызды Азаматтай жигиттерден айрыбасын, оркунун осуп, элибиздин намысын бек корго. Анан жылдыз оорусуна чалдыкпай, жонокой жигит бол! Эл баскан жерди басып,кыргыздын атагын чыгар!
22.12.2010. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Bardyr meni kutkon Tugoium,taagdyr tataal menda any Kutoiun"degendei bir kunu bolboso bir kunu 4ynygy Suiuugo golugasyz,Garatkanym E4kimdi galgyz koibos.Sizge okshogon Gigitteribiz koboio bersin....
22.12.2010. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, азаматсын!
SUPER.KG видео
24.12.2010. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!!!
SUPER.KG видео
24.12.2010. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uvajauy brat!!!
SUPER.KG видео
25.12.2010. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Azados) тамаша тушунбосон жазбай эле кой да!
SUPER.KG видео
25.12.2010. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Азамат соз жок азамат экенсин !!!
келечегин кен , йгилигин чон жана бактын чексиз болсун !
SUPER.KG видео
28.12.2010. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat azamat bala eken! Kurura kyrgyz bala ekenin dalildep jalan gana kyrgyz tilinde suilogonu kubandyrat. Birok maga super tv-nyn bul interv'iunu tuzgonu jakkan jok. Jyldyzdardy surakta oturgansiytpai suroo berip jatkan adam dele kadrga kirip, jyldyzdyn janynda oltursa bolmok, oshondo suroolorgo joop berip atkan adam da ozun yngailuurak sezmek, kop tolkundanbai.
Oshondoi ele, dagy alyp baruuchuga sozsuz turdo mikrofon kerek, aiabai nachar ugulup jatty surooloru.
SUPER.KG видео
28.12.2010. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat negizi saga maktaganga soz jetpeit super +5 alga krasavchik
SUPER.KG видео
05.01.2011. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат бул жетишкендик саган чек эмес. Алдыдагы жылдарда коптогон ийгтлтктерди багындыр деп Акуна-Матата
14.01.2011. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде азамат,
25.01.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын онорун оркундой берсин.Ийгилик
27.01.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат атына затын жарашкан кыргызымдын жигити экенсин сага чон-чон ийгилик каалайм жигитке 70 онор аздык кылат дейт дагы онорлорунду элине тартуулап журо бер. Бар бол, бактылуу бол!
SUPER.KG видео
02.02.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эпчил тырышчаак жигит экен! Иштеринизге ийгилик Азамат атына заты жараша
SUPER.KG видео
01.04.2011. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат талантуу бала экен аткарган ролдору да жакшы ийгилик
03.04.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Азамат!!!! Онорун оркундосун!!
SUPER.KG видео
26.05.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бала ээ
SUPER.KG видео
04.06.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичине колдоп койсо кыргызстандагы жакшы куудул болгудай бирок орусиядагы квн ге неге барышпады экен
SUPER.KG видео
22.07.2011. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик кодо
SUPER.KG видео
27.10.2011. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун жакшы кармап,жакшы суйлойт экен. Болгону кечке шакегинди ары бери бурай бергенин эле болбосо.Мен озумчо эле уялып колунду карабаганга аракет кылып коруп отурдум.Талантын бар,Кыргыздын патриот жигиттеринен экенине баа бердим Азаматсын Азамат!!!ИЙГИЛИК КААЛАЙМ!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо