КОМПЬЮТЕРДИН МОНИТОРУН КАНТИП ТАЗАЛАШ КЕРЕК?

№1020 24-30-июнь, 2022-ж.

Байкасаңыз, компьютер, ноутбуктардын экранындагы тактар кетпей калат. Кантип кетирүү керек?

1. Мониторду тазалаардан мурун компьютерди өчүрүп, розеткадан сууруп салыңыз.

2. Фланель чүпүрөгүн суулап алып ноутбук же компьютердин мониторунан башка жерлерин сүртүңүз.

3. Мониторду сүртүү үчүн түксүз микрофибра майлыгы жардамга келет. Кандай майлык десеңиз, кадимки көз айнек тазалаган чүпүрөктөр. Чүпүрөк кургак кезинде монитордун чаңын сүртүңүз. Андан кийин курамына спирт кошулбаган спрейди экранга чачасыз. Чүпүрөк менен экранды жогорудан ылдыйды көздөй тегиз аарчып алыңыз. Эгер түксүз микрофибра майлыгыңыз жок болсо, анда атайын компьютерлердин экранын тазалоочу нымдуу салфеткалар бар.

4. Ноутбук, компьютерлердин экраны өтө жука экенин унутпаңыз. Кичине басым кылсаңыз эле иштен чыгат. Андыктан экрандагы такты жышып кетирем деген ойдон алыс болуңуз.

5. Монитордун бурчтарына кир толуп калса аны учтуу тырмак же ийне менен чукулап тазалаганга да тыюу салынат. Башына кебез оролгон кулак чукугуч менен тазалаңыз. Анда да кир чыкпай жатса кичинекей балдардын мурдун тазалаган спринцовка колдонуңуз.

Эскертүү! Ноутбук тазалаган каражаттардын курамында спирт болбошу керек. Спирт бар каражат колдонсоңуз монитордун күндөн, жарыктан, ультрафиолет нурларынан коргоочу плёнкасы эрип, экрандан көрсөтүлүүчү нерселердин сапатына терс таасирин тийгизет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо