№1021 1-7-июль, 2022-ж.
Жети-Өгүз районунда мектеп окуучулары мектеп директорунун орун басарын сабап салышты. Маалыматты 30-июнда Ысык-Көл облустук милициясы тастыктады. Маалыматка таянсак, окуя 19-июнда болгон. 25 жаштагы завуч Саруу айылындагы орто мектептин окуучулары сабап салганын айтып ооруканага кайрылган. Оорукана милицияга маалымат берген. Жабырлануучу учурда ооруканада, тийиштүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.
Жабырлануучунун айтымында, 10-класстын окуучуларын экскурсияга жибербей койгону үчүн аны сабап салышкан.
Окуя “бейбаштык” беренеси боюнча каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 17 жаштагы 5 жигит кармалганы айтылды"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |