Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЙЫЛ БАНК» ААКсы Баткен облусун өнүктүрүү үчүн 0 пайыздан 3 пайызга чейинки кредиттерди бере баштады

№1022 8-14-июль, 2022-ж.

«Айыл Банк» ачык акционердик коому “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча кредиттерди бере баштады.

КРЕДИТТИ СУНУШТОО ШАРТЫ

Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдар, чакан жана орто бизнестин субъектилери.

КРЕДИТТИН БАГЫТТАЛЫШЫ

Айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялар тармагында иш алып баргандар.

КРЕДИТТИН СУММАСЫ

Айыл чарбаны өнүктүрүүгө, туризмге 1 000 000 сомго чейин;

Айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, транспортко, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга, соода-логистикалык борборлорго жана жашылча сактоочу жайларга, инновациялык ишке (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө, маалыматтык технологиялар тармагында иш алып баргандарга
10 000 000 сомго чейин;

Соодага, кызмат көрсөтүүгө 5 000 000 сомго чейин;

Билим берүүгө 1 500 000 сомго чейин.

МӨӨНӨТҮ

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, туризмге, транспортко, коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө, соодага, кызмат көрсөтүүгө, билим берүүгө 3 жылга чейин.

Айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга, соода-логистикалык борборлорго жана жашылча сактоочу жайларга, инновациялык ишке (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), маалыматтык технологиялар тармагында иш алып баргандарга 5 жылга чейин.

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНИ

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, туризмге, транспортко, коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө, соодага, кызмат көрсөтүүгө, билим берүүгө жылына пайызсыз.

Айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга, соода-логистикалык борборлорго жана жашылча сактоочу жайларга, инновациялык ишке (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), маалыматтык технологиялар тармагында иш алып баргандарга биринчи 3 жылга пайызсыз, кийинки 2 жылга жылдык 3 пайыз менен.

КРЕДИТ БОЮНЧА КАМСЫЗДОО

300 000 сомго чейинки кредиттер күрөөсүз 18 айга берилет.

300 000 сомдон жогору күрөө талап кылынат.

Кошумча суроолор боюнча маалыматты банктын аймактык филиалдарынан же сайтынан (www.ab.kg) алсаңыздар болот. Ошондой эле төмөндөгү телефондорго кайрыла аласыздар:

0312 68 00 00; 0556 68 00 00;

0222 68 00 00; 0707 68 00 00


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо